РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 4-февралындагы № 78 (Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун ишин изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлүшү жөнүндө) тескемеси

Редакцияот 04.02.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 4-февралы № 78

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун ишин изилдөө максатында:

1. Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун ишин изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Ведомстволор аралык комиссия:

- 2022-жылдын 9-февралына чейинки мөөнөттө Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун ишине тиешелүү болгон колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле юридикалык, финансылык жана башка документтерге комплекстүү талдоо жүргүзсүн;

- жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кароосуна бул маселе боюнча конкреттүү сунуштарды киргизсин.

3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарылчылыкка жараша иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин (макулдашуу боюнча), ошондой эле көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.

4. Министрликтер жана ведомстволор аралык комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн, зарыл болгон документтерди, маалыматтарды өз убагында берсин.

5. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана методикалык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

 

 

 

Тиркеме

 

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун ишин изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ

Байсалов Эдиль Жолдубаевич

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси;

Шакирова Гульмира Абидиновна

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары;

Бекташев Талантбек Изатиллаевич

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Есеналиев Сагынбек Сманалиевич

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо бөлүмүнүн инспектору;

Камбаралиева Бактыгуль Алимбековна

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти;

Шаршенбаев Мирлан Болотбекович

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун саламаттык сактоо уюмдарынын чыгымдарына талдоо жүргүзүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

Субанов Жылдызбек Мээримбекович

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ички аудит башкармалыгынын башкы адиси;

Ибраимов Айбек Султанович

-

Бишкек шаарынын мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча).