Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 22-марты № 123-т
2022-жылы юбилейлик иш-чараларды уюштурууну жана өткөрүүнү тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2022-жылга жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) 2022-жылга өздөрүнүн ишин пландоодо 2-тиркемеге ылайык 2022-жылга юбилейлик иш-чаралардын тизмегин жетекчиликке алсын.
3. Ушул тескеменин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин, ишке тартылган министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бюджеттеринин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөрү белгиленсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
2022-жылга жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын ТИЗМЕГИ
№ | Иш-чаранын аталышы | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1 | Тоолуу Кыргыз облусун түзүү демилгесине 100 жыл | ММСЖСМ, УИА (макулдашуу боюнча), КРП облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) | Ишке тартылган министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бюджеттеринин чегинде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен |
2 | Кыргыздын алгачкы агартуучу-илимпозу Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгы | ММСЖСМ, БИМ, УИА (макулдашуу боюнча), КРП облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) | Ишке тартылган министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бюджеттеринин чегинде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен |
3 | Кыргызстандын XX кылымдагы чыгаан жазуучусу жана коомдук ишмери, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасынын ээси Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы | ММСЖСМ, КРП облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) | Ишке тартылган министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бюджеттеринин чегинде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен |
4 | Кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү, кыргыз улуттук профессионалдык искусствонун негиздөөчүлөрүнүн бири, СССРдин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин 110 жылдыгы | ММСЖСМ, КРП облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) | Ишке тартылган министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бюджеттеринин чегинде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен |
5 | Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгы | ММСЖСМ, КО, УИА (макулдашуу боюнча), КРП облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) | Ишке тартылган министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бюджеттеринин чегинде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен |
6 | Мамлекеттик жана коомдук ишмер Дуйшеев Арстанбек Дуйшеевичтин 90 жылдыгы | КРП облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) | Ишке тартылган министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бюджеттеринин чегинде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен |
7 | Аксы окуяларынын 20 жылдыгы | КРП облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) | Ишке тартылган министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бюджеттеринин чегинде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен |
Кыскартуулардын тизмеси:
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
КМ | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги; |
КРП облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы. |
|
| 2-тиркеме |
2022-жылга юбилейлик иш-чаралардын ТИЗМЕГИ
1. Корпоративдик маанидеги юбилейлик иш-чаралар | |||
№ | Иш-чаранын аталышы | Юбилейлик дата | Жооптуу аткаруучулар |
1 | С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын түзүлгөндүгү | 50 жыл | ММСЖСМ, КРП Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча) |
2 | Чоң-Алай районунун негизделгендиги | 30 жыл | КРП Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча) |
3 | Н.Шаамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театрынын түзүлгөндүгү | 30 жыл | ММСЖСМ, КРП Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча) |
4 | Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын түзүлгөндүгү | 30 жыл | ММСЖСМ, КРП Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча) |
2. Юбилейлик иш-чаралар | |||
№ | Иш-чарасы өткөрүлүүчү инсандар | Юбилейлик дата | Жооптуу аткаруучулар |
1 | Ормон хан, тарыхый инсан | 230 жыл | ММСЖСМ, КРП Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, УИА (макулдашуу боюнча) |
2 | Байтик Канай уулу (Байтик баатыр), тарыхый инсан | 200 жыл | КРП Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, УИА (макулдашуу боюнча) |
3 | Жаңыбай Кожек уулу, манасчы, семетейчи | 150 жыл | ММСЖСМ, КРП Нарын, Жалал-Абад, Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, УИА (макулдашуу боюнча) |
4 | Карамолдо (Токтомамбет) Орозов, Кыргыз ССРинин эл артисти | 140 жыл | ММСЖСМ, КРП Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча) |
5 | Коргол Досу уулу, залкар комузчу, төкмө акын | 140 жыл | КРП Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча) |
6 | Касымалы Баялинов, Кыргыз ССРинин эл жазуучусу | 120 жыл | ММСЖСМ, КРП Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, УЖС (макулдашуу боюнча) |
7 | Фере Владимир, композитор, Кыргыз ССРинин эл артисти | 120 жыл | ММСЖСМ, КС (макулдашуу боюнча) |
8 | Власов Владимир, композитор, Кыргыз ССРинин эл артисти | 120 жыл | ММСЖСМ, КС (макулдашуу боюнча) |
9 | Муса Баетов, Кыргыз ССРинин эл артисти | 120 жыл | ММСЖСМ, КС (макулдашуу боюнча) |
10 | Мукай Элебаев, акын жана жазуучу | 120 жыл | ММСЖСМ, УЖС (макулдашуу боюнча) |
11 | Шекербек Шеркулов, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, белгилүү комузчу | 120 жыл | КРП Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча) |
12 | Казыбек Мамбетимин уулу (Казыбек казалчы), XX кылымдагы кыргыздын чыгаан акыны | 120 жыл | ММСЖСМ, КРП Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, УЖС (макулдашуу боюнча) |
13 | Асылбек Алтымышбаев, окумуштуу, философ, Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын академиги | 110 жыл | КРП Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, УИА (макулдашуу боюнча) |
14 | Акматбек Нуржанов, Социалисттик эмгектин баатыры, коомдук жана саясий ишмер | 100 жыл | КРП Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча) |
15 | Токтоболот Абдумомунов, Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, драматург | 100 жыл | ММСЖСМ, КРП Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, УЖС (макулдашуу боюнча) |
16 | Жумагул Алышбаев, экономика илимдеринин доктору, Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын академиги | 100 жыл | УИА |
17 | Матен Сыдыков, мамлекеттик жана саясий ишмер | 100 жыл | КРП Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча) |
18 | Жалил Садыков, Кыргыз ССРинин эл акыны, драматург, котормочу | 90 жыл | ММСЖСМ, КРП Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, УЖС (макулдашуу боюнча) |
19 | Байдылда Сарногоев, Кыргыз Республикасынын эл акыны | 90 жыл | ММСЖСМ, КРП Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, УЖС (макулдашуу боюнча) |
20 | Жалил Абдыкадыров, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери | 90 жыл | ММСЖСМ, КРП Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ТИС (макулдашуу боюнча) |
21 | Калканбай Ашимбаев, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу | 90 жыл | ММСЖСМ, КРП Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, УЖС (макулдашуу боюнча) |
22 | Советбек Жумадылов, Кыргыз Республикасынын эл артисти | 90 жыл | ММСЖСМ, КРП Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
23 | Орозбек Кутманалиев, Кыргыз Республикасынын эл артисти | 90 жыл | ММСЖСМ, КРП Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча) |
24 | Мейликан Козубекова, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти | 90 жыл | ММСЖСМ, КРП Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча) |
25 | Ормонбек Асанов, белгилүү акын, обончу, ырчы | 90 жыл | ММСЖСМ, КРП Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча) |
26 | Геннадий Базаров, Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү кинорежиссер | 80 жыл | ММСЖСМ, КРП Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча) |
27 | Манасбек Мусаев, Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү киноматографист | 80 жыл | ММСЖСМ, КРП Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча) |
28 | Сапар Исмаилов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти | 80 жыл | ММСЖСМ, КРП Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча) |
29 | Төлөгөн Томотоев, Кыргыз Республикасынын эл артисти | 80 жыл | ММСЖМ |
30 | Чоро Кожомжаров, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти | 80 жыл | ММСЖМ |
31 | Бектур Исаков, Кыргыз ССРинин, СССРдин эл агартуусунун отличниги | 80 жыл | КРП Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча) |
32 | Нуржамал Табалдиева, Кыргыз Республикасынын эл артисти | 70 жыл | ММСЖМ |
33 | Сатыбалды Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын биринчи жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты | 70 жыл | КРП Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, КТРК (макулдашуу боюнча) |
34 | Жолдошбек Мамажанов, белгилүү обончу, ырчы жана аткаруучу | 70 жыл | КРП Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча) |
35 | Келдибек Ниязов, Кыргыз Республикасынын эл артисти | 70 жыл | ММСЖМ |
36 | Чоро Дубанаев, Кыргыз Республикасынын эл артисти | 70 жыл | ММСЖМ |
37 | Замирбек Үсөнбаев, Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын | 70 жыл | ММСЖСМ, КРП Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча) |
38 | Арзыбек Бедияров, белгилүү обончу, ырчы жана аткаруучу | 70 жыл | ММСЖСМ, КРП Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча) |
Кыскартуулардын тизмеси:
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
КМ | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги; |
КРП облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы; |
КТРК | - | Коомдук телерадиоберүү корпорациясы; |
УЖС | - | "Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу" коомдук бирикмеси; |
КС | - | "Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзу" коомдук бирикмеси; |
ТИС | - | "Кыргызстандын Театр ишмерлер союзу" коомдук бирикмеси. |