КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 75-т (Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамын түзүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 18-февралы № 75-т
2022-жылдын 24-февралынан 2-мартына чейин Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында өтүүчү кыргыз-сауд бизнес-форумуна, туристтик роуд-шоу жана жарманкеге Кыргыз Республикасынын катышуусу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2022-жылдын 24-февралынан 2-мартына чейин Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарына жиберилсин.
3. Иш сапардык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
2022-жылдын 24-февралынан 2-мартына чейин Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында өтүүчү кыргыз-сауд бизнес-форумуна, туристтик роуд-шоу жана жарманкеге катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы
Расмий делегация: | ||
Кожошев Арзыбек Орозбекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, делегациянын башчысы; |
Исмаилов Фархат Даткабаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Эргешов Алтынбек Калдарович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Жаманкулов Азамат Капарович(**) | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри; |
Баясов Нурадил Мирбекович | - | Кыргыз Республикасынын инвестициялар министринин милдетин аткаруучу; |
Айдарбеков Айбек Акматбекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Артыкбаев Айбек Мухтарович(*) | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Дуйшеева Жибек Курманбековна | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Абдрахманов Канат Жаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
Мукашев Азамат Фелкисович | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары; |
Ракиев Замир Шейшенбекович | - | Кыргыз Республикасынын муфтийи (макулдашуу боюнча); |
Абдыкаров Тойгонбай Жоробаевич | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору (макулдашуу боюнча). |
Коштоочу адамдар: | ||
Алишеров Бакытбек Автандилович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын кеңешчиси; |
Керимджанов Рахимбек Айбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти; |
Аширбеков Талгат Аширбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти; |
Бабаканова Назгуль Айтбосуновна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун эксперти; |
Шатманов Самат Бектурович(***) | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору; |
Омурзакова Назгуль Акималиевна(**) | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин эл аралык байланыштар жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы; |
Аданов Рахман Бектурсунович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы саясий департаментинин директорунун орун басары; |
Гапаров Омурбек Салибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Төртүнчү саясий департаментинин кеңешчиси; |
Кадырбаев Жоомарт Тыныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаментинин үчүнчү катчысы; |
Алмазбек кызы Наргиза(***) | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинин стратегиялык пландоо жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси. |
Эскертүү:
(*) - 2022-жылдын 26-февралынан тартып 2-мартына чейин Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарынан Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарына иш сапарга жиберилет.
(**) - 2022-жылдын 26-февралынан тартып 28-февралына чейин Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарына иш сапарга жиберилет.
(***) - 2022-жылдын 21-февралынан тартып 28-февралына чейин Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарына иш сапарга жиберилет.