Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 15-апрели № 207-р
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы Айыл чарба жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Төрага | А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана Азербайжан Республикасынын Айыл чарба министрлиги, мындан ары Тараптар деп аталуучулар,
Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасын бириктирип турган достук мамилелерди көңүлгө алуу менен,
айыл чарба жаатында жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өз ара каалоолорду эске алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын алкагында ишенимдин, тең укуктун жана өз ара кызыкчылыктын негизинде айыл чарба жаатындагы кызматташууну жүзөгө ашырат, ошондой эле эки мамлекеттин тиешелүү чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.
2-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жана өз компетенцияларынын чегинде айыл чарбасынын төмөнкү тармактарында кызматташат:
- өсүмдүк өстүрүү, анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгү;
- мал чарбасы, салттуу эмес мал чарбасы, анын ичинде асыл тукум иши;
- балчылык;
- ветеринария;
- агроөнөр жай өндүрүшүн механизациялоо жана автоматташтыруу;
- айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү;
- органикалык айыл чарбасы;
- инвестициялык кызматташтык;
- кадрларды даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо жана адис алмашуу;
- жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу;
- агрардык изилдөөлөр жана агрардык билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу;
- маданий өсүмдүктөрдүн жана айыл чарба жаныбарларынын коопсуздугуна байланышкан маалымат алмашууну камсыз кылуу.
3-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында төмөнкүдөй формаларда кызматташууну жүзөгө ашырат:
- өздөрүнүн мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык айыл чарба жаатындагы ченемдик укуктук актыларды жана стандарттарды алмашуу;
- айыл чарба жаныбарларынын генетикалык ресурстарын алмашуу;
- азербайжан пахтасынын, жүзүмүнүн, мөмө-жемиштеринин, жашылчаларынын селекциясынын жаңы сортторун расмий түрдө сыноолорду жүргүзүү, ошондой эле өсүмдүктөрдүн генетикалык материалдарын алмашуу.
- айыл чарба жаатында иш жүргүзгөн илимий изилдөө институттары менен кызматташууну кеңейтүү;
- биргелешкен изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар, адис алмашуу, өз ара кызыкчылыкты билдирген көйгөйлөр боюнча жолугушууларды уюштуруу;
- Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында өткөрүлүүчү иш-чараларга катышуу (көргөзмөлөр, семинарлар, конференциялар ж.б.).
4-берене.
Эгерде ар бир конкреттүү учурда башкача тартип макулдашылбаса, Тараптар ушул Макулдашууну аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан чыгымдарды өз алдынча тартат.
5-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча ишти координациялоо максатында Тараптар биргелешкен Жумушчу топту түзөт, ал кызматташуунун конкреттүү долбоорлорун жана программаларын карайт, аларды ишке ашыруу тартиби боюнча сунуштарды даярдайт.
Жумушчу топтун жолугушуулары Тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча өткөрүлөт.
Тараптар жолугушуулардын форматын, ордун, датасын жана тематикасын кошумча макулдашат.
6-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө же аткарууга байланышкан пикир келишпестиктер Тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечилет.
7-берене.
Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча ушул Макулдашууга анын ажырагыс курамдык бөлүгү болуп саналган, өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү жана ушул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык күчүнө кирүүчү өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
8-берене.
Бул Макулдашуунун жоболору Тараптардын мамлекеттери катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу алардын укуктарына жана милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт.
9-берене.
Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболорду Азербайжан Тарап аткаргандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү кабарлоону Кыргыз Тарап дипломатиялык каналдар аркылуу алган датадан тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири дагы учурдагы беш жылдык мөөнөт аяктаганга чейин алты айдан кечиктирбестен экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун аракетин токтотуу тууралуу өзүнүн ниетин жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар аркылуу билдирбесе, кийинки беш жылдык мөөнөттөргө автоматтык түрдө узартылып турат.
Баку шаарында 2022-жылдын "____"-апрелинде, ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө боюнча пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги үчүн |
| Азербайжан Республикасынын Айыл чарба министрлиги үчүн |
____________________________________________________ |
| ____________________________________________________ |