КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 194-т «Мамлекеттик резервдин азык-түлүк буудай данын сактоо жана тартуу кызматына бааны белгилөө максатында» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 14-апрели № 194-т
Мамлекеттик резервдин азык-түлүк буудай данын сактоо жана тартуу кызматына бааны белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17,-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга карты жөнгө салуу кызматы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду мамлекеттик резервдин жооптуу сактоочуларынын сунуштарынын негизинде берген мамлекеттик резервдин азык-түлүк буудай данын сактоо жана тартуу кызматынын баасын макулдашсын.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |