Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 15-апрели № 208-р
Мурда кабыл алынган чечимдерди Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясына ылайык келтирүү, этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу керектөөчүлөрдү жана субъекттерди этил спирти менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-р буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласындагы "287" деген цифралар "336" деген цифралар менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде:
- "Техникалык жана башка максаттарда этил спиртин пайдалануучу субъекттер" деген III бөлүмү төмөнкүдей мазмундагы 107-113-пункггар менен толукталсын:
"107. "Жайыл Милк" жоопкерчилиги чектелген коому
108. "Ак-Булак плюс" жоопкерчилиги чектелген коому
109. "IMEX" (ИМЭКС) жоопкерчилиги чектелген коому
110. "ВИНАП-АЛКО" жоопкерчилиги чектелген коому
111. "Каинды-Кант" ачык акционердик коому
112. "Айдан Фарм" жабык акционердик коому
113. "ILVAR" (ИЛВАР) жоопкерчилиги чектелген коому"
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |