Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 11-майындагы № 244-т
Кыргыз Республикасынын жыл сайын өтүүчү "Run the Silk road - Shanghai Cooperation Organization" эл аралык марафонун (мындан ары - Марафон) сапаттуу жана өз убагында өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Марафонго даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук-техникалык жана башка жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Марафонду өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине 2022-жылга каралган финансылык каражаттарды өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Марафондун катышуучуларына медициналык тейлөөнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Марафон өтүүчү жана анын катышуучулары, ошондой эле дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жашаган жерлерде коомдук тартипти сактоону жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдын ала кайрылуусунун негизинде чет өлкөлүк жарандарга - Марафондун катышуучуларына консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды албастан визалык колдоого жана Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөөгө көмөк көрсөтсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзүнүн компетенциясынын чегинде Марафондун катышуучуларынын, расмий адамдарынын жана ардактуу конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн, ыкчам тартипте чет өлкөлүк жарандардын - Марафондун катышуучуларынын тиешелүү документтерин макулдашуу боюнча чечимдерди кабыл алсын, алардын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан ыкчам өтүүсүнө көмөк көрсөтсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруучулук жана даярдоо чараларын көрсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына, Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясына Марафонго даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн жүрүшүн кеңири чагылдырууну камсыз кылуу сунушталсын.
10. Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларынын мэрияларына Марафонго даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетине Марафонду уюштурууга жана өткөрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүү сунушталсын.
11. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марафонго даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетине Марафонду уюштурууга жана өткөрүүгө ар тараптуу жардам көрсөтсүн.
12. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын жыл сайын өтүүчү "Run the Silk road - Shanghai Cooperation Organization" эл аралык марафонуна даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи, Кыргыз Республикасынан ШКУнун улуттук координатору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Эл аралык марафондун дирекциясы" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча).