КР Минитсрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-февралы № 55-р тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 10-февралы № 55-р
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полиция) жоюну аяктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө чыгымдарды каржылоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1)Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясы), аны жоюга байланышкан чыгымдарды жабууга (жоюу комиссиясынын ишине тартылган кызматкерлердин жана кызматчылардын акчалай үлүшүн сактоо, жөлөкпулдарды, компенсацияларды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка төлөмдөрдү төлөө, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө жана башка чыгымдар), ошондой эле соттук чыгымдардын ордун толтуруу жана соттун чечимин аткарууга байланышкан төлөмдөрдү төлөгөө 12 000 000 (он эки миллион) сом бөлүп берсин;
2) “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Төрага | А.У. Жапаров |