КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-января № 36-р Долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен Грузиянын Улуттук статистика кызматынын ортосундагы Расмий статистика жаатындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
БУЙРУК
2022-жылдын 28-января № 36-р
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен Грузиянын Улуттук статистика кызматынын ортосундагы Расмий статистика жаатындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен макулдук берилсин.
Төрага | А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен Грузиянын Улуттук статистика кызматынын ортосундагы Расмий статистика жаатындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жана Грузиянын Улуттук статистика кызматы (ГЕОСТАТ) мындан ары "Тараптар" деп аталуу менен,
расмий статистика жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө максатында төмөнкүлөр жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө келишти:
1-берене.
Ушул Меморандумду ишке ашыруу максатында Тараптар төмөнкү жааттарда кызматташат:
- эл аралык экономикалык жана статистикалык уюмдар тарабынан уюштурулган иш-чараларга катышуу маселелеринде;
- жаңы маалыматтык технологияларды киргизүү, анын ичинде статистикалык маалыматтардын базаларын түзүү жана башкаруу жана статистикалык маалыматтарды чогултууда маалыматтык технологияларды колдонуу жаатында тажрыйба алмашууда;
- заманбап статистикалык методдор жана жол-жоболор боюнча маалымат алмашууда;
- өз ара кызыкчылыктарды көрсөтүүчү долбоорлорду киргизүүдө жана илимий жана методологиялык изилдөөлөрдөгү кызматташууда;
- эки мамлекеттин социалдык-экономикалык абалы тууралуу басылмалар менен алмашууда;
- статистикалык изилдөөлөрдү, каттоолорду жана байкоолорду жүргүзүү, статистикалык системаларды түзүү жана иштетүү үчүн зарыл болгон статистикалык материалдар жана методологиялык документтер менен алмашууда;
- статистикалык маалыматты чогултуу, иштетүү жана талдоо жаатында экинчи Тараптын тажрыйбасын үйрөнүү максатында адистердин өз ара сапарларында.
2-берене.
Тараптар өздөрүнүн түзүмдүк бөлүмдөрүн жана өздөрүнүн жооптуу жактарын аныкташат, алар ушул Меморандумду ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди жөнгө салууну камсыз кылышат жана бир-бири менен түз байланышта болушат.
Тараптар ушул Меморандумга кол коюлган күндөн баштап 30 календардык күн өткөндөн кийин жооптуу жактардын тизмелери менен алмашат.
3-берене.
Ушул Меморандумду ишке ашыруунун алкагында Тараптар бир-бирине бере турган баардык маалыматтарды алар ушул Меморандумдун максатында гана колдонот.
4-берене.
Ар бир Тарап өзүнүн мамлекетинин мыйзамдарына ылайык ушул Меморандумдун алкагында бериле турган, ага карата экинчи Тарап купуялуулукту сактоо талабын белгилеген маалыматты натыйжалуу коргоону камсыз кылат.
5-берене.
Ар бир Тарап ушул Меморандумдун алкагында алынган маалыматты, аны берген экинчи Тараптын алдын ала жазуу түрүндөгү макулдугусуз ачыкка чыгарбайт жана/же үчүнчү тарапка бербейт.
6-берене.
Эгерде ар бир конкреттүү учурда башка тартип макулдашылбаса, Тараптар ушул Меморандумду ишке ашыруу менен байланышкан чыгашаларды өз алдынча тартышат.
7-берене.
Тараптар ушул Меморандумдун жоболорун ишке ашырууга тиешелүү маселелерди талкуулоо үчүн ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын жумушчу жолугушууларын зарылдыгына жараша өткөрүп турушат.
8-берене.
Ушул Меморандумга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
9-берене.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөө жана/же колдонуу менен байланышкан Тараптардын ортосундагы пикир келишпестиктер сүйлөшүү жана консультация жолу менен чечилет.
10-берене.
Ушул Меморандум ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
11-берене.
Ушул Меморандум 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттүн бүтүшүнө чейин 6 (алты) айдан кеч эмес дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка ушул Меморандумдун колдонулушун токтотуу тууралуу өзүнүн ниетин билдирбесе, кийинки беш жылдык мөөнөттөргө автоматтык түрдө узартылат.
Ушул Меморандум эки нускада, ар бири кыргыз, грузин, орус жана англис тилдеринде түзүлүп, кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болсо, англис тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети үчүн |
| Грузиянын Улуттук статистика кызматы үчүн |
|
|
|
____________________________________ |
| ____________________________________ |
__________ ш. 2022-ж. "___" ___________ |
| __________ ш. 2022-ж. "___" ___________ |
|