КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 58-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2022-жылдын 8-апрели № 181-р
Кыргыз Рсспубликасынын азык-түлук коопсуздугун камсыз кылуу максатыпда. ошондой эле республиканын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана жайкы дизель отуну менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынып Бюджеттик кодексииин 115-берепесине, "Мамлекеттик сатып алуулар жонүндө" Кыргыз Республикасынып Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 22-пунктуна, "Кыргыз Республикасыиын Министрлер Кабинета жөнүндө" Кыргыз Республикасыиын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасыиын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитета менен макулдашуу боюнча "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "Топтолгон финансылык резервдер" 2829-беренеси боюнча каралган каражаттардын эсебинен Кыргыз Рсспубликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондуна жайкы дизель отунун сатып алууга 355 422 000 (уч жүз элүү беш миллион төрт жүз жыйырма эки миң) сом болүп берсин;
- "Кыргыз Республикасыиын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасыиын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Рсспубликасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
2. Кыргыз Республикасыиын Өзгөчө кырдаалдар министрлигиие караштуу Мамлекепик материалдык резерв фондунун бөлүштүрүүсү боюнча "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коому андан ары сактоо жана чыгаруу менен жайкы дизель отунун жалгыз берүүчү болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдааллар министрлигине караштуу Мамлекетгик материалдык резерв фонду:
- 2022-жылдым 1-майына чейинки мөөнөттө монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган парк боюнча 5000 (бет мин) тонна көлөмүндөгү жайкы дизель отунун сатып алсын;
- 2023-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган баа боюнча 3 466 600 (үч миллион төрт жүз алтымыш алты миң алты жүз) литр өлчөмүндө дизель отунун сатсын;
- жайкы дизель отунун сатуудан түшкөн акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигипе караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунун атайын эсебине жиберсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 58-т тескемесинин редакциясына ылайык)
31. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мониторинг жүргүзсүн жана рыноктун конъюнктурасы өзгөргөн учурда кайра карап чыгуу укугу менен дизель отунуна минималдуу рыноктук бааны аныктасын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 58-т тескемесинин редакциясына ылайык)
4. Бул тескемении аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Адмипистрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгыиа жүктолсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |