Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 10-февралы № 56-т
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн белгилөө, бажы операцияларын жасоону тездетүү жана бажылык контролдоону жүргүзүүнү оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 572 "Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү жана опурталдарды башкаруу боюнча чараларды ишке ашыруу жөнүндө" токтомунун 4-пунктуна ылайык:
1. Тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
- 2022-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө тиешелүү мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашыруу бөлүгүндө жүктөлгөн ыйгарым укуктардын алкагында тобокелдиктерди башкаруу системасын ишке киргизүү жана ишке ашыруу боюнча ички нускамаларды бекитсин;
- 2022-жылдын 1-ноябрына чейин тобокелдиктерди башкаруу системасын ишке киргизүүнү жана ишке ашырууну, ошондой эле пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Төрага | А.У. Жапаров |