Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 1-марты № 95-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы № 17 "2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылын өткөрүү боюнча жол картасы (мындан ары - Жол картасы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Жол картасын белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине Жол картасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Жол картасын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берип турсун.
4. Жол картасын сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул тескеме расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |
Тиркеме |
Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылын өткөрүү боюнча ЖОЛ КАРТАСЫ
№ | Иш-чара | Жооптуулар | Аткаруу мөөнөтү | Каржылоо булактары |
I. Парник газдарынын эмиссиясын азайтуу | ||||
1 | "Жашыл Мурас" улуттук кампаниясын ишке киргизүү боюнча акция өткөрүү | КРПА, ЖРЭТКМ, министрликтер жана ведомстволор, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2022-ж. I кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, ЖРЭТКМ караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фонду, донорлордун каражаттары |
2 | "Жашыл Мурас" улуттук кампаниясын өткөрүү | КРПА, министрликтер жана ведомстволор, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2022-ж. I-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, ЖРЭТКМ караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фонду, донорлордун каражаттары, бизнес-секторлор, коомдук уюмдар |
3 | Отургузулган көчөттөрдү андан ары кароо үчүн жооптуу уюмдардын, ЖӨБ органдарынын тизмесин түзүү жана бекитүү | КРП облустардагы ЫУӨ, Ош жана Бишкек шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 2022-ж. I-II кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
4 | Райондордун, облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын борборлорунда жашыл парктарды түзүү (бирден кем эмес парк) | КРПА, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2022-ж. I-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, ЖРЭТКМ караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фонду, донорлордун каражаттары |
5 | Көмүртек рыногуна чыгуу боюнча жол картасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу | ЖРЭТКМ ИӨА, АЧМ | 2022-ж. IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, ЖРЭТКМ караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фонду, донорлордун каражаттары |
6 | Ар бир облуста интенсивдүү багбанчылык боюнча беш ири долбоорду ишке ашыруу | КРП облустардагы ЫУӨ | 2022-ж. I-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, ЖРЭТКМ караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фонду, донорлордун каражаттары |
7 | "Кыргызстан бакчалары" интернет-платформасынын ишке киргизүү | АЧМ | 2022-ж. II-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
8 | Заманбап биохимиялык лабораторияларын түзүү | АЧМ, КРП облустардагы ЫУӨ | 2022-ж. III-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
9 | Өлкөнүн бардык облустарында өсүмдүктөрдү интеграцияланган коргоо (ӨИК) системаларын ишке киргизүү, анын ичинде Чүй облусунун үч районунда ӨИК пилоттук ишке киргизүү | АЧМ, КРП Чүй облусундагы ЫУӨ | 2022-ж. III-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
10 | Климаттык саясаттын алкагында ЭКБ боюнча 50 инвестициялык долбоорду даярдоо, кеминде 10 объектти ишке киргизүү | ЖРЭТКМ, ЭМ, ИӨА | 2022-ж. II-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, ЖРЭТКМ караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фонду, донорлордун каражаттары |
11 | Экономикалык жөнгө салууну кайра карап чыгуу менен жашыл технологиялардын баасын төмөндөтүү | ЭКМ, ЭМ, ЖРЭТКМ | 2022-ж. IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
12 | Электромобилдердин жана электр заряддоочу станциялардын санын көбөйтүү | ЖРЭТКМ, ЭКМ, ЭМ | 2022-ж. IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, ЖРЭТКМ караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фонду, донорлордун каражаттары |
13 | Энергияны үнөмдөө боюнча улуттук программаны иштеп чыгуу жана кабыл алуу | ЭМ, Курулуш агенттиги, ЖРЭТКМ | 2022-ж. IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
14 | Климаттын өзгөрүшү маселелери боюнча медиапланды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | ММСЖСМ, ЖРЭТКМ, БИМ, УИА, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМК | 2022-ж. I-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
II. Тоолордун экосистемасын коргоо | ||||
15 | "Жашыл Мурас" интернет платформасын түзүү | АЧМ, ЖРЭТКМ, СϴМ | 2022-ж. III кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
16 | Тоолуу өлкөлөр үчүн БУУнун алкагында климаттык фондду түзүү боюнча Иш-аракеттер планын иштеп чыгуу, бекитүү жана аткаруу | ЖРЭТКМ, ТИМ | 2022-ж. II-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
17 | Тоо токойлорун сактоо боюнча БУУнун программасын иштеп чыгуу боюнча Иш-аракеттер планын иштеп чыгуу, бекитүү жана аткаруу | АЧМ, ТИМ | 2022-ж. II-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
18 | Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын кеңейтүү боюнча долбоордук документтерди даярдоо | ЖРЭТКМ | 2022-ж. IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, ЖРЭТКМ караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фонду |
19 | Деградацияны азайтуу жана экосистеманы сактоо үчүн жайыт жерлерин ротациялык пайдаланууну киргизүү (деградацияланган жайыттарды сактоо) | АЧМ | 2022-ж. I-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, ЖРЭТКМ караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фонду |
20 | Егерлердин, мергенчилердин жана токойчулардын статусун жогорулатуу | ЖРЭТКМ, АЧМ | 2022-ж. IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
21 | Браконьерликке, дары өсүмдүктөрүн мыйзамсыз чогултууга жана токойлорду кыюуга жоопкерчиликти күчөтүү | ЖРЭТКМ, АЧМ | 2022-ж. IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
22 | Тоо экотуризмдин 10 ири объекттерин аныктоо жана экологиялык ченемдерди сактоо менен зарыл болгон инфратүзүмдү жүргүзүү | ЖРЭТКМ, ММСЖСМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2022-ж. II-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, ЖРЭТКМ караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фонду, донорлордун каражаттары |
23 | Тоолуу райондордо айыл чарба продукциясын сатуу боюнча маркетинг системасын иштеп чыгуу жана киргизүү | АЧМ, ЭКМ | 2022-ж. II-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
24 | Суу ресурстарынын булганышына жана суу мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын контролдоону, өнөр жай объекттерин жана жолдорду курууда жаратылышты коргоонун ченемдеринин сакталышын контролдоону күчөтүү | ЖРЭТКМ | 2022-ж. II кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
25 | Жер көчкү коркунучтарын азайтуу боюнча инженердик иш-чараларды өткөрүү жана мониторинг системасын орнотуу | ӨКМ | 2022-ж. I-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
26 | Инженердик техниканы алуу, ошондой эле 20 гидрологиялык постторду куруу жана аларды жабдуу | ӨКМ
| 2022-ж. IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
27 | Токойдогу өрткө каршы техникаларды жана жабдууларды алуу | АЧМ | 2022-ж. III-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
28 | Республиканын аймагында уран калдыктарынын аянтчаларды рекультивациялоо боюнча иштерди жүргүзүү | ӨКМ | 2022-ж. I-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
29 | Тоо шарттарында адамдын жашоого жана ишине, табиятка арналган көркөм жана документалдуу фильмдердин фестивалын өткөрүү | ММСЖСМ, ФМ, КРП облустардагы ЫУӨ | 2022-ж. II-III кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
30 | Кесипкөй жана ышкыбоз сүрөтчүлөрдүн тоо темасына арналган көргөзмөсүн, сүрөт көргөзмөсүн өткөрүү | ММСЖСМ, ФМ, КРП облустардагы ЫУӨ | 2022-ж. II-III кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
31 | Кыргызстандын жаратылышы тууралуу жарнама роликтерин чыгаруу жана ЖМКларда, анын ичинде чет өлкөлүк ЖМКларда чагылдыруу | ММСЖСМ, ТИМ, ФМ, КРП облустардагы ЫУӨ | 2022-ж. II-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
32 | Кыргыз Республикасынын мөңгүлөрүнө мониторинг жүргүзүү боюнча изилдөө иштерин жүргүзүү | ӨКМ караштуу Кыргызгидромет, УИА Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун алдындагы Тянь-Шань тоолуу илимий борбору (макулдашуу боюнча) | 2022-ж. II-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
III. Бишкек шаарынын абасынын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү | ||||
33 | Жогорку сапаттагы (брикеттелген) көмүргө жана энергиянын альтернативдүү түрлөрүнө (ЭКБ) акырындык менен өтүү, Бишкек шаарынын калктуу конуштарында пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу | ЖРЭТКМ, Бишкек ш. мэриясы | 2022-ж. IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, ЖРЭТКМ караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фонду |
34 | Колдонулган дөңгөлөктөрдү, пластик буюмдарын жана тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын өрттөөгө жоопкерчиликти күчөтүү | ЖРЭТКМ, Бишкек ш. мэриясы | 2022-ж. IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
35 | Көчөттөргө инвентаризациялоо жүргүзүү | Бишкек ш. мэриясы | 2022-ж. II кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
36 | Шаардын ирригациялык тармактарды жана арыктарды реконструкциялоо | Бишкек ш. мэриясы | 2022-ж. I-II кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
37 | Бишкек шаардык санкцияланган таштандылар менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу | Бишкек ш. мэриясы, ИӨА | 2022-ж. II-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
38 | Абанын булганышынын кесепеттери жөнүндө медиаплан иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | ММСЖСМ, ССМ, ЖРЭТКМ, макулдашуу боюнча: Бишкек ш. мэриясы, ЖМК | 2022-ж. I-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
IV. Климаттын өзгөрүүсү боюнча саясатты иштеп чыгуу | ||||
39 | Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздук концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасын иштеп чыгуу жана бекитүү | ЖРЭТКМ | 2022-ж. III-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
40 | УДАС жумшартуу жана адаптациялоо боюнча иш-чаралардын пландарын иштеп чыгуу, кабыл алуу жана ишке ашыруу | ЖРЭТКМ, министрликтер жана ведомстволор | 2022-ж. I-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
41 | 2050-жылга көмүртектин нейтралдуулугуна жетүү боюнча стратегияны иштеп чыгуу жана бекитүү | ЖРЭТКМ | 2022-ж. III-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
42 | УДАС мониторинг жүргүзүү, баалоо жана верификациялоо системасын иштеп чыгуу жана бекитүү | ЖРЭТКМ | 2022-ж. I-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
43 | Адаптациянын улуттук программасын (АУП) иштеп чыгуу жана бекитүү | ЖРЭТКМ, министрликтер жана ведомстволор | 2022-ж. I-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
44 | Приоритеттүү тармактарда технологиялык трансформациялоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү | ЖРЭТКМ | 2022-ж. I-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
45 | Климаттын өзгөрүүсү боюнча статистикалык индикаторлорунун комплектин ишке киргизүү | УСК | 2022-ж. IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
V. Климаттык каржылоону тартуу жана климаттык долбоорлорду иштеп чыгуу | ||||
46 | ЖКФ өлкөлүк программасын иштеп чыгуу жана бекитүү | ЖРЭТКМ | 2022-ж. I-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
47 | Климаттык долбоорлорду иштеп чыгуу, илгерилетүү жана ишке ашыруу | ЖРЭТКМ, министрликтер жана ведомстволор | 2022-ж. I-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
48 | ЖКФ техникалык жардамды жана даярдыгы долбоорлорун тартуу | ЖРЭТКМ | 2022-ж. I-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
49 | ЖКФ региондук долбоорлоруна техникалык жардамды тартуу | ЖРЭТКМ | 2022-ж. I-IV кв. | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
50 | Климаттык каржылоо чөйрөсүндө эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү | ЖРЭТКМ | 2022-ж. I-IV кв. | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
51 | Кыргыз Республикасынын уюмдарын ЖКФга аккредитациялоо | ЖРЭТКМ | 2022-ж. I-IV кв. | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
52 | Кыргыз Республикасынын тышкы карызын экологиялык инвестициялык долбоорлорго алмаштыруу боюнча маселелерди илгерилетүү | ФМ, ЖРЭТКМ, министрликтер жана ведомстволор | 2022-ж. I-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
VI. Илимий-практикалык конференцияларды жана эл аралык иш-чараларды өткөрүү | ||||
53 | "Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо: БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын "Жаратылыш чекти билбейт..." резолюциясын практикалык ишке ашыруу" илимий-практикалык конференциясын өткөрүү | ЖРЭТКМ, АЧМ, ТИМ, макулдашуу боюнча: УИА Биология институтунун Токой изилдөө илимий-өндүрүштүк борбору, Илбирсти коргоо боюнча глобалдык программанын катчылыгы, Кыргыз Республикасындагы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн координациялык кеңеши | 2022-ж. II кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
54 | Тегерек столду өткөрүү: "Кыргыз Республикасынын тышкы карызын туруктуу өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорго алмаштыруу" | ФМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | 2022-ж. II кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
55 | Илимий-практикалык конференция өткөрүү: "Мөңгүлөр - тоолуу жана чектеш региондордогу жашоо булагы. ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 41-сессиясынын "Мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүүнү жана изилдөөлөрдү күчөтүү" резолюциясын практикалык ишке ашыруу" | ӨКМ, ЖРЭТКМ, АЧМ, ТИМ, макулдашуу боюнча: ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясы, УИА, Борбордук Азия жерди прикладдык изилдөө институту | 2022-ж. II-III кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
56 | Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинде илимий-практикалык конференция өткөрүү: "Деңизге чыга албаган, өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөрдө БУУнун туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу" | МЭК, Кыргыз Республикасындагы Ага Хан уюму (макулдашуу боюнча) | 2022-ж. III кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донорлордун каражаттары |
57 | АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын Жалпы дебаттарына анын барууларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги жыйналышты өткөрүү | ТИМ | 2022-ж. III-IV кв. | Республикалык бюджет, донорлордун каражаттары |
58 | "Эл аралык тоолор жылы: климаттын өзгөрүшүнүн тоо экосистемасына тийгизген таасири" конференциясын жана Илбирс ареалы эл аралык форумун өткөрүү | ЖРЭТКМ, ТИМ | 2022-ж. IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, ЖРЭТКМ караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фонду, донорлордун каражаттары |
59 | Кыргыз Республикасында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин климаттык форумун өткөрүү | ЖРЭТКМ, ЭКМ | 2022-ж. I-IV кв. | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, ЖРЭТКМ караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фонду, донорлордун каражаттары |
Кыскартуулардын тизмеси
КРПА | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы |
ИӨА | Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги |
БУУ | Бириккен Улуттар Уюму |
Курулуш агенттиги | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
ТИМ | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ММСЖСМ | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
АЧМ | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги |
СϴМ | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ϴКМ | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ФМ | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЖРЭТКМ | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
ЭМ | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
ЭКМ | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ССМ | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
БИМ | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ЖМА | Жергиликтүү мамлекеттик администрация |
УСК | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
УИА | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
ЖӨБО | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ААК | Ачык акционердик коом |
УДАС | Улуттук деңгээлде аныкталган салым |
КЭУ | Кыргызстан эл аралык университети |
БА | Борбордук Азия |
ЖКФ | Жашыл климаттык фонд |
АКШ | Америка Кошмо Штаттары |
ЕАЭБ | Евразия экономикалык бирлиги |
ЮНЕСКО | Бириккен Улуттар Уюму билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча |
ЭКБ | Энергиянын кайра жаралуучу булактары |
КРП облустардагы ЫУӨ | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
Бишкек ш. мэриясы | Бишкек шаарынын мэриясы |
ЖМК | Жалпыга маалымдоо каражаттары |