Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 28-марты № 151-т
Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге бирдиктүү жана макулдашылган макроэкономикалык болжолун даярдоо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешти аналитикалык материалдар менен камсыз кылуу жана макроэкономикалык туруктуулук маселелерин чечүү боюнча өз убагында сунуштарды берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Финансылык программалоо боюнча техникалык топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Техникалык топко зарыл болгон учурда иш процессинде келип чыгуучу маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин, административдик ведомстволорунун эксперттерин ишке тартуу, ошондой эле зарыл болгон маалыматты сурап алуу укугу берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине техникалык топтун ишин методикалык, уюштуруучулук (жолугушууларды зарылдыгына жараша, бирок кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүү) жана башка жактан камсыз кылуу жүктөлсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 94-б буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 136-б буйругу.
Төрага | А. У. Жапаров |
Тиркеме
Финансылык программалоо боюнча техникалык топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары - изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын ТӨМ, өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү, донордук жана гранттык жардамга мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттик саясат башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик карыздар башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджеттик башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экономикалык башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын улуттук эсептер тутуму жана экономикалык теңдемдер бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча).