РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 72-р тескемеси

Редакцияот 17.02.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ

БУЙРУК

2022-жылдын 17-февралы № 72-р

Россия Федерациясынын Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун толук иштөөсү максатында, ''Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун жайгаштыруу үчүн Россия Федерациясы, Новосибирск шаары, Крылов көчөсү, 64/1 дареги боюнча офистик жайды сатып алууга уруксат берилсин.

2. Офистик жайды сатып алууга жана тариздөөгө байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан консулдук жана башка кызматтарды көрсөтүүдөн алынган атайын каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:

- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин;

- ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. У. Жапаров