КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-февралындагы № 62-т «Мамлекеттин 100 пайыз катышуу үлүшү бар»Улуу Көчмөндөр Мурасы«улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коомуна жер казынасын пайдалануу укугу беруу жонундо" тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 15-февралы № 62-т
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттин 100 пайыз катышуу үлүшү бар "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомуна төмөнкүдөй максаттарда жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:
- тик бурчтуу координаттар тутумундагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Талас облусунун Талас районунда жайгашкан Андаш алтын жана жез кенин иштетүү:
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | У |
1 | 13333258 | 4710253 |
2 | 13334332 | 4710003 |
3 | 13334050 | 4709232 |
4 | 13331742 | 4709802 |
Аянты 91,4 га | ||
- тик бурчтуу координаттар тутумундагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Талас облусунун Талас районунда жайгашкан Андаш аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү:
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | У |
1 | 13325160 | 4715813 |
2 | 13335945 | 4708510 |
3 | 13330975 | 4708205 |
4 | 13327175 | 4709030 |
5 | 13327690 | 4713275 |
6 | 13335795 | 4712535 |
Аянты 43,56 км2 (4356,0 га) | ||
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объекттерине лицензияларды берсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |