КР Министрлер Кабинети 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 212-т «Натыйжалуу жана ачык-айкын рыноктун иштөөсү жана аны дүйнөлүк капитал рыногуна интеграциялоо, Кыргыз Республикасынын жагымдуу инвестициялык беделин калыптандыруу, инвесторлорду коргоо максатында» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 15-апрели № 212-т
Натыйжалуу жана ачык-айкын рыноктун иштөөсү жана аны дүйнөлүк капитал рыногуна интеграциялоо, Кыргыз Республикасынын жагымдуу инвестициялык беделин калыптандыруу, инвесторлорду коргоо максатында. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленгеи тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына Баалуу кагаздар боюнча комиссиялардын эл аралык уюмунун (International Organization of Securities Commissions) алдындагы 2016-2021-жылдар үчүн мүчөлүк төгүмдөр боюнча карызын төлөөгө "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "Топтолгон финансылык резервдер" деген 2829-берене боюнча каралган каражаттардын эсебинен 8 715 400 (сегиз миллион жети жүз он беш миң төрт жүз) сом бөлүп берсин;
2) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |