КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-январындагы № 20-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-июнундагы № 344-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2022-жылдын 27-январы № 33-р
1. Төмөнкүлөр дайындалсын:
- Кыргыз Республикасынын финансы министри Евразия өнүктүрүү банкынын кенешинде жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун кенешинде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары (тышкы блокту тейлөөчү) Евразия өнүктүрүү банкынын кенешинде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу екүлүнүн орун басары болуп.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-июнундагы № 344-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 79-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия өнүктүрүү банкына жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондуна ушул тескеменин 1-пунктунда аталган өкүлдөрдүн дайындалгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
Төрага | А. У. Жапаров |