Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 11-апрелиндеги №284 «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторун модернизациялоо жана башкаруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө" тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2022-жылдын 11-апрели №284
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17, 18-беренелерине ылайык:
1. "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторун модернизациялоо жана башкаруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө "YDA Insaat Sanayi ve Ticaret A.S." жана "Mictacoglu Holding A.S." компанияларынын сунуштарын изилдөө боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ бир жумалык мөөнөттө:
- “YDA Insaat Sanayi ve Ticaret A.S." жана "Mictacoglu Holding A.S." компанияларынын сунуштарын изилдеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инвестициялык кызматташуунун алгылыктуу варианты боюнча "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому үчүн сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизсин.
3. Жумушчу топ мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), уюмдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга, ошондой эле иш үчүн зарыл болгон маалыматты сурап алууга укуктуу деп белгиленсин.
4. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна болгон ыйгарым укуктардын чегинде бул тескеменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн инвесторлор менен инвестициялык кызматташуу маселелерин иштеп чыгуу боюнча чараларды көрүү сунушталсын.
5. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго жүктөлсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.У.Жапаров |
Тиркеме
"Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторун модернизациялоо жана башкаруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө "YDA Insaat Sanayi ve Ticaret A.S." жана "Mictacoglu Holding A.S." компанияларынын сунуштарын изилдөө боюнча жумушчу топтун курамы
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы, жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору;
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкы директору - башкармалыктын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкы директорунун инфратүзүмдүк жана региондук өнүктүрүү боюнча орун басары (макулдашуу боюнча);
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун стратегиялык өнүктүрүү жана инвестициялык пландаштыруу бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча).
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү өзгөртүлсө жана тиешелүү функциялары башка мамлекеттик органга өткөрүлүп берилсе жана/же мамлекеттик органдын аталышы өзгөртүлгөн учурда жумушчу топтун курамына бул тескемеге өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечимин кабыл алуусуз мамлекеттик орган -укук мурастоочунун кызмат орду боюнча тиешелүү өкүлү кирет.
Мамлекеттик органдын түзүмү өзгөртүлгөн учурда жумушчу топтун курамын өзгөртүүнүн ушундай эле тартиби колдонулат.