Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 17-февралы № 69-р
Финансылык системанын стабилдүү иштешин жана мамлекеттик финансылардын туруктуулугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Баалуу кагаздар рыногун консолидацияланган жөнгө салуу жана көзөмөлдөө (мегажөнгө салуу) моделин түзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2022-жылдын 1-мартына карата баалуу кагаздар рыногун консолидацияланган жөнгө салуу жана көзөмөлдөө (мегажөнгө салуу) моделин түзүү боюнча сунуштарды даярдасын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ өзүнүн ишине министрликтердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын тиешелүү адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте тартууга укуктуу деп белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу-методикалык жана башка жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүктөлсүн (макулдашуу боюнча).
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага | А. У. Жапаров |
Тиркеме |
Баалуу кагаздар рыногун консолидацияланган жөнгө салуу жана көзөмөлдөө (мегажөнгө салуу) моделин түзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Чокоев З.Л. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча), ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Пирназаров М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Шаршеев А.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти; |
Шаршембиев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти; |
Темиров К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын юридика башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча); |
Иманходжаев И.А. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын банктарды лицензиялоо бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Жапарова Э.М. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын санарип банк операцияларын өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Стамалиев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик аппараттын чыгашаларын пландоо башкармалыгынын начальниги; |
Исабекова Н.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик карыз башкармалыгынын мамлекеттик карызды башкаруу бөлүмүнүн башчысы; |
Султанбаев У.С. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин бизнес-чөйрө саясаты башкармалыгынын начальниги. |