РаспоряжениеКүчүндө

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 111-т Тескемеси

Редакцияот 11.03.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТЕСКЕМЕ

2022-жылдын 11-марты № 111-т

 

 "Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу" долбоору боюнча Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. "Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу" долбоору боюнча Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрине жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Төрага

А. У. Жапаров

 

 

 

Тиркеме

"Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу" долбоору боюнча Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын КУРАМЫ

Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович

-

Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри, делегациянын жетекчиси;

Кенжебаев Аманкан Батырбекович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы;

Атажанов Ырысбек Ысламович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөсү;

Сарыбашев Таалайбек Насирбекович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү;

Абдрахманов Канатбек Жаныбекович

-

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

Татиков Руслан Сатылганович

-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Жамалдинов Зиядин Исламович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Мукаматов Тынчтыкбек Мукаматович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин бажы жана тарифтик саясат башкармалыгынын эл аралык салык жана бажы мамилелери бөлүмүнүн башчысы;

Сулайманова Айнура Жумалиевна

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин экономикалык мыйзамдар башкармалыгынын жер, жаратылышты коргоо, агрардык жана архитектуралык мыйзамдар чөйрөсүндөгү мыйзамдар бөлүмүнүн башчысы;

Акматов Мамасалы Такабаевич

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Далиев Уланбек Эшенович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Исаков Жаныбек Маматович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;

Сатышев Токтомамбет Сатышович

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

Сокеев Алмазбек Темурбекович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору;

Момунов Сайпидин Эсеналиевич

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору.