Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-февралындагы № 60-т тескемесине) |
Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин ишинин РЕГЛАМЕНТИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Регламент мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин (мындан ары - Кеңеш) ишинин тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароо боюнча кеңештин Иш планы жана жыйналышынын күн тартиби тиешелүү мамлекеттик органдардын - аткаруучу агенттиктердин (ишке ашыруучу агенттиктер, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бөлүмдөр) келип түшүүсүнө жараша берилүүчү өтүнмөлөрдүн негизинде Кенештин катчылыгы тарабынан түзүлөт.
3. Кеңештин катчылыгынын ишин маалыматтык-аналитикалык камсыздоо мамлекеттик инвестициялардын пландалган жана ишке ашырылуучу долбоорлору боюнча мамлекеттик органдарга -аткаруучу агенттиктерге (ишке ашыруучу агенттиктер, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бөлүмдөр) жүктөлөт.
4. Мамлекеттик инвестициялардын пландалган жана ишке ашырылуучу долбоорлору боюнча баяндамачылар болуп мамлекеттик органдардын - аткаруучу агенттиктердин (ишке ашыруучу агенттиктер, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бөлүмдөр) жетекчилери эсептелет.
5. Пландалган мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору мамлекеттик орган - аткаруучу агенттик (ишке ашыруучу агенттик, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бөлүм) тарабынан Кеңештин катчылыгына төмөнкү документтер берилген учурда Кеңештин Иш планына, жыйналышынын күн тартибине киргизилет:
1) мамлекеттик инвестициялардын пландалган долбоору боюнча маалымат (негиздеме-маалымкат);
2) мамлекеттик инвестициялардын дизайн-долбоорунун-презентациясы;
3) Кыргыз Республикасынын экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын мамлекеттик инвестициялардын долбоорунун экономикалык натыйжалуулугу жана анын максатка ылайыктуулугун баалоо тууралуу корутундусу;
4) мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик инвестициялардын пландалган долбоорун бюджеттик каражаттардын эсебинен кошо каржылоо мүмкүндүгү жана сунушталган инвестициялык долбоордун жеңилдик жагынан алгылыктуулугу тууралуу корутундусу;
5) Кеңештин чечиминин долбоору.
Жогоруда аталган документтер болбогон учурда долбоор Кеңештин кароосуна киргизилбейт.
6. Мамлекеттик инвестициялардын пландалган долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча Кеңеш тарабынан төмөнкү чечимдердин бири чыгарылат:
1) долбоорду жактыруу;
2) долбоорду толуктап иштеп чыгууга кайтаруу;
3) долбоорду четке кагуу.
7. Мамлекеттик инвестициялардын долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан көйгөйлүү маселелерди Кеңештин Иш планына, жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн мамлекеттик орган - аткаруучу агенттик (ишке ашыруучу агенттик, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бөлүм) тарабынан Кеңешке төмөнкү документтер берилет:
1) ишке ашырылуучу долбоор боюнча маалымат (маалымкат);
2) долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү боюнча иш-чаралардын/чаралардын презентациясы;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын долбоордун экономикалык натыйжалуулугу жана анын максатка ылайыктуулугун баалоо тууралуу экономикалык болжолдоо боюнча корутундусу;
4) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан көйгөйлөрдүн республикалык бюджетке мүмкүн болуучу фискалдык таасири жөнүндө корутундусу;
5) Кеңештин чечиминин долбоору.
Жогоруда аталган документтер болбогон учурда долбоор Кеңештин кароосуна киргизилбейт.
8. Мамлекеттик инвестициялардын ишке ашырылуучу долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча Кеңеш төмөнкү чечимдердин бирин чыгарат:
1) мамлекеттик орган тарабынан сунушталган чараларды жактыруу;
2) дизайн-долбоорго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоо жана донор менен макулдашуу;
3) мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашырууну үзгүлтүккө учуратууга жол берген мамлекеттик органдардын (ишке ашыруучу агенттиктер, долбоорду ишке ашыруу боюнча бөлүмдөр) жетекчилерине тиешелүү тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүү;
4) мамлекеттик инвестициялардын долбоорун ишке ашырууну токтотуу.
2. Документтерди Кеңештин кароосуна киргизүүнүн тартиби
9. Кеңештин кароосуна киргизилүүчү документтер (мындан ары - документтердин топтому) ушул Регламентке ылайык даярдалууга тийиш.
10. Мамлекеттик инвестициялардын долбоору боюнча документтердин топтому аткаруучу агенттиктер тарабынан Кеңештин жыйналышы белгиленген мөөнөттөн 2 (эки) ай мурда, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук сактагычтарда Кеңештин катчылыгына киргизилет.
11. Кеңештин жыйналышынын күн тартиби Кеңештин катчылыгы тарабынан Кеңештин жыйналышы белгиленген мөөнөттөн 6 (алты) жума мурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизилет.
12. Аткаруучу агенттиктер (ишке ашыруучу агенттиктер, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бөлүмдөр) менен макулдашылган кагаз жүзүндөгү жана электрондук сактагычтардагы документтердин топтому Кеңештин катчылыгы тарабынан Кеңештин жыйналышы белгиленген мөөнөттөн 4 (төрт) жума мурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизилет.
13. Акыркы макулдашылган документтердин топтому аткаруучу агенттиктер (ишке ашыруучу агенттиктер, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бөлүмдөр) тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сын пикирлери жана толуктоолору менен Кеңештин жыйналышы белгиленген мөөнөттөн 2 (эки) жума мурун кагаз жүзүндө жана электрондук сактагычта, 10 (он) нускада Кеңештин катчылыгына киргизилет.
14. Акыркы макулдашылган документтердин топтому Кеңештин катчылыгы тарабынан Кеңештин жыйналышы белгиленген мөөнөттөн 7 (жети) жумуш күн мурда кагаз жүзүндө жана электрондук сактагычта, 10 (он) нускада Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизилет.
15. Документтердин ар бир топтому мамлекеттик органдын - аткаруучу агенттиктин (ишке ашыруучу агенттиктин, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бөлүмдүн) жетекчисинин, ал эми ал жок учурда мамлекеттик органдын жетекчисинин тейлөөчү орун басарынын колу коюлган коштоочу кат түрүндө төмөнкүлөрдү тиркөө менен берилет:
1) чечимдин так жана түшүнүктүү түзүлгөн долбоорун;
2) чечимди кабыл алуу зарылдыгын негиздөө, эсептөөлөр (карыз каражаттардын натыйжалуулугун, жүргүзүлгөн талдоону, кайтарымдуулугун, киргизилүүчү долбоорго сметалардын болжолдуу эсептөөлөрүн көрсөтүү менен) жана долбоор боюнча маалымдама материалдар менен мазмундуу маалымкатты.
16. Кеңештин жыйналышына киргизилүүчү презентациялар жана башка маалыматтар "Times New Roman" 14 шрифти менен 1 саптар аралык интервал аркылуу басылган 5 барак тексттен ашпоого тийиш.
17. Чечимдин долбоору 1 барактан ашпоого тийиш (болжолдуу формасы тиркелет).
18. Документтердин топтомуна Кеңештин катчылыгы тарабынан төмөнкүлөр да тиркелет:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (Кеңештин төрагасы) сүйлөөчү тезистерине сунуштар;
2) маселе боюнча баяндамачылардын жана чыгып сүйлөгөндөрдүн аты-жөнүн жана ээлеген кызматын көрсөтүү менен тизмеси.
19. Кеңештин жыйналышында кароого документтердин топтомун өз убагында киргизүү үчүн жоопкерчиликти мамлекеттик инвестициялардын пландалган жана ишке ашырылуучу долбоорлору боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын - аткаруучу агенттиктердин (ишке ашыруучу агенттиктер, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бөлүмдөр) жетекчилери тартат.
20. Кеңештин жыйналышына чакырылгандардын тизмеси Кеңештин катчылыгы тарабынан түзүлөт, макулдашылат жана бардык баштапкы документтер менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берилет.
21. Телефонограммаларды жөнөтүү жана Кеңештин жыйналышына чакырылган адамдардын келүүсүн камсыз кылуу Кеңештин катчылыгы тарабынан жүзөгө ашырылат.
22. Протоколдук чечимге ылайык Кеңештин катчылыгы каржылоочу тарапка тиешелүү кат менен кайрылат.
|
| Тиркеме |
Болжолдуу форма: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин чечими Азия өнүктүрүү банкы жана Кыргыз Республикасы тарабынан 43,6 млн. АКШ доллары суммасында каржылануучу "Климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга карата суу ресурстарынын туруктуулугун жогорулатуу" долбоору жөнүндө Азия өнүктүрүү банкы жана Кыргыз Республикасы тарабынан 43,6 млн. АКШ доллары суммасында каржылануучу "Климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга карата суу ресурстарынын туруктуулугун жогорулатуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри _________________, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри _______________ маалыматтарын угул жана талкуулап, төмөнкүдөй чечим кабыл алышты: 1. Азия өнүктүрүү банкы жана Кыргыз Республикасы тарабынан 43,6 млн. АКШ доллары суммасында каржылануучу "Климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга карата суу ресурстарынын туруктуулугун жогорулатуу" долбоору _________________. 2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: 1) ________________ чейинки мөөнөттө жогоруда аталган долбоорду каржылоо жөнүндө Макулдашууга кол коюу жол-жобосун аяктасын; 2) ______________ чейинки мөөнөттө жогоруда аталган долбоорду каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо жол-жобосун жүргүзүүнү камсыз кылсын. 3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгына жүктөлсүн. |