РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 48-т КР дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга байкоо жүргүзүү системасын киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курам түзүү жөнүндө" тескемеси

Редакцияот 25.02.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 7-февралы № 48-т

Салыктык жана бажылык башкарууну санариптештирүүнүн алкагында жүгүртүүдөгү дары каражаттарынын сапатын натыйжалуу контролдоо жана аларды жасалмалоо менен байланышкан кылмыштарга каршы күрөшүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасында дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга байкоо жүргүзүү системасын киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:

- 2022-жылдын 25-февралына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Кыргыз Республикасында дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга байкоо жүргүзүү боюнча максаттуу моделдин долбоорун белгиленген тартипте киргизсин;

- 2022-жылдын 31-мартына чейинки мөөнөттө колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасында ишке ашырылуучу дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга байкоо жүргүзүү системасынын компоненттерин натыйжалуу киргизүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимдеринин долбоорлорун киргизсин.

3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.

4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методологиялык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлсүн.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А. У. Жапаров

 

 

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасында дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга байкоо жүргүзүү системасын киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти;

"Альфа-Телеком" жабык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Кыргызстандын фармацевтикалык бирлигинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кыргызстандын фармацевтикалык бирлигинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин "Бирдиктүү терезе" борборунун директору;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы;

Кыргызстандын "Фармацевтикалык өнөр жай ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин вице-президенти (макулдашуу боюнча).

 

Төрага

А. У. Жапаров