Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 23-августу № 450-т
Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана агрардык секторго мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 120-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган тескеменин тиркемеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
| "Тиркеме |
"Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" ДОЛБООРУ
1. Жалпы жоболор
1. "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун максаты (мындан ары - Долбоор) азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана жеңилдетилген кредиттөө, лизингге берүү жана анын ичинде ислам принциптери боюнча каржылоо жолу менен: сүт, эт (бодо малдын эти, канаттуулар, балык), шекер, тоок жумурткасы, жашылчалар, жемиштер, картөшкө, өсүмдүк майы, дан эгиндеринин агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү аркылуу агрардык сектордогу чарба жүргүзгөн субъекттерди колдоого багытталган иш-чараларга дем берүү болуп саналат.
2. Долбоордо колдонулган аныктамалар:
агроөнөр жай кластери (кластердик бирикме) - бул агроөнөр жай комплексинин кошумча нарк чынжырчасында иштеген фермