Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТЕСКЕМЕ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 450-т, 2024-жылдын 18-мартындагы № 100-т, 2024-жылдын 20-декабрындагы № 816-т , 2025-жылдын 12-мартындагы № 156-т ,
2025-жылдын 28-августундагы № 738-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
2022-жылдын 16-апрели № 120-т
Финансы системасынын ресурстарын мобилизациялоо боюнча иш-чараларга дем берүү, агрардык секторго колдоо көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021 -жылдын 8-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу жолу менен агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, ''Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору 1-тиркемеге ылайык;
2) "Субсидиялоо механизмин ишке ашыруу жолу менен агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору 2-тиркемеге ылайык.
3) "Пайыздык ставкаларды капиталдаштыруу механизмин ишке ашыруу жолу менен агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору 3-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 816-т , 2025-жылдын 12-мартындагы № 156-т , 2025-жылдын 28-августундагы № 738-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Долбоорду ишке ашыруунун алкагында жеңилдетилген кредиттерди берүү жана анын ичинде ислам принциптерине ылайык каржылоо үчүн уставдык капиталды көбөйтүүгө "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна (ААК) 5500000000,0 (беш миллиард беш жүз миллион) жана "Элдик банк" ачык акционердик коомуна (ААК) 4500000000,0 (төрт миллиард беш жүз миллион) сом бөлүп берсин;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Долбоорду ишке ашырууга 10000000000,0 (он миллиард) сом суммасында каражатты карасын;
3) ушул тескеменин 2-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн капиталдаштыруу суммасына "Айыл банк" ААКтын жана "Элдик банк" ААКтын акционери катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп чыксын;
4) алты айлык мөөнөттө нөлдүк купондук кирешеси бар мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана жүгүртүү маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыны иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин;
5) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын;
6) төмөнкүлөрдүн эсебинен Долбоорго каражаттарды тартуу механизмдерин иштеп чыксын:
- мамлекеттин катышуу үлүшү бар коммерциялык банктардын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик баалуу кагаздарынын кепилдиги алдында тартылган каражаттарынын;
- Долбоорду ишке ашырууга катышкан мамлекеттин катышуу үлүшү бар коммерциялык банктарда депозиттерде жайгашкан республикалык бюджеттин каражаттарынын.
7) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте "Айыл Банк" ААКка 2024-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынан "Пайыздык ставкаларды субсидиялоо механизмин ишке ашыруу жолу менен агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун ишке ашыруу үчүн пайыздык ставкаларды субсидиялоого 125700000 (жүз жыйырма беш миллион жети жүз миң) сом бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда 2-транш жана тиешелүү жылдардагы кийинки транштар үчүн пайыздык ставкаларды/ислам каржылоо принциптери боюнча кошмо бааларды (мындан ары - пайыздык ставкалар) субсидиялоо үчүн каражаттарды ушул тескеменин 2-тиркемесине ылайык карасын;
- "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда 3-тиркеме менен бекитилген "Капиталдаштыруу механизмин киргизүү жолу менен агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун ишке ашыруу максатында пайыздык ставкаларды капиталдаштыруу үчүн 444400000 (төрт жүз кырк төрт миллион төрт жүз миң) сомду, анын ичинде "Айыл Банк" ААКка 222200000 (эки жүз жыйырма эки миллион эки жүз миң) сом жана "Элдик Банк" ААКка 222200000 (эки жүз жыйырма эки миллион эки жүз миң) сом карасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-мартындагы № 156-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
3. "Айыл банк" ААК жана "Элдик Банк" ААКка төмөнкүлөр сунушталсын:
- агроөнөр жай кластерлеринин чарба жүргүзүүчү субъекттерин каржылоону жана аларга кредиттерди берүүнү, анын ичинде ислам принциптери боюнча, ошондой эле жогоруда аталган долбоорлордо аныкталган шарттарда лизингдик каржылоону камсыз кылуу;
- жеңилдетилген каржылоодо жана кредиттөөдө, анын ичинде ислам принциптерине ылайык, ошондой эле аталган долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында лизингдик каржылоодо комиссияларды жана башка жыйымдарды албоо.
4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте Долбоордун алкагында артыкчылыктуу тартипте каржылануучу агроөнөр жай кластерлерин аныктасын.
(КР Министрлер Кабинетинин, 2024-жылдын 18-мартындагы № 100-т, 2024-жылдын 20-декабрындагы № 816-т тескемелеринин редакцияларына ылайык
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
"Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 816-т, 2025-жылдын 12-мартындагы № 156-т , 2025-жылдын 28-августундагы № 738-р тескемелеринин редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) максаты азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, экспорттук потенциалды өстүрүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана жеңилдетилген кредит берүү, ислам принциптери боюнча лизинг берүү жана каржылоо жолу менен, сүт, эт, кант, тоок жумурткасы жана эти, жашылчалар жана бакча өсүмдүктөрү, жемиштер жана мөмөлөр, картошка, өсүмдүк майы, дан өсүмдүктөрү, жүгөрү, жүзүмчүлүк, балык чарбасы, пахта, жүн жана тери, бал, буурчак өсүмдүктөрү, жаңгак мөмөлүү өсүмдүктөр (грек жаңгагы жана токой продукциясынын башка түрлөрү) жана органикалык өндүрүш сыяктуу агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү аркылуу агрардык сектордун чарбакер субъекттеринин ишине дем берүү болуп саналат.
2. Долбоордо колдонулуучу аныктамалар:
агроөнөр жай кластери (кластердик бирикме) - ыктыярдуу бирикме, анын катышуучулары болуп айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн бардык стадияларын кошкондо, чийки затты өндүрүүдөн баштап даяр продукцияны сатууга чейинки бирдиктүү кайра өндүрүү процессине катышкан айыл чарбасынын (агроөнөр жай комплексинин) субъекттери, товар өндүрүүчүлөр, агроөнөр жай ишканалары (кайра иштетүү ишканалары жана соода-логистикалык борборлор), экспортко багытталган ишканалар жана субконтракторлор саналат.
Агроөнөр жай кластери (кластердик бирикме) аймактык жана географиялык жайгашуусун эске алуу менен райондук жана регионалдык деңгээлдерде түзүлүшү мүмкүн;
айыл чарбасынын (агроөнөр жай комплексинин) субъекттери - айыл чарба (агро азык-түлүк) товар өндүрүүчүлөрү, агроөнөр жай ишканалары (кайра иштетүүчү ишканалар жана соода-логистикалык борборлор), экспортко багытталган ишканалар жана субконтракторлор;
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы Кластердик өнүктүрүү кеңеши (мындан ары - Кеңеш) - Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай кластердик саясаты жаатындагы туруктуу иштөөчү кеңешүүчү коллегиалдуу эксперттик-консультациялык орган.
Кеңештин курамы жана Жобосу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин чечими менен бекитилет;
Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кластерлеринин реестри (мындан ары - Реестр) - Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кластердик бирикмелеринин маалыматтык базасы. Реестрди түзүү жана жүргүзүү боюнча жооптуу жак болуп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги эсептелет. Реестр маалыматты актуалдаштыруу, системалаштыруу, кластердик бирикмени түзүү жөнүндө макулдашуунун жана колдоо чараларын иштеп чыгуу үчүн ишке мониторинг жүргүзүүнүн негизинде расмий тариздөө максатында түзүлөт. Кластердик бирикмеге кирүү жана Кластердин катышуучуларынын реестрине киргизүү жөнүндө чечим Кеңеш тарабынан кабыл алынат;
айыл чарба (агро азык-түлүк) товар өндүрүүчү - жеке көмөкчү чарба жүргүзгөн, айыл чарба, балык өстүрүү, агротокой өстүрүү продукцияларын өндүргөн жеке же юридикалык жактар;
агрегатор - агроөнөр жай кластериндеги негизги звено (кайра иштетүүчү ишканалар жана/же соода-логистикалык борборлор же жеке ишкерлер), ал продукцияны консолидациялоо, продукциянын абалын өзгөртүү (кайра иштетүү жана/же сорттоо жана/же таңгактоо), аны формалдаштыруу (сертификациялоо) жана продукцияны андан ары кошумча нарк чынжырчасы боюнча илгерилетүү (маркетинг жана сатуу) операцияларын, ошондой эле региондук продуктунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана анын айланасында кластер түзүлүүчү тереңирээк кайра иштетүү даражасын жогорулатуу боюнча ишти жүзөгө ашырат;
соода-логистикалык борбор (мындан ары - СЛБ) - айыл чарба продукциясын алдын ала кайра иштетүү жана/же сорттоо жана/же таңгактоо жана/же сактоо мүмкүнчүлүгү менен аны кийин айыл чарба жана башка рынокторго жеткирүү менен бириктирүү жүргүзүлүүчү ишкана;
субконтракторлор - агроөнөр жай кластеринин агрегаторлору же айыл чарба (агро азык-түлүк) товар өндүрүүчүлөрү үчүн айыл чарба чөйрөсүндөгү товарларды берүүчү же кызматтарды көрсөтүүчү жеке же юридикалык жактар, анын ичинде жеткирүүчүлөр, билим берүү жана илимий-изилдөө институттары, жогорку окуу жайлары жана башка субъекттер;
кошумча нарк чынжырчасы - өндүрүштүн ар кандай этаптары аркылуу анын концепциясынан тартып (физикалык өзгөрүүлөрдүн комбинациясын жана ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдүн өкүлдөрүнүн салымын кошкондо), акыркы керектөөчүгө жеткирүү жана сатуудан кийинки кызмат көрсөтүүлөргө чейин продуктту же кызмат көрсөтүүнү иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон иштин толук ассортименти;
органикалык өндүрүштүн кластери - Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаментинин күбөлүгүнүн негизинде иш жүргүзгөн жана/же органикалык өндүрүшкө эл аралык сертификаттары бар айыл чарба субъекттерин камтыган бирикме;
макулдашуу - продукцияны жеткирүүгө же кызматтарды көрсөтүүгө агроөнөр жай кластеринин катышуучуларынын ортосунда акысыз негизде түзүлүүчү келишим).
3. Долбоордун наркы - 17 млрд. сом.
4. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү ушул Долбоордун 12-пунктунда белгиленген кредиттерди зайымчылар тарабынан кайтаруу мөөнөттөрүндө револьвердик негизде чектөөлөрсүз.
5. Долбоорду ишке ашыруунун башталышы - 2022-жылдын майы.
6. Жооптуу аткаруучулар:
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ачык акционердик коомдору (мындан ары - ААК) ААК.
2. Долбоордун баяндалышы
7. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында жеңилдетилген кредиттик каражаттар "Айыл Банк" ААК жана "Элдик Банк" ААК (мындан ары - катышуучу банктар) тарабынан айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө, агроөнөр жай ишканаларына, экспортко багытталган ишканаларга жана субконтракторлорго берилет.
8. Агрардык сектордун чарбакер субъекттери, анын ичинде жаңы түзүлгөн тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары банктык мыйзамдарга жана катышуучу банктардын талаптарына ылайык Кеңештин сунуштамасынын негизинде ушул Долбоор боюнча жеңилдетилген кредиттик каражаттарды алууга укуктуу агроөнөр жай кластерлеринин катышуучулары боло алат.
9. Кредиттерди тандоо жана берүү тартиби ушул Долбоордун талаптарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына жана коммерциялык банктардын ички жол-жоболук документтерине ылайык жүзөгө ашырылат.
Кредит алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана Кеңештин сунуштамасынын негизинде катышуучу банктардын биргелешкен буйругу менен бекитилет.
Катышуучу банктар бул Долбоордун алкагында жеңилдетилген кредиттерди алууга жана лизингди тариздөөгө катышуучулардын өтүнмөлөрүн артыкчылыктуу тартипте карайт. Катышуучу банктар сураган документтердин толук пакетин берүүдө жеңилдетилген кредитти кароо жана берүү процесси 500,0 миң сомго чейинки өлчөмдө 15 календардык күндүн ичинде, 5,0 млн. сомго чейинки - 25 календардык күндүн ичинде, 5,0 млн. сомдон жогору - 45 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
10. Берилген кредиттерди кайтаруу боюнча бардык тобокелдиктерди катышуучу банктар тартат.
11. Жалпы 17,0 млрд. сом суммасына акча каражаттарын бөлүп берүү ушул Долбоордун 1-пунктунда көрсөтүлгөн агроөнөр жай кластерлери үчүн жүргүзүлөт.
17,0 млрд. сом өлчөмүндөгү акча каражаттары төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлөт:
- 12,8 млрд. сом - агроөнөр жай кластерлеринин ортосунда бөлүштүрбөстөн 18 кластер үчүн;
- 4,2 млрд. сом - айыл чарба, ирригациялык, сугат жана атайын техникаларды, айыл чарба багытындагы автотранспорт каражаттарын, агроөнөр жай жана фермердик жабдууларды, сугаруу максатында скважиналарды бургулоо үчүн бургулоочу орнотмолорду, насостук станцияларды, ресурс үнөмдөөчү/жашыл технологияларды, жогорку өндүрүмдүү асыл тукум айыл чарба жаныбарларын жана канаттууларды лизингге алуу үчүн.
