РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-февралындагы № 47-т «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына сояны экспорттоого карата фитосанитардык талаптар жөнүндө» тескемеси

Редакцияот 04.02.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 4-февралы № 47-т

Өлкөнүн экспорттук потенциалын жана ата мекендик продукциянын дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында:

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына сояны экспорттоого карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протоколдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.

 

 

Төрага

А.У. Жапаров

 

 Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына сояны экспорттоого карата фитосанитардык талаптар жөнүндө ПРОТОКОЛ

Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына сояны коопсуз экспорттоо жана ДСУнун санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу жонүндө макулдашуусунун фитосанитардык тобокелдиктерин жана принциптерин тандоонун натыйжасында Кытай Эл Республикасында айыл чарбасынын жана экологиянын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги (мындан ары - Министрлик) жана Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы (мындан ары - КЭР БББ) пикир алмашып жана Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн соя үчүн фитосанитардык талаптар боюнча келишүүлөргө төмөнкүдөй жетишти.

Бул Протокол фитосанитардык талаптарга гана тиешелүү. Кытайдын тамак-аш азыктарынын жана тоюттардын коопсуздугуна жана сапатына тиешелүү башка стандарттары, талаптары кыргыз соясына да жайылтылат, бирок ушул Протоколдун чегинен тышкары чыгат.

1-берене.

Соя (Glycine max (L.) Merr., соя буурчактары) бул Протоколдо Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана Кытай Эл Республикасына себүү үчүн эмес, иштетүү үчүн экспорттолуучу соя даны жөнүндө айтылат.

2-берене.

Кытай Эл Республикасына ташылып чыгуучу соя тиешелүү мыйзамдарга, ченемдик укуктук актыларга жана Кытай Эл Республикасынын өсүмдүктөрүн техникалык жана карантиндик контролдоо боюнча фитосанитардык коопсуздук стандарттарынын талаптарына ылайык келиши керек жана ушул Протоколдун тиркемесинде келтирилген карантиндик зыяндуу организмдер, мындан тышкары тирүү курт-кумурскалар, топурак, жалбырактар, сабактар жана башка өсүмдүктөрдүн калдыктары камтылбашы керек жана атайылап башка дандар же аралашмалар кошулбоого жана аралаштырылбоого тийиш.

Кытай Эл Республикасына соя жабык контейнерлерде экспорттолууга тийиш.

3-берене.

Министрлик Кытай Эл Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн карантиндик зыяндуу организмдердин жайылуу даражасын азайтуу үчүн зыянкечтер менен күрөшүү боюнча комплекстүү иш-чараларды иштеп чыгат жана соянын тиешелүү өндүрүштөрүн киргизүү чараларын көрөт. КЭР БББнын суроо-талабы боюнча Министрлик жогоруда көрсөтүлгөн маалыматты берүүгө тийиш.

4-берене.

Министрлик сояны чогултуу, иштетүү, сактоо жана ташуу процессинде электен өткөрүү, тазалоо, дезинфекциялоо сыяктуу натыйжалуу чараларды көрүү үчүн соя өндүрүшүн контролдоого тийиш.

5-берене.

Кытай Эл Республикасына сояны экспорттоочулар жана өндүрүүчүлөр Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органында жана алардын кытайдын инспекция жана карантин шарттары боюнча шайкештигин камсыз кылуу үчүн КЭР БББда каттоодон өтүшү керек. Министрлик КЭР БББга экспорттоочулардын жана өндүрүүчүлөрдүн тизмесин алдын ала билдирүүгө тийиш.

6-берене.

Министрлик Кытай Эл Республикасына экспорттоого чейин соя буурчагына фитосанитардык контроль жүргүзүүсү тийиш. Ушул Протоколдо көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген партия үчүн Министрлик "Партия Кытай Эл Республикасына сояны экспорттоо үчүн Фитосанитардык талаптардын протоколуна ылайык келет жана Кытай Эл Республикасында кооптонууну пайда кылуучу карантиндик зыяндуу организмдерди камтыбайт" деген кошумча декларацияны камтыган жана катталган экспорттоочулардын жана бул партияга тиешелүү кампа ишканаларынын аталышын же кодун көрсөтүү менен фитосанитардык сертификат берет. Экспорттоого багытталган соядагы тирүү курт-кумурскаларды жок кылуу үчүн Кытай Эл Республикасына ташып чыгуунун алдында фумигация жүргүзүлүп, ал эми фумигациялык тазалоонун көрсөткүчтөрү фитосанитардык сертификатта көрсөтүлүшү керек.

Кытай Эл Республикасынын кирүү пунктуна партия келгенде фитосанитардык сертификаттын аныктыгын текшерүү үчүн Министрлик КЭР БББга жарактуу фитосанитардык сертификаттын үлгүсүн алдын ала бериши керек.

7-берене.

Соода контрагына кол коюлганга чейин соя импорттоочулар КЭР БББга билдирмени берүүгө жана импортко уруксат алууга тийиш. Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу соя текшерилүүгө жана кытай тарабынан белгиленген жөнгө салуучу участоктордо карантинге жайгаштырылууга тийиш жана белгиленген объекттерде иштетилиши керек; аны иштетүү, ташуу, сактоо Кытай Эл Республикасынын тиешелүү фитосанитардык талаптарына шайкеш келүүгө тийиш, ал иштетилбестен рынокко жүгүртүүгө түз чыгарылбайт.

8-берене.

Кыргыз Республикасынан келген соя Кытай Эл Республикасынын кирүү пунктуна келгенде, КЭР БББ инспекциялайт жана карантин жүргүзөт.

Эгерде Кытай Эл Республикасы үчүн мааниге ээ болгон кандайдыр бир карантиндик зыяндуу организмдер табылса, жүк натыйжалуу иштетилгенден кийин киргизүүгө уруксат берилет. Натыйжалуу иштетилбесе, жүк кайтарылууга же жок кылынууга тийиш.

Олуттуу учурларда КЭР БББ соянын Кыргыз Республикасынын аны менен байланышкан экспорттоочуларынан жана кампа ишканаларынан, аны менен байланышкан өндүрүш аймактарынан же ал тургай бардык өндүрүштүк аянттарынан Министрлик натыйжалуу чараларды көргөндүгүн КЭР БББ ырастаганга чейин импортун токтотот.

9-берене.

Министрлик Кыргыз Республикасында соя буурчактарында жаңы зыяндуу организмдердин пайда болушу жөнүндө жана алар менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө отчетторду жазып, КЭР БББга кечиктирбестен билдирүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу соянын карантиндик фитосанитардык проблемалары келип чыкканда, эки тарап тең техникалык консультациялар аркылуу аларды чечүүгө макулдашат. Зарыл болгон учурда, Министрликтин жардамы менен КЭР БББ жеринде изилдөө жүргүзүү, зыянкечтер менен каршы күрөшүүнү баалоо жана карантинди башкаруу үчүн өсүмдүктөрдүн карантини боюнча кызмат адамдарын Кыргыз Республикасына жөнөтөт.

10-берене.

Сояны соодалоо башталгандан эки жыл өткөндөн кийин КЭР БББ Министрликтин көмөктөшүүсү менен Кыргыз Республикасында зыяндуу организмдердин пайда болгон жана алардын Кытай Эл Республикасынын кирүү пунктунда табылган кырдаалдын негизинде ушул Протоколду ишке ашыруу боюнча текшерүү жүргүзөт.

11-берене.

Ушул Протоколду чечмелөөдөн же колдонуудан келип чыккан бардык талаш-тартыштар Тараптардын ортосундагы консультациялар же сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.

12-берене.

Ушул Протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жылдын ичинде колдонулат. Эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапка ушул Протоколго өзгөртүү киргизүү же колдонууну токтотуу ниети жөнүндө ушул Протоколдун мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде алты ай мурда билдирбесе, ушул Протоколдун колдонуу мөөнөтү кийинки беш жылга автоматтык түрдө узартылат. Ушул Протоколдун колдонуу мөөнөтүнүн ичинде жүзөгө ашырылуучу программалар, эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, алар аяктаганга чейин анын жоболору менен жөнгө салынууга тийиш.

Муну күбөлөндүрүп, Тараптардын тиешелүү түрдө ыйгарым укуктуу болгон өкүлдөрү 20 _____-жылдын "____" ________________ ушул Протоколго кыргыз, орус, кытай жана англис тилдеринде эки нускада кол коюшту. Бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Протоколдун жоболорун талкуулоого байланыштуу талаш-тартыштар келип чыккан учурда, Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылышат.

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги үчүн

 

Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы үчүн

 

 

 

Тиркеме

 

КЭР үчүн зыяндуу организмдердин тизмеси:

1. Буурчакчыл шиштумшук (Sitona lineatus же Sitona erinitus);

2. Марокко чегирткеси (Dociostaurus maroccanus);

3. Сыя псевдомонас (Pseudomonas syringae);

4. Вертициллездук соолуу (Verticillium albo-atrum);

5. Вертициллездук вилт (Verticillium dahliae);

6. Ич алдыруучу крушина (Rhamnus cathartica L.);

7. Талаа чырмоогу (Cuscuta campestris).