Министрлер Кабинетининжер 2022-жылдын 16-февралы № 67-т «жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө» Тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
БУЙРУК
2022-жылдын 16-февралы № 67-т
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттин 100 пайыз катышуу үлүшү бар Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин карамагындагы "Кыргыз геология" мамлекеттик ишканасына төмөнкүдөй максаттарда жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:
- тик бурчтуу координаттар тутумундагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан Ноокат гипс кенин иштетүү:
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Y |
1 | 13305160 | 4468000 |
2 | 13305560 | 4468140 |
3 | 13305680 | 4467820 |
4 | 13305730 | 4467430 |
5 | 13305620 | 4467320 |
6 | 13305400 | 4467200 |
7 | 13305195 | 4467190 |
Аянты 41,67 га | ||
- тик бурчтуу координаттар тутумундагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан Ноокат гипс кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү:
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Y |
1 | 13305110 | 4468040 |
2 | 13306500 | 4468710 |
3 | 13306230 | 4467830 |
4 | 13305260 | 4466930 |
5 | 13304790 | 4466635 |
6 | 13303870 | 4466520 |
Аянты 162,13 га | ||
- төмөнкү тик бурчтуу координаттар тутумундагы бурчтук чекиттери бар, Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан Түндүк Акташ сурьма-флюориттик руда кенин иштетүү:
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттер № | X | Y |
1 | 12732778 | 4448084 |
2 | 12737993 | 4449355 |
3 | 12738000 | 4447295 |
4 | 12736101 | 4446718 |
5 | 12731883 | 4446159 |
Аянты 1141,0 га | ||
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объекттерине лицензияларды берсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Төрага | А. У. Жапаров |