Агрегатордун төлөө жөндөмдүүлүгү сакталган шартта бир эле убакта эки жана/же андан ашык кластерлерде агрегаторлор болуп саналган кайра иштетүүчү ишканаларга жана соода-логистикалык борборлорго жана жеке ишкерлерге жалпы 300,0 млн. сомдон ашпаган же ага барабар суммага кластерлерде кредиттерди алууга жол берилет.
Параллелдүү кредиттерди берүүдө жалпы карыз (мурда алынган кредиттер боюнча негизги сумманын калдыгы жана алынуучу параллелдүү кредиттин негизги суммасы) 300,0 млн. сомдон ашпоого тийиш.
12. Кредит берүү төмөнкүдөй шарттарда жүзөгө ашырылат:
1 | Максаттуу багыты | Чарбакер субъекттерге – агроөнөр жай кластеринин катышуучуларына жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу жана айыл чарба техникасын, агроөнөр жай жабдууларын, асыл тукум жаныбарларды жана канаттууларды лизингге берүү жолу менен колдоо көрсөтүү |
2 | Категориялар үчүн кредит берүүнүн өлчөмү жана мөөнөтү | 1. Айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана субконтракторлору үчүн: – күрөөсүз негизде 36 айга кайтаруу мөөнөтү менен 300,0 миң сомго чейин; – күрөөлүк камсыздоо менен 36 айга кайтаруу мөөнөтү менен 500,0 миң сомго чейин; – күрөөлүк камсыздоо менен 60 айга кайтаруу мөөнөтү менен 5,0 млн сомго чейин. 2. Үрөнчүлүк, асыл тукум чарбалары, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн питомниктери, ошондой эле малды бордоп семиртүү жана тоют даярдоо, буудай өстүрүү менен алектенген айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн – күрөөлүк камсыздоо менен 60 айлык мөөнөткө 50,0 млн сомго чейин. 3. Кластердин агрегаторлору үчүн – күрөөлүк камсыздоо менен 60 айга кайтаруу мөөнөтү менен 150,0 млн сомго чейин. 4. Кант кластеринин агрегаторлору үчүн – күрөөлүк камсыздоо менен 60 айга кайтаруу мөөнөтү менен 300,0 млн сомго чейин. 5. Бир эле убакта эки жана/же андан көп кластерлерде агрегаторлор болуп саналган агрегаторлор үчүн ал катышуучу болуп саналган кластерде күрөөлүк камсыздоо менен 60 айга кайтаруу мөөнөтү менен жалпы 300,0 млн сомдон ашык эмес же ага барабар суммага кредиттерди алууга жол берилет. 6. Бул долбоор боюнча каржылоо алуучу ишкердик субъекттер үчүн параллелдүү кредиттерди алууда жалпы карыз (мурда алынган кредиттер боюнча негизги сумманын калдыгы жана параллелдүү кредит боюнча алынуучу негизги сумма) ушул пункттун 1–5-пунктчаларында көрсөтүлгөн суммадан ашпоого тийиш |
3 | Лизингдин шарттары | Лизингдин суммасы: – айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана субконтракторлор үчүн – 30,0 млн сомго чейин; – кластердин агрегаторлору үчүн – 300,0 млн сомго чейин. Лизингдин мөөнөтү – айыл чарба, ирригациялык, сугат жана атайын техниканы, айыл чарба багытындагы автотранспорт каражаттарын, агроөнөр жай жана фермердик жабдууларды, сугаруу максатында скважиналарды бургулоо үчүн бургулоо орнотмолорун, насостук станцияларды, ресурс үнөмдөөчү/жашыл технологияларды, жогорку өндүрүмдүү асыл тукум айыл чарба жаныбарларын жана канаттууларды лизингге алууга 10 пайыздан кем эмес алгачкы төгүмдү төлөө шарты менен 84 айга |
4 | Лизингдин предметин камсыздандыруу | Лизингдин предмети кардар тарабынан камсыздандыруу компанияларында мүмкүн болуучу зыяндын бардык түрлөрүнөн, анын ичинде өлүм, жоготуу, бузулуу, мөөнөтүнөн мурда эскирүү тобокелдиги менен байланышкан зыяндан милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш |
5 | Агрегаторлор үчүн кайра каржылоонун шарттары | Берилүүчү кредиттин суммасынын 50 пайызынан ашык эмес |
6 | Категориялардын негизги мүнөздөмөлөрү жана кредит алуунун шарттары | Агроөнөр жай кластерлеринин бардык катышуучулары үчүн талаптар: – Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналат; – агрегатор кластердик бирикменин катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде агроөнөр жай кластеринин мүчөсү болууга жана Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында тиешелүү түрдө катталууга тийиш |
7 | Акыркы пайыздык ставка | Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жылдык 6 пайыз |
8 | Жеңилдетилген мезгил | Кредиттин негизги суммасын төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил – 24 (жыйырма төрт) айга чейин |
9 | Айыптык санкциялар | Катышуучу банктар: – зайымчылар тарабынан кредиттик каражаттар максатсыз пайдаланылгандыгы аныкталган учурда кредит максатсыз пайдаланылгандыгы аныкталган күндөн тартып жылдык 30 пайызды белгилөө менен кредит боюнча пайыздык ставкаларды көбөйтүү жолу аркылуу финансылык санкцияларды колдонот же зайымчыдан карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга укуктуу; – агрегаторлор же фермерлер тарабынан кластерде катышуучулардын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде милдеттенмелердин аткарылбагандыгы же талаптагыдай аткарылбагандыгы аныкталган учурда мындай зайымчы боюнча кредит аныкталган күндөн тартып жылдык 30 пайызды белгилөө менен кредит боюнча пайыздык ставкаларды көбөйтүү жолу аркылуу аларга финансылык санкциялар колдонулат |
3. Кредит берүүнүн шарттары
13. Агрегаторлорду кошпогондо, айыл чарба субъекттери үчүн кредит алуунун негизги шарттары:
1) 500,0 миң сомдон жогору кредит алуучу айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү жана субконтракторлор үчүн - агроөнөр жай кластерлеринин кеңеши тарабынан берилүүчү тизмеге ылайык продукцияларды жеткирүүгө же кызматтарды көрсөтүүгө кластердин агрегатору же болбосо соода-логистикалык борборлор менен келишимдин болушу, ал эми 500,0 миң сомго чейинки өлчөмдө кредит алуучу көрсөтүлгөн субъекттер үчүн - жеткирүүгө же кызматтарды көрсөтүүгө келишим талап кылынбайт;
2) үрөнчүлүк, асыл тукум чарбалары жана мөмө-жемиш питомниктери үчүн - агрегаторлорго жеткирүүгө келишимдин болушу талап кылынбайт;
3) органикалык өндүрүштөгү бал, балык, жаңгак мөмөлүү (грек жаңгагы жана токой продукциясынын башка түрлөрү) өсүмдүктөр жана тоок жумурткасы кластерлеринин субъекттери үчүн - агрегаторлорго жеткирүүгө келишимдин болушу талап кылынбайт.
14. Кластердик бирикмелердин агрегаторлоруна карата негизги талаптар:
1) салыктар жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздардын жоктугу, оң кредиттик тарыхтын болушу;
2) юридикалык жак жана жеке ишкер катары тиешелүү органдарда каттоонун болушу. Юридикалык жакты каттоодо/кайра каттоодо же анын уюштуруу-укуктук формасын өзгөртүүдө катышуучу банктар кардардын мурдагы тажрыйбасын эске алышы мүмкүн, ошондой эле өзгөчө учурларда Кеңештин негизделген сунуштамасынын негизинде, башка ырасталган киреше булактары болгондо жаңы түзүлгөн ишканаларга, анын ичинде стартаптарга жол бериши мүмкүн;
3) пландалган жумуш орундарынын санын, салыктык жана социалдык чегерүүлөрдүн көлөмүн көрсөтүү менен бизнес-планды берүү;
4) экспорттук контракт болгондо (саны, суммасы, көлөмү) айыл чарба продукциясын экспорттоочуларга артыкчылыктуу тартипте бөлүп берүү;
5) "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" жана "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына түздөн-түз таандык болгон компанияларга лизингди берүүгө тыюу салуу.
4. Кредиттик каражаттардын багыты
15. Бул Долбоордун алкагында кредиттик каражаттар агроөнөр жай кластерлери боюнча төмөнкү максаттарга бөлүп берилет:
- айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү, объектти куруу жана модернизациялоо үчүн зарыл болгон негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттарды, анын ичинде айыл чарба жаныбарларын, канаттууларды, балыктарды жана аарыларды, ошондой эле өсүмдүк майын, унду жана кантты өндүрүү үчүн импорттук сырьену сатып алууга;
- чарбанын инфраструктурасын түзүүгө (куруу жана жаныбарларды багуу шарттарын, тоют өндүрүүнү, силостук чуңкурларды, ирригация системасын (скважиналарды бургулоо, сугаруу үчүн ирригациялык түтүктөрдү, жамгырлатып-тамчылатуучу системаны салуу), ресурс үнөмдөөчү технологияларды, энергиянын альтернативдүү булактарын жакшыртуу, асыл-тукум, үрөн ишинин, питомниктердин, күнөскана чарбасынын алдынкы технологияларын киргизүү, органиканы сертификациялоо, электр менен камсыздоо, тез курулуучу кампаларды, тосмолорду куруу);
- асыл тукумдук жана үрөндүк жаңылоого, отургузуучу материалды (көчөттөрдү), айыл чарба багытындагы жабдууларды сатып алууга.
16. Лизингдин багыты:
1) лизинг берүүнүн максаттуу тобу болуп айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү, кайра иштетүүчү ишканалар жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин карамагындагы ишканалар саналат;
2) лизинг төмөнкү максаттарга берилет:
- айыл чарба, ирригациялык, сугат жана атайын техникаларды, айыл чарба багытындагы автотранспорт каражаттарын, агроөнөр жай жана фермердик жабдууларды сатып алууга;
- айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча жабдууларды сатып алууга;
- тамчылатып сугаруу системаларын жана жамгырлатуу машиналарын, сугаруу максатында скважиналарды бургулоо үчүн бургулоочу орнотмолорду, насостук станцияларды сатып алууга;
- жогорку өндүрүмдүү асыл тукум айыл чарба жаныбарларын жана канаттууларды сатып алууга;
3) лизинг боюнча күрөөлүк камсыздоо:
- айыл чарба техникасы түрүндөгү лизингдин наркынан 10 пайыз баштапкы төгүм төлөнгөндө лизингдин предмети өзү төлөө кепилдиги болот;
- агроөнөр жай жабдуулары жана жогорку өндүрүмдүү асыл тукум айыл чарба жаныбарлары жана канаттуулар түрүндөгү лизингдин наркынан 10 пайыз баштапкы төгүм төлөнгөндө лизингдин предмети өзү төлөө кепилдиги болот;
4) лизинг берүүгө каралган каражаттардын көлөмү 4,2 млрд. сомду түзөт, анын ичинен:
- 3,6 млрд. сом - айыл чарба, ирригациялык, сугат жана атайын техникаларды, айыл чарба багытындагы автотранспорт каражаттарын, агроөнөр жай жана фермердик жабдууларды, сугаруу максатында скважиналарды бургулоо үчүн бургулоочу орнотмолорду, насостук станцияларды, ресурс үнөмдөөчү/жашыл технологияларды лизингге алууга, анын ичинде:
2,8 млрд. сомдон кем эмес - "Айыл Банк" ААК;
800,0 млн. сомдон кем эмес - "Элдик Банк" ААК;
- 600,0 млн. сомдон ашык эмес - жогорку өндүрүмдүү асыл тукум айыл чарба жаныбарларын жана канаттууларды, анын ичинде:
400,0 млн. сомдон ашык эмес - "Айыл Банк" ААК;
200,0 млн. сомдон ашык эмес - "Элдик Банк" ААК;
5) лизингдин предмети кардар тарабынан мүмкүн болуучу зыяндын бардык түрлөрүнөн, анын ичинде өлүм, жоготуу, бузулуу жана ооруу тобокелдигине байланышкан зыяндан камсыздандырылууга тийиш;
6) "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" жана "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына түздөн-түз таандык болгон компанияларга лизингди берүүгө тыюу салуу.
4.1. Кайра каржылоо шарттары
17. Катышуучу банктар ушул Долбоорду ишке ашыруунун алкагында кредиттик каражаттардын жалпы көлөмүнүн 30 пайызынан кеп эмесин жакшы кредиттик тарыхы бар болгон шартта керектөөчүлүк жана ипотекалык кредиттерди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде алынган агрегаторлордун мурунку кредиттери боюнча карыздарын кайра каржылоого жумшай алат. Ошол эле учурда ар бир зайымчыга берилүүчү кредиттин суммасынын 30 пайызынан көп эмесин кайра каржылоо каралат.
Өзгөчө учурларда Кеңештин негизделген сунуштамасынын негизинде бир агрегаторго берилүүчү кредиттин суммасынын 50 пайызынан көп эмесин кайра каржылоо каралат.
18. Катышуучу банктар "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун ишке ашыруунун алкагында мурда алынган кредит боюнча агрегаторлордун карыздарын кайра каржылоого укуксуз.
4.2. Агроөнөр жай кластерлеринин катышуучуларынын кредитти камсыз кылуу шарттары
19. Камсыз кылууну берүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
1) катышуучу банктар "Кепилдик фонд" ААКтын кепилдигин жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кепилдиктерин кошумча камсыз кылууну бербестен камсыздоо катары тааный алат;
2) катышуучу банктар кредитти камсыз кылууда уюштуруучулардын жана үчүнчү жактардын кепилдиктерин кабыл ала алат;
3) кластердик агрегаторлор коюуга укуктуу, ал эми катышуучу банктар кредитти камсыздоо катары чыгарылган тез бузулбай турган айыл чарба продукциясын кабыл ала алат;
4) катышуучу банктар кредитти камсыздоо катары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын кампа тил каттарынын реестрине киргизилген же ырасталган зайымчылардын кампа тил каттарын кабыл ала алат;
5) кластердик агрегатордун акыркы 3 жыл ичиндеги туруктуу акча агымы болгон учурда катышуучу банктар кредитти камсыздоо катары эгерде бардык эсептешүү каражаттары кредит берген банкта тейлене турган болсо, акцептсиз алуу келишиминин негизинде алардын жүгүртүү каражаттарын (реалдуу акча агымдарын) кабыл ала алат;
6) катышуучу банктар кредитти камсыздоо катары курулуп жаткан өндүрүштүк объектини, анын ичинде өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес жайларды, ошондой эле агроөнөр жай жабдууларын жана пайдаланылуучу күнөскана жабдууларын кабыл ала алат;
7) курулушка сатып алынган жеке менчикте турган жер участогу;
8) катышуучу банктардын ички ченемдик документтерине ылайык камсыз кылуунун башка түрлөрү.
Ушул Долбоор боюнча күрөө коэффициенти күрөө мүлкүнүн рыноктук наркынын 80 пайызы өлчөмүндө аныкталат.
4.3. Кластердин катышуучуларына кредит берүүнүн кошумча шарттары
20. Бул Долбоордо артыкчылык болуп төмөнкүлөр менен алектенген чарбакер субъекттер эсептелет:
- айыл чарба багытындагы өздөштүрүлбөгөн жана күрдүүлүгү төмөн жерлерди жана жайыттарды натыйжалуу пайдалануу жана көрсөтүлгөн жерлерде агротокой чарбасын, багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүү мүмкүндүктөрү менен;
- айыл чарба продукциясына байкоо жүргүзүүнү жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн электрондук коммерция элементтери менен айыл чарбасында санариптик технологияларды киргизүү менен;
- көлмөлөрдүн жана суу сактагычтардын акваторияларынын базасында балык өндүрүүнү уюштуруу жана кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү, анын ичинде балык продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча инфраструктураны түзүү менен;
- айыл чарба продукциясын терең тоңдуруу жана сублимациялык кургатуу технологияларын киргизүү менен;
- агроилимди, мамлекеттик сорт сыноо участокторун жана мамлекеттик асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин иштеп чыгуу менен;
- айыл чарбасында кооперацияны өнүктүрүү жолу менен майда товардык өндүрүштү жеңүү менен;
- айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана тамак-аш коопсуздугу жаатындагы улуттук экологиялык, органикалык стандарттарды жана ченемдерди, ошондой эле эл аралык стандарттарды, айыл чарба жана тамак-аш продукцияларынын сапат жана коопсуздук системаларын (Global GAP, НАССР, ISO, FSSC 2200, "Халал", "Органикс") киргизүү менен;
- пахтаны, жүндү жана терини терең иштетүү менен.
4.4. Катышуучу банктар үчүн кредит берүүнүн кошумча шарттары
21. Катышуучу банктар ушул Долбоор боюнча револьвердик негизде кредиттерди берүүгө укуктуу.
Катышуучу банк тарабынан кредиттик линиянын лимити бекитилет, кредиттик линиянын мөөнөтү - 60 айга чейин, кредиттик линиянын жеткиликтүүлүк (өздөштүрүү) мөөнөтү - 54 айга чейин (иштин түрүнө жараша) белгиленет. Ошол эле учурда транштын негизги суммасын төлөө транш бирдей үлүштөр/аннуитеттик төлөмдөр менен берилгенден кийин, 3-12 айдан кийин (кардардын каалоосу боюнча), пайдалангандыгы үчүн пайыздар кредит берилген учурдан тартып ай сайын же квартал сайын жүзөгө ашырылат, мурда ачылган кредиттик линиянын алкагында транштар боюнча алынган негизги карызды төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил - траншты алган учурдан тартып 3 (үч) айдан 12 (он эки) айга чейин, бирок кредиттик линиянын мөөнөтүнөн ашпоосу зарыл. Пайыздарды төлөө - ай сайын.
Кредиттин мөөнөтүн кредитти пайдалануунун белгиленген мөөнөтүнөн ашык узартууда кредит боюнча пайыздык ставка Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жылдык 10 пайыздан ашпаган өлчөмдө белгиленет.
22. Кредит берүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
кластердин агрегаторлоруна - түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык зайымчынын эсебине акча каражаттарын которуу аркылуу;
фермерлерге - накталай же которуу аркылуу;
багбанчылык менен алектенген фермерлерге көчөт материалдарын сатып алуу үчүн - алынган кредиттин суммасынын 70 пайызынан кем эмес өлчөмдө акча каражаттарын ата мекендик өндүрүүчүнүн эсебине которуу аркылуу.
Агрегаторлор, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү жана субконтракторлор тарабынан башка фонддордон жана финансы-кредиттик уюмдардан каржылоо болгон учурда ушул Долбоордун алкагында параллелдүү каржылоону алууга жол берилет.
4.5. Айыл чарба субъекттери үчүн агроөнөр жай кластерине кирүү шарттары
23. Айыл чарба субъекттеринин алгачкы кайрылуулары катышуучу банктардын бардык кеңселеринде жүзөгө ашырылат.
24. Айыл чарба субъекттеринин алгачкы тизмеси (кайра иштетүүчү ишканалар жана/же соода-логистикалык борборлор, же жеке ишкерлер) катышуучу банктар тарабынан түзүлөт.
25. Агроөнөр жай кластерине агрегатор катары кирүү үчүн айыл чарба субъекттери тарабынан төмөнкүдөй документтер берилет:
- кластерге кошулуу жөнүндө арыз;
- тиешелүү органдарда катталгандыгы жөнүндө документ;
- продукция берүүгө же кызмат көрсөтүүгө макулдашууну түзгөн агроөнөр жай кластеринин катышуучуларынын тизмеси;
- иши тууралуу кыскача маалымат.
26. Айыл чарба субъекттеринин (кайра иштетүү ишканалары жана/же соода-логистикалык борборлор, же жеке ишкерлер) тизмеси саналып өткөн документтер менен кластердик бирикмеге кирүү жана Кластердин катышуучуларынын реестрине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн Кеңештин кароосуна жиберилет. Кеңеш чечимдерди кабыл алгандан кийин агроөнөр жай кластеринин катышуучуларынын тизмеси жеңилдетилген кредит берүүнү кароо үчүн катышуучу банктарга жөнөтүлөт.
27. Райондук жана региондук деңгээлдеги багыттар боюнча Агроөнөр жай кластерлеринин реестри Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан түзүлөт.
5. Долбоорду ишке ашыруунун сыпаттамасы
28. Катышуучу банктар Долбоор күчүнө киргенден кийин он күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кредит берүүнүн көлөмүн көрсөтүү менен каражаттарды берүүгө өтүнмө берет.
29. Долбоордун ишке ашырылышы жөнүндө калкка талаптагыдай маалымдоо максатында катышуучу банктар жалпыга маалымдоо каражаттарында, маалымат стенддеринде жана өздөрүнүн расмий сайттарында кредит берүүнүн шарттарын, ошондой эле кредит алууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталган убакыт мезгилин жарыялайт. Кредитке өтүнмөлөр коммерциялык банктардын өтүнмөлөрүн эсепке алуунун өзүнчө электрондук журналында катталууга тийиш.
30. Катышуучу банктарды капиталдаштырууга каражаттар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан которулат.
31. Катышуучу банктардын кредиттик иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
6. Агроөнөр жай кластерлерин колдоо үчүн бөлүнгөн каражаттардын эсебин жүргүзүү жана аларды максаттуу пайдалануу
32. Долбоордун катышуучуларын андан ары каржылоо үчүн уставдык капиталды капиталдаштырууга каражаттарды алган катышуучу банктар келип түшкөн каражаттарды револьвердик негизде андан ары кредит берүү үчүн гана пайдаланууга милдеттүү.
33. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги катышуучу банктарга берилген каражаттардын максаттуу пайдаланылышына жалпы мониторинг жүргүзөт.
34. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-мартындагы № 156-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
7. Тобокелдиктер жана коркунучтар
35. Кредиттик тобокелдикти минималдаштыруу катышуучу банктар тарабынан жүзөгө ашырылат.
36. Табигый катаклизмдердин коркунучу жана форс-мажордук жагдайлардын болушу:
1) зайымчылар тарабынан форс-мажордук жагдайларга, табигый катаклизмдерге байланыштуу кредиттердин кайтарылбай калуу тобокелдиги пайда болгон учурда катышуучу банктар аны минималдаштыруу боюнча өз алдынча чараларды көрөт;
2) катышуучу банктар тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында зайымчы тарабынан камсыздандыруу тууралуу чечим кабыл алышы мүмкүн.
8. Кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү
37. Кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг катышуучу банктар тарабынан төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) кредит алган учурдан тартып 2 айдын ичинде зайымчылар кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчетторду берүүгө тийиш;
2) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары менен биргеликте кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчет алгандан кийин 3 (үч) айдын ичинде текшерүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу отчет түзүү менен жеринде мониторинг жүргүзүүгө тийиш.
Зайымчылар катышуучу банктарга кредиттин максаттуу пайдаланылышын ырастоочу төмөнкү документтердин бирин берүүгө милдеттүү:
1) жүгүртүү каражаттарына:
- сатып алынган малдын же тоюттун наркын көрсөтүү менен сатуучунун паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен (сатуучу жеке жак болгон учурда) жөнөкөй жазуу жүзүндө түзүлгөн малды сатып алуу/сатуу келишиминин/контракттын көчүрмөсү;
- Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасында (ЖИКС) сатып алынган малдын катталгандыгын күбөлөндүрүүчү документ;
- сатып алуу-сатуу келишими;
- сатып алуу акты;
- эсеп-фактура;
- коштомо кагаз;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан (айыл өкмөтү) маалымкат;
- ветеринарлардан маалымкат;
2) кызматтарды көрсөтүүгө:
- кызматтарды көрсөткөн адамдардын паспортторунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен жөнөкөй жазуу жүзүндө түзүлгөн кызмат көрсөтүү келишими;
3) модернизациялоого, курууга, негизги каражаттарды сатып алууга:
- кыймылсыз мүлктү сатып алууда же модернизациялоодо - сатып алуу баасын көрсөтүү менен сатып алуу-сатуу келишими же курууда, модернизациялоодо кызматтарды көрсөтүү келишими (аткарылган иштердин акты жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алуу актылары);
- жабдууларды сатып алууда - төлөө документи менен ырасталган наркын көрсөтүү менен сатып алуу-сатуу келишими (төлөм тапшырыгы, квитанция, которууга арыз);
- транспорт каражаттарын сатып алууда - кардарга кайра таризделген менчик укугун ырастаган документ.
38. Төмөнкү учурларда:
1) кредит алуу менен агротехникалык иш-чараларды жүргүзүүнүн оптималдуу мезгилинин ортосунда мөөнөттөрдүн ажырымы болсо, кредит берилген күнгө чейин эки айдан эрте эмес таризделген күнү менен актоочу документтерди кабыл алууга жол берилет;
2) жеке жак статусуна ээ болгон адамдардын ортосунда үрөндөрдү, минералдык жер семирткичтерди, КММди сатып алуу-сатуу бүтүмдөрү, ошондой эле техника кызматтарын көрсөтүү боюнча бүтүмдөр жасалса, актоочу документ болуп тил катта паспорттук маалыматтарды, сатылган үрөндөрдүн санын, сортторун же башка продукцияларды/кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүү менен сатуучунун акча каражаттарын алгандыгы жөнүндө тил катын милдеттүү түрдө тиркөө менен сатып алуу-сатуу контракты/келишими же кызматтарды көрсөтүүгө контракт/келишим эсептелиши мүмкүн.
Кредитти максаттуу пайдалануу болуп кредиттин негизги тармактык багытынын алкагында алынган кредиттин 80 пайызын жана андан ашыгын пайдалануу таанылат. Каражаттарды кредит келишиминде көрсөтүлбөгөн максаттарга пайдаланууга зайымчынын чарбасын (бизнесин) өнүктүрүүгө жумшалган шартта 20 пайыздан ашпаган өлчөмдө жол берилет. Негизги тармактык багыт бир тармактын чегинде кредиттик салымдарды алмаштырууну карайт.
9. Долбоордун натыйжалуулугун баалоо
39. Агрегаторлордун кредиттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануусун талдоо жана баалоо максатында катышуучу банктар жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майына чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине отчеттук жылдын 31-декабрына карата абалы боюнча маалыматты төмөнкү критерийлер боюнча берет:
- түзүлгөн орундардын саны;
- берилген кредиттердин көлөмү;
- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы ишканаларынын кубаттуулугун көбөйтүү;
- салыктык чегерүүлөр;
- дүң продукциянын көлөмүн көбөйтүү;
- экспорттун көлөмү;
- фермерлерди камтуунун толуктугу.
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү жана субконтракторлор тарабынан кредиттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугунун критерийлери жана баалоо кластердик бирикмелер тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине отчеттук жылдын 31-декабрына карата абалы боюнча маалымат түрүндө берилет.
40. Катышуучу банктар берилген кредиттер жөнүндө маалыматты (субъекттер боюнча) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине маалымат үчүн (купуя) квартал сайын берип турат.
41. Кластердик бирикмелер квартал сайын Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине зайымчынын жана кластердин экономикалык көрсөткүчтөрүнө кредиттердин таасири жөнүндө агрегацияланган маалыматты берип турат.
42. Долбоордун натыйжалуулугун талдоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жыл сайын Долбоорду ишке ашыруу башталгандан кийинки жылдын 1-июлуна чейин ал толук аяктаганга чейин берилет.
|
| 2-тиркеме |
"Субсидиялоо механизмин ишке ашыруу жолу менен агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 816-т тескемесинин редакциясына ылайык)
1-глава. Долбоорду ишке ашырууну сыпаттоо
1. "Субсидиялоо механизмин ишке ашыруу жолу менен агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун (мындан ары - Долбоор) ишке ашыруунун алкагында 2024-жылдын ичинде "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун (мындан ары - ААК) финансылык каражаттары айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө, агроөнөр жай ишканаларына, экспортко багытталган ишканаларга жана субконтракторлорго берилет.
2. Долбоордун алкагында субсидияларды алуу үчүн "Айыл банк" ААК Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөн жыл үчүн кредиттөөнүн иш жүзүндөгү суммасын көрсөтүү менен субсидиялоого өтүнмө берүүгө милдеттүү.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эсептик коэффициенттерге ылайык субсидиялардын суммасын эсептөө жүргүзөт жана субсидиялардын траншын "Айыл Банк" ААКка которуу үчүн тиешелүү жылга финансылык план даярдайт.
4. Субсидиялардын транштары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан "Айыл Банк" ААКтын алыш-бериш эсебине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички актыларына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынан тиешелүү жыл аяктаганга чейин которулат.
2-глава. Судсидияларды эсептөө
5. Ушул Долбоордун субъекттеринин пайыздык ставкалары боюнча субсидияларды берүүдө "Айыл Банк" ААКтын чыгымдарын жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2024-жылдын 9 айы үчүн берилген маалыматтарына ылайык көрсөтүлгөн банктын ар айлык кредиттөө көлөмүнөн субсидиялоонун төмөнкүдөй эсептик коэффициенттери кабыл алынат:
1) субсидиялоо ставкасы пайыздык ставканын өлчөмүнө карабастан жылдык 9,30 пайызды түзөт;
2) 60 айлык мөөнөткө берилген кредиттер/лизингдик өтүнмөлөр үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти 25,96ны түзөт. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү - 2024-жылы 8,38 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү - 2025-жылы 8,02 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү - 2026-жылы 5,25 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү - 2027-жылы 3,19 эсептик коэффициент боюнча жана бир бөлүгү 2028-жылы 1,12 эсептик коэффициент боюнча которулат;
3) 36 айлык мөөнөткө берилген кредиттер/лизингдик өтүнмөлөр үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти 16,67ни түзөт. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү - 2024-жылы 8,27 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү - 2025-жылы 6,38 эсептик коэффициент жана бир бөлүгү 2026-жылы 2,02 эсептик коэффициент боюнча которулат.
6. Субсидиялоонун ар жылдык суммасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан эсептелет. Субсидиянын коэффициенти кредит берүү мөөнөтүнө карабастан өзгөрүп турушу мүмкүн, бирок 9,30 пайызды түзгөн субсидиялоо ставкасы өзгөрбөстөн калат.
3-глава. Субсидияларды которуу
7. Эсептик формулага ылайык аныкталуучу субсидиялардын суммасы "Айыл Банк" ААКка Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан беш транш менен которулат, анын ичинде:
1) биринчи транш - коммерциялык банктар тарабынан өткөн ай үчүн иш жүзүндө берилген кредиттик каражаттардын суммасына, ар жылдын аягында которулат;
2) экинчи транш - биринчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
3) үчүнчү транш - экинчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
4) төртүнчү транш - үчүнчү транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
5) бешинчи транш - төртүнчү транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин.
8. "Айыл Банк" ААК биринчи траншты алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин, ошондой эле калган транштарды алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине мөөнөтүнөн мурда төлөөлөрдү жүргүзгөн зайымчылардын суммасын, күнүн жана санын көрсөтүү менен мөөнөтүнөн мурда төлөөлөр жөнүндө толук маалымат берүүгө милдеттүү. Субсидиялардын экинчи жана андан кийинки транштарын алуу үчүн мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттерди алып салуу менен өтүнмө берүүгө милдеттүү. "Айыл Банк" ААК берилген жана мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттер боюнча берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
Туура эмес маалымат берилген учурда "Айыл Банк" ААК Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
4-глава. Тобокелдиктер жана коркунучтар
9. Долбоорду ишке ашырууда жеңилдетилген кредиттерди/лизингдик өтүнмөлөрдү алуучулар тарабынан каражаттарды максатсыз пайдалануу тобокелдиги бар.
10. Аталган тобокелдикти минималдаштыруу "Айыл Банк" ААК тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
11. Кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы табылган учурда "Айыл Банк" ААК тиешелүү акт түзүүгө тийиш, зайымчыдан пайдаланылбаган кредиттик каражаттардын калдыгын мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга же кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурга карата колдонуудагы пайыздык ставкалардын чегинде пайыздык ставкаларды кайрадан белгилөөгө тийиш. Кредит берилген күндөн тартып пайыздык ставка жогорулайт. Мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн учурларды кошпогондо, бул учурда "Айыл Банк" ААК субсидиялардын алынган каражаттарын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарууга милдеттенет.
12. "Айыл Банк" ААК тарабынан субсидияларды негизсиз алуу тобокелдигин минималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кредиттердин жана каржылоонун максаттуу пайдаланылышына, анын ичинде ислам принциптерине ылайык келүүсүнө тандалма мониторингди жүргүзөт.".
|
| 3-тиркеме |
"Пайыздык ставкаларды субсидиялоо механизмин ишке ашыруу жолу менен агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-мартындагы № 156-т , 2025-жылдын 28-августундагы № 738-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
1-глава. Долбоорду ишке ашыруунун сыпаттамасы
1. "Пайыздык ставкаларды капиталдаштыруу механизмин ишке ашыруу жолу менен агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун (мындан ары - Долбоор) ишке ашыруунун алкагында 2025-жылдын ичинде "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун (мындан ары - ААК) жана "Элдик Банк" ААКтын финансы каражаттары айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө, агроөнөр жай ишканаларына, экспортко багытталган ишканаларга жана субконтракторлорго берилет.
2. "Айыл Банк" ААК жана "Элдик Банк" ААК кредиттерди берүүнү жана ислам принциптерине ылайык каржылоону (мындан ары - кредит) ислам каржылоо принциптери боюнча жеңилдетилген пайыздык ставкалар/кошмо баалар (мындан ары - пайыздык ставкалар) боюнча 2000000000,0 (эки миллиард) сомдон суммада камсыз кылууга тийиш.
3. "Айыл Банк" ААКка жана "Элдик Банк" ААКка өз чыгашаларынын эсебинен Долбоордо көрсөтүлгөндөн кыйла узагыраак жеңилдетилген мөөнөттү белгилөөгө уруксат берилет.
4. Коммерциялык банктар Долбоордун шарттарын жана талаптарын так сактоого жоопкерчилик тартышат.
5. Долбоордун алкагындагы капиталдаштырууну алуу үчүн "Айыл Банк" ААК жана "Элдик Банк" ААК Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөн жылдагы кредиттөөнүн иш жүзүндөгү суммасын көрсөтүп, капиталдаштырууга өтүнмөнү тапшырууга милдеттүү.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги капиталдаштыруу суммасын эсептөө коэффициенттерине ылайык аныктайт жана "Айыл Банк" ААКка жана "Элдик Банк" ААКка капиталдаштыруу траншын которуу үчүн тиешелүү жылга финансылык планды даярдайт.
7. Капиталдаштыруу суммалары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан "Айыл Банк" ААКка жана "Элдик Банк" ААКка Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тиешелүү ички актыларына ылайык тиешелүү жыл аяктаганга чейин которулат.
2-глава. Капиталдаштыруунун эсеби
8. Капиталдаштырууну берүүдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2024-жылдын 12 айы үчүн маалыматтарына ылайык коммерциялык банктардын ай сайын кредиттөө көлөмүнүн төмөнкү эсептөө коэффициенттери колдонулат:
1) эсептөө коэффициенти пайыздык ставканын өлчөмүнө карабастан жылдык 12,26 пайызды түзөт;
2) 84 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер/лизингдик өтүнмөлөр үчүн капиталдаштыруунун эсептөө коэффициенти 46,49 түзөт. Анын ичинен капиталдаштыруунун бир бөлүгү 2025-жылы 11,11 эсептөө коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2026-жылы 11,41 эсептөө коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2027-жылы 8,57 эсептөө коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2028-жылы 6,68 эсептөө коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2029-жылы 4,79 эсептөө коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2030-жылы 2,91 эсептөө коэффициенти боюнча жана бир бөлүгү - 2031-жылы 1,02 эсептөө коэффициенти боюнча которулат;
3) 60 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер/лизингдик өтүнмөлөр үчүн капиталдаштыруунун эсептөө коэффициенти 34,23 түзөт. Анын ичинен капиталдаштыруунун бир бөлүгү 2025-жылы 11,05 эсептөө коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2026-жылы 10,58 эсептөө коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2027-жылы 6,92 эсептөө коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2028-жылы 4,20 эсептөө коэффициенти боюнча жана бир бөлүгү - 2029-жылы 1,48 эсептөө коэффициенти боюнча которулат;
4) 36 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер/лизингдик өтүнмөлөр үчүн капиталдаштыруунун эсептөө коэффициенти 21,97 түзөт. Анын ичинен капиталдаштыруунун бир бөлүгү 2025-жылы 10,90 эсептөө коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2026-жылы 8,41 эсептөө коэффициенти боюнча жана бир бөлүгү - 2027-жылы 2,66 эсептөө коэффициенти боюнча которулат.
Коммерциялык банктар тарабынан 2025-жылы белгиленген кредиттөө суммасы жетишпеген учурда которулган капиталдаштыруу суммасынын айырмасы кийинки жылга эсептелет.
9. Капиталдаштыруунун ар жылдык суммасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан эсептелет. Капиталдаштыруунун коэффициенти кредит берүү мөөнөтүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн, бирок 12,26 пайыз өзгөрүүсүз калат.
3-глава. Капиталдаштырууну которуу
4-глава. Тобокелдиктер жана коркунучтар
11. Долбоорду ишке ашырууда кредиттерди/лизингдик өтүнмөлөрдү алуучулардын каражаттарды максатсыз пайдалануу тобокелдиги бар.
12. "Айыл Банк" ААК жана "Элдик Банк" ААК белгиленген тартипте бул тобокелдикти азайтууну жүзөгө ашырат.
13. Кредиттик каражаттарды жана каржылоо каражаттарын, анын ичинде ислам каржылоо принциптери боюнча каражаттарды (мындан ары - кредиттик каражаттар) максатсыз пайдалануу фактысы аныкталса, "Айыл Банк" ААК жана "Элдик Банк" ААК тиешелүү акт түзүп, карыз алуучудан колдонулбаган кредиттик каражаттардын калдыгын мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү талап кылууга же кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу аныкталган учурга карата колдонулган пайыздык ставкалардын алкагында пайыздык ставкаларды белгилөөгө тийиш. Пайыздык ставка кредит берилген күндөн тартып жогорулатылат. Кардар кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөгөн учурда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан капиталдаштыруу катары которулган каражаттар коммерциялык банкта калат.
14. "Айыл Банк" ААК жана "Элдик Банк" ААК карыз алуучудан максатсыз пайдаланылган кредиттик каражаттарды капиталдаштыруу боюнча карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда төлөөнү жана кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу, тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан андан ары капиталдаштыруу токтотулат.
Эгерде кредиттик каражаттарды капиталдаштыруудан кийин 2025-жылы "Айыл Банк" ААК жана "Элдик Банк" ААК тарабынан кредиттөө суммасы максатсыз пайдаланылганы аныкталса, которулган капиталдаштыруу суммасынын айырмасы тиешелүү жылдын пландык суммасынан алып салынат.
15. Капиталдаштыруу суммасын негизсиз алуу тобокелдигин азайтуу максатында "Айыл Банк" ААК, "Элдик Банк" ААК жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кредиттердин жана каржылоонун, анын ичинде ислам каржылоо принциптерине ылайык каржылоонун максаттуу пайдаланылышына тандалма мониторинг жүргүзүшөт.