КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-марты № 113-т тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
БУЙРУК
2022-жылдын 15-марты № 113-т
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 2022-жылы "Шериктештиктин маданий борборлору" мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруунун алкагында иш-чараларды өз убагында даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгына ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 49-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.";
- жогоруда аталган тескеменин тиркемеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
| Төрага | А. У. Жапаров |
"Тиркеме |
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 2022-жылы "Шериктештиктин маданий борборлору" мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруунун алкагында иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Каракол шаарынын мэри (макулдашуу боюнча), уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкы директору - башкармалыктын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти.".