Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 56-т тескемесине) |
Тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун тартиби маалыматтарды, анын ичинде тышкы экономикалык иштин катышуучулары (мындан ары - ТЭИ катышуучулары) тарабынан бажы органдарына берилүүчү болжолдуу маалыматтарды чогултуу жана талдоо тартибин камтыйт, санитардык-эпидемиологиялык, фитосанитардык жана ветеринардык контролдонууга тийиш болгон товарларды жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жана Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бажы чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарында, анын ичинде бажы операциялары жүргүзүлгөн жерлерде транспорттук контролдонууга тийиш болгон транспорт каражаттарын (мындан ары - объекттерди) мамлекеттик транспорттук, санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик фитосанитардык жана ветеринардык контролдоону (мындан ары - мамлекеттик контролдоо) жүзөгө ашырууда тобокелдиктерди башкаруу системасын (мындан ары - ТБС) башкарууга, ишке ашырууга жана андан ары өркүндөтүүгө бирдиктүү мамилени белгилейт.
2. Ушул Тартипте каралган иш-чараларды ишке ашырууну Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги (мындан ары - мамлекеттик контролдоочу органдар) жүзөгө ашырат.
2. Аныктамалар
3. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) объект - санитардык-эпидемиологиялык, фитосанитардык жана ветеринардык контролдонууга тийиш болгон товарлар жана транспорттук контролдонууга тийиш болгон транспорт каражаттары;
2) тобокелдик - мамлекеттик контролдоо талаптарын аткарбоо ыктымалдуулугу;
3) тобокелдиктерди баалоо - тобокелдиктин келип чыгуу мүмкүндүгүн жана ал келип чыккан учурда мыйзам бузуулардын кесепеттерин системалуу түрдө аныктоо, ал талдоонун математикалык, статистикалык жана ыктымалдуулук методдорун колдонуу менен иштелип чыккан тобокелдиктин чөйрөлөрүн жана индикаторлорун аныктоонун алгоритмдерин колдонуу менен жүзөгө ашырылат;
4) тобокелдик-категорияларга бөлүү - мамлекеттик контролду бузуунун ыктымалдуулугун баалоого жараша ТЭИ объекттерин жана катышуучуларын тобокелдик деңгээлдеринин категориялары боюнча бөлүштүрүү;
5) тобокелдик профили - тобокелдик чөйрөсү, тобокелдик индикаторлору жөнүндө маалыматтардын жыйындысы, ошондой эле тобокелдиктерди болтурбоо же минималдаштыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрүү тууралуу көрсөтмөлөр;
6) тобокелдик индикатору - алдын ала берилген параметрлери менен белгилүү критерийлер, алардан четтөө же шайкеш келүү контролдоо объектисин тандоону жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет;
7) тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралар - мамлекеттик контролдун талаптарын бузууларды аныктоого жана болтурбоого багытталган белгилүү бир иш-аракеттер.
3. Тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуунун максаттары
4. Мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууда ТБСны ишке киргизүү жана колдонуу төмөнкү максаттарга жетүүгө багытталган:
1) Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык стандарттарды жана макулдашууларды эске алуу менен мамлекеттик контроль жаатындагы ЕАЭБ укугун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу;
2) мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик контролдоочу органдары тарабынан ТБСны ишке ашырууга бирдиктүү мамилени камсыз кылуу;
3) бажы органдарынын МС менен интеграцияланган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик контролдоочу органдарында маалыматтык системаларды (мындан ары - МС) иштеп чыгууну жана киргизүүнү камсыз кылуу;
4) мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууну тездетүү жана объекттерди өткөрүүнү жөнөкөйлөтүү үчүн шарттарды түзүү.
4. Тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуунун милдеттери
5. ТБСны колдонуунун милдеттери мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруунун бардык деңгээлдеринде тобокелдиктерди башкаруу процессин ишке ашырууну карайт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ушул Тартиптин 4-пунктунда каралган максаттарды эске алуу менен мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууда тобокелдиктерди башкаруу боюнча ишти пландоону жана уюштурууну;
2) тобокелдиктерди идентификациялоо, талдоо жана деңгээлин аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды чогултууну жана талдоону (мындан ары - тобокелдиктерди баалоо);
3) мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууда тобокелдиктерди баалоо методдорун тандоону;
4) тобокелдиктерге комплекстүү жана үзгүлтүксүз баалоону жүзөгө ашырууну жана мамлекеттик контролдоочу органдарда атайын МС колдонууну;
5) тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгууну жана колдонууну;
6) ТБСны өркүндөтүү максатында тобокелдиктерди башкаруу процессинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону;
7) мамлекеттик контролдоочу органдардын ресурстарын оптималдуу пайдаланууну камсыз кылуу.
6. Тобокелдиктерди башкаруу процессин ишке ашыруу мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик контролдоочу органдарынын функциялары
7. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик контролдоочу органдары мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууда ТБСны колдонот жана төмөнкү функциялардын аткарылышын камсыз кылат:
1) мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууда ТБСны бир түрдүү колдонууну камсыз кылуу;
2) ТБСны колдонууну пландоо, уюштуруу, натыйжалуулугун контролдоо жана баалоо боюнча ишти камсыз кылуу;
3) маалыматты чогултуу жана иштеп чыгуу, тобокелдикти баалоону жүргүзүү;
4) тобокелдик профилдерин иштеп чыгуу, колдонуу жана актуалдаштыруу (өзгөртүү);
5) мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууда ТБСны колдонуунун натыйжаларына жана объекттерди ташып келүүдө тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды колдонуу боюнча чечимдерди иштеп чыгуу үчүн кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтарга мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
6) ТБСнын иштөөсүн камсыз кылуучу МСти иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана пайдалануу, МСти түзүү жана модернизациялоо боюнча сунуштарды даярдоо;
7) ТБСны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
6. Тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун тартиби
8. Тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун тартиби өзүнө маалыматтарды чогултууну жана талдоону, тобокелдиктин профилдерин жана индикаторлорун иштеп чыгууну, ТБСны колдонуунун натыйжаларына мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону, ТБС боюнча МСти пайдаланууну, ошондой эле ТБСти өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну камтыйт. Аталган чаралар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик контролдоочу органдары тарабынан аткарылат жана МС жана маалыматты берүүнүн, сактоонун жана иштеп чыгуунун электрондук ыкмаларына, ошондой эле аларды камсыз кылуу каражаттарына негизделген заманбап технологияларды колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
9. ТБСнын маалыматтык ресурстарын түзүү үчүн маалыматтарды, анын ичинде ТЭИ катышуучулары тарабынан бажы органдарына берилүүчү болжолдуу маалыматтарды чогултуу төмөнкү булактардан жүзөгө ашырылат:
1) ТЭИ катышуучулары тарабынан бажы органдарына берилүүчү болжолдуу маалыматтар;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик контролдоочу органдарынын МСинде камтылган маалыматтар;
3) Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынан алынган маалыматтар;
4) Евразия экономикалык комиссиясынан (НЭК), ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн жана үчүнчү өлкөлөрдөн алынган маалыматтар;
5) эл аралык уюмдардан алынган маалыматтар;
6) башка расмий маалымат булактары.
10. Маалыматты талдоо чогултулган маалыматты иштеп чыгуу, анын ичинде эсепке алуу, системалаштыруу, актуалдаштыруу, кайра түзүү жана сактоо жолу менен жүргүзүлөт. Маалыматты кайра түзүү алынган маалыматты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик контролдоочу органдарынын жана бажы органдарынын МСинде колдонулган форматка жана түргө келтирүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Маалыматты сактоо алынган маалыматты тобокелдиктерди баалоодо аны кийин пайдалануу мүмкүндүгүн камсыз кылуучу өзгөрүүсүз абалда кармоо жолу менен ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик контролдоочу органдары менен бажы органдарынын ортосунда маалымат алмашуу ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн бирдиктүү системасын пайдалануу менен электрондук түрдө ведомстволор аралык байланыш каналдары боюнча алардын МС пайдалануусу менен жүзөгө ашырылат.
11. Мамлекеттик, коммерциялык, банктык, салыктык же мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды жана башка купуя маалыматтарды эсепке алуу, системалаштыруу, актуалдаштыруу, кайра түзүү жана сактоо, ошондой эле мындай маалыматтар менен башка операцияларды жасоо ЕАЭБ укугун түзүүчү актыларга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
12. ТБСнын иштөөсүн камсыз кылуучу МСте камтылган маалыматтарга жетүү маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды, маалыматты пайдалануудагы чектөөлөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
13. Чогулган жана иштелип чыккан маалыматтарды талдоо тобокелдиктерди идентификациялоо, талдоо жана деңгээлин аныктоо максатында жүргүзүлөт. Маалыматты талдоодо мамлекеттик контролдоочу органдарынын МС колдонулат. Тобокелдик аныкталган учурда аны баалоо жүзөгө ашырылат. Тобокелдикти баалоонун натыйжасы тобокелдик профилин иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат.
14. Тобокелдиктин профилдеринин жана индикаторлорунун мазмуну Кыргыз Республикасынын мамлекеттик контролдоочу органдарынын кызматкерлеринин пайдалануусу үчүн арналган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, башка жактарга ачыкка чыгарылбай тургай купуя маалымат болуп саналат. Ачык маалыматтарга кирген маалыматтар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик контролдоочу органдарынын расмий сайттарында жарыяланат.
15. Тобокелдик профилдери төмөнкүлөрдү эске алуу менен иштелип чыгат:
1) ЕАЭБ укугунун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында ТЭИ объекттерине жана катышуучуларына карата мамлекеттик контролдун талаптарын колдонууну;
2) мамлекеттик контролдонууга тийиш болгон продукциянын тизмелерине ылайык объекттин аталыштарын;
3) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2021-жылдын 14-сентябрындагы № 80 "Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү Товардык номенклатурасын жана Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифин бекитүү жөнүндө, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин айрым чечимдерин өзгөртүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" чечими менен бекитилген ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү Товардык номенклатурасы боюнча объекттин кодун;
4) объекттердин чыгарылышын, объекттерди жөнөтүүчү жана багытталган өлкөлөрдү;
5) объекттерди даярдоочу жөнүндө маалыматтарды;
6) даярдоочу тарабынан өндүрүлгөн, мурда ташылып келген объекттерди мамлекеттик контролдун натыйжаларын;
7) ЕАЭБтин техникалык регламенттеринин (Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин) талаптарына же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алкагында, ошондой эле көрсөтүлгөн объекттерге карата баалоонун (экспертиза) натыйжаларын эске алуу менен бекитилген мамлекеттик контролдонууга тийиш болгон объекттерге карата талаптарга аныкталган шайкеш эместиктер жөнүндө маалыматтарды;
8) объекттердин ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде мамлекеттик контролдун талаптарына шайкештигин ырастоочу документтер жөнүндө маалыматтарды;
9) экспортер өлкөдө объекттерди экспорттоочу уюмдар жөнүндө маалыматтарды (бар болсо);
10) ЕАЭБге жана Кыргыз Республикасына объекттерди импорттоочу уюмдар жөнүндө маалыматтарды (бар болсо);
11) объекттерди ташууну жүзөгө ашыруучу уюмдар жөнүндө жана объекттерди алуучулар жөнүндө маалыматтарды (мурда ташылып келинген объекттер жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде көрсөтүлгөн объекттерди мамлекеттик контролдоонун натыйжаларын);
12) мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан аныкталган тартипке ылайык мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан алынган болжолдуу маалыматтарды.
16. Тобокелдиктерди аныктоону автоматташтыруунун даражасына жараша төмөнкү тобокелдик профилдери аныкталат:
1) кызматкерлердин катышуусуз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик контролдоочу органдарынын маалыматтык системалары тарабынан автоматтык режимде аныкталуучу, электрондук түрдө жөнөтүлгөн тобокелдиктер (мындан ары - автоматташтырылган тобокелдик профилдери);
2) кийин аларды МСке киргизүү менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик контролдоочу органдарынын кызматкерлери тарабынан аныкталуучу, электрондук түрдө жөнөтүлгөн тобокелдиктин айрым формалдуу эмес индикаторлорун камтыган тобокелдиктер (мындан ары - автоматташтырылган тобокелдик профилдери);
3) кийин аларды МСке киргизүү менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик контролдоочу органдарынын кызматкерлери тарабынан аныкталуучу, кагаз жүзүндө жөнөтүлгөн айрым формалдуу эмес индикаторлорду камтыган тобокелдиктер (мындан ары - автоматташтырылбаган тобокелдик профилдери).
17. Контролду жүргүзүү үчүн ТЭИ объекттерин жана катышуучуларын тандоо төмөнкү тобокелдик индикаторлорунун негизинде жүзөгө ашырылат:
1) түзүү алгоритми негизделген, анын ичинде коммерциялык, транспорттук (ташуу) документтерде камтылган маалыматтарга негизделген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик контролдоочу органдарынын МСинде автоматтык режимде аныкталуучу (белгилүү болуучу);
2) МСти колдонбостон ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн көрсөткүчтөргө жана учурларга ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик контролдоочу органдарынын кызматкерлери тарабынан өз алдынча аныкталуучу.
18. Тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды көрүү максатында мамлекеттик контролдоочу органдар ТЭИ объекттерин жана катышуучуларын тобокелдиктин төмөнкү, орто жана жогорку деңгээлдеги категорияларына киргизүү жолу менен категорияларга бөлүштүрө алышат. Тобокелдиктин төмөнкү, орто жана жогорку деңгээлдеги категорияларына киргизүүнүн тартиби жана критерийлери мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан аныкталат.
19. Тобокелдиктерди башкаруу боюнча чаралардын негизинде мамлекеттик контролдоочу органдар ушул Тартипке ылайык маалыматтык системаны колдонуу менен ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу транспорт каражаттарын, товарларды жана жаныбарларды өткөрүүгө уруксат берүү же тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алат. Маалыматтык системасы үзгүлтүккө учураганда мамлекеттик контролдоочу орган документтерге тиешелүү штамптарды (оттисктерди) коюу же маалыматтык системага кийин киргизүү менен тиешелүү актыларды түзүү жолу менен чечим (жазуу жүзүндө) кабыл алат.