Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 30-марты № 161-т
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбекстан Республикасы тарабынан Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын имаратын реконструкциялоо жана жабдуу боюнча иш жүргүзүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарына жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбекстан Республикасы тарабынан Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын имаратын реконструкциялоо жана жабдуу боюнча иш жүргүзүү жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү, мындан ары "Тараптар" деп аталып,
1996-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы түбөлүктүү достук жөнүндө келишимди жетекчиликке алып,
эки мамлекеттин маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүнү каалап,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Ушул Макулдашуунун максаты болуп Өзбек тараптын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Ош шаарында жайгашкан Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын имаратын (мындан ары - "Объект") реконструкциялоо жана жабдуу саналат.
2-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу боюнча Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэриясы;
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Өзбекстан Республикасынын Курулуш министрлиги, Өзбекстан Республикасынын Маданият министрлиги, Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун Хокимияты.
3-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында Кыргыз тарап:
а) Объектти реконструкциялоо жана жабдуу боюнча иштерди аткаруу үчүн зарыл болгон шарттарды камсыз кылат, анын ичинде кыска мөөнөттө бардык керектүү уруксат берүүчү документтерди берүүгө, реконструкциялоо жана жабдуу башталгандан тартып, Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда Объектти тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюлганга чейин зарыл болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык талаптарга ылайык долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга жана бекитүүгө көмөктөшөт;
б) Объектти реконструкциялоо жана жабдуу боюнча иштерди аткаруу максатында, курулуш шаарчасын түзүү жана жайгаштыруу, транспорт каражаттарынын жана атайын техниканын кыймылынын маршруту үчүн аймакты, топуракты жана курулуш таштандыларын ташып чыгуу жана ташып кирүү үчүн орундарды берет;
в) реконструкция жүргүзүү үчүн зарыл болгон аймактарды бошотуу, тосуу жана кошулуучу жолдор менен камсыз кылуу боюнча даярдоо иштерин жүргүзөт, шаардык тармактарды инженердик коммуникацияларга акысыз туташтырат;
г) Өзбек тарап аныктаган башкы подряддык уюмга, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын же башка чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген реконструкциялоо жана жабдуу боюнча ишти жүзөгө ашырууга тиешелүү уруксаттары/лицензиялары бар анын субподряддык уюмуна бул уруксаттарды/лицензияларды Кыргыз Республикасынын аймагында кошумча лицензиялоо жол-жоболорун жүргүзбөстөн жана улуттук лицензия бербестен жарактуу деп таануу жолу менен, бул жөнүндө лицензиар тарабынан маалыматтарды реестрге киргизүү жолу менен көмөк көрсөтөт.
Өзбек тарап тарткан башкы подряддык жана субподряддык уюмдардын реконструкциялоо жана жабдуу боюнча иштери Кыргыз Республикасынын курулуш жаатындагы мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.
Кыргыз тараптын ыйгарым укуктуу органдары тиешелүү экспертизалардын корутундуларын иштеп чыгууда, адаптациялоодо жана алууда, курулуш жана башка иштерди аткарууда, ошондой эле курулуш көзөмөлүнүн талаптарын сактоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого Өзбекстан Республикасынын долбоордук жана подряддык уюмдарына зарыл болгон көмөк көрсөтүү үчүн өз кызмат адамдарын дайындайт;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Объектти реконструкциялоо жана жабдуу үчүн Кыргыз Республикасына Өзбекстан Республикасынан ташылып келүүчү жана Кыргыз Республикасынан Өзбекстан Республикасына ташылып чыгуучу курулуш материалдарын, техникаларды, жабдууларды кыйыр салыктардан, товарлардын акциз алдындагы топторунан кошпогондо, ташып кирүү бажы алымдардан жана бажы жыйымдардан товарларды чыгарууга байланышкан аракеттерди жасагандыгы үчүн бошотот, Өзбек тарапты жана анын башкы подряддык жана субподряддык уюмдарын салыктардын бардык түрүнөн жана Объектти куруу жана акысыз өткөрүп берүү менен байланышкан жыйымдардан же төлөмдөрдөн бошотот;
е) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте визалык колдоону жана Кыргыз Республикасына кирүү/чыгуу визаларын тариздөөнү камсыз кылат жана Объектти реконструкциялоого жана жабдууга катышкан Өзбекстан Республикасынын персоналын - жарандарын мамлекеттик алымсыз, консулдук жана башка жыйымдарды албастан, каттоо жол-жобосун ишке ашырат, ошондой эле эмгектик ишине уруксат берүүчү документтерди алуудан бошотот;
ж) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Өзбек тарап аныктаган башкы подряддык жана анын субподряддык уюмдарынын коопсуздугун, ошондой эле Объектти реконструкциялоо жана жабдуу үчүн тартылган Өзбекстан Республикасынын персоналынын - жарандарынын коопсуздугун камсыздайт, ошондой эле Объектти реконструкциялоо жана жабдуу мезгилинде аларга шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүнү камсыздайт;
з) Объектти реконструкциялоо жана жабдуу боюнча иш үчүн керектүү курулуш материалдарын, техникаларды жана жабдууларды курулуш аянтына чейин жеткирүүдө, ал эми жумуш аяктагандан кийин техникаларды, жабдууларды жана пайдаланылбаган курулуш материалдарын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы макулдашылган өткөрүү пункттарына чейин жеткирүүдө көмөк көрсөтөт;
и) Өзбек тараптын суроо-талабы боюнча Объектти реконструкциялоо жана жабдуу боюнча иштерди аткаруу жана кызмат көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын уюмдарын жана жарандарын тартуу маселелери боюнча көмөк көрсөтөт.
4-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында Өзбек тарап:
а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган техникалык талаптарга ылайык долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгууну, ошондой эле аны Кыргыз тарап менен макулдашууну камсыздайт;
б) өзүнүн жана тартылган күчтөрү, каражаттары менен Объектти реконструкциялоо жана жабдуу, анын ичинде Объектти реконструкциялоо жана жабдуу үчүн зарыл болгон курулуш материалдарын, техникаларды жана жабдууларды алып келүүнү камсыздайт;
в) Объектти реконструкциялоо жана жабдуу үчүн керектүү курулуш материалдарын, техникаларды жана жабдууларды курулуш аянтына чейин, ал эми жумуш бүткөндөн кийин техникаларды, жабдууларды жана пайдаланылбаган курулуш материалдарын белгиленген пункттарга чейин жеткирүүнү камсыздайт;
г) Объектти реконструкциялоодо жана жабдууда тартылган жана колдонулган Өзбекстан Республикасынын жарандарынын сандык жана сапаттык курамы жөнүндө миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо менен куруучулардан жана керектүү адистерден турган өзбек персоналын тартуу жана пайдалануу менен Объектти реконструкциялоо жана жабдуу боюнча ишти жүргүзүүгө укуктуу;
д) Объектти реконструкциялоо жана жабдуу үчүн Өзбекстан Республикасынан ташылып чыгуучу жана Кыргыз Республикасына ташылып кирүүчү курулуш материалдарын, техникаларды, жабдууну жана Объектти реконструкциялоого жана жабдууга катышкан өзбек персоналынын муктаждыктары үчүн мүлктү салыктардан жана бажы алымдарынан, анын ичинде бажылык тариздөөдө бажы жыйымдарынан бошотот.
5-берене.
Объектти реконструкциялоо жана жабдуу 120 календардык күндөн ашпаган мезгилге аныкталат. Объектти реконструкциялоо жана жабдуу боюнча иштерди баштоо жана аяктоо Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы төмөнкүдөй тиешелүү актыларга кол коюу жолу менен аныкталат:
а) Объектти реконструкциялоону жана жабдууну баштоо жөнүндө;
б) Объектти кабыл алуу-өткөрүп берүү жөнүндө.
6-берене.
Зарыл болгон учурда жана Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашуунун анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
7-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун талкуулоодо келип чыгуучу пикир келишпестиктерди Тараптар сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечет.
8-берене.
Ушул Макулдашуу эки Тараптын тең кол койгон датасынан тартып, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө убактылуу колдонулат жана Тараптардын анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө акыркы кат түрүндөгү кабарлоону дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып күчүнө кирет.
_________________________________ шаарында 2022-жылдын "____" ___________________ эки нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |