РаспоряжениеСтатус не указан

КР Министрлер Кабинети 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 173-т «Талас облусунун Манас районундагы Киров суу сактагычында»Бала-Саруу«чакан гидроэлектрстанциясын куруунун долбоорун өз убагында ишке ашыруу максатында,»Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" тескемеси

Редакцияот 06.04.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 6-апрели № 173-т

Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районундагы Киров суу сактагычында "Бала-Саруу" чакан гидроэлектрстанциясын куруунун долбоорун өз убагында ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 22-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. "Global Hydro Energy" GmbH компаниясы (Австрия) Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районундагы Киров суу сактагычында "Бала-Саруу" чакан гидроэлектрстанциясын курууга көмөкчү гидромеханикалык жабдуулары, технологиялык процесстерди автоматтык башкаруу системасы менен гидрокубаттуулук жабдууларынын комплектин жеткирип берүүчү, ошондой эле коштоочу кызматтарды көрсөтүүчү болуп аныкталсын.

2. "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомуна жогоруда аталган товарларды жана коштоочу кызматтарды "Global Hydro Energy" GmbH компаниясынан (Австрия) монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган нарк боюнча сатып алуу сунушталсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. У. Жапаров