Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 15-февралы № 60-т
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 83-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кароодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин ишинин регламенти 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-майындагы № 184-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 63-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-июлундагы № 250-б буйругу.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блоктун маселелерин тейлөөчү орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын транспорт, агрардык саясат, суу ресурстары маселелерин тейлөөчү орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын коргоо, коопсуздук маселелерин, чек ара маселелерин тейлөөчү орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Кеңештин төрагасынын орун басары.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар бирлигинин өкүлү (макулдашуу боюнча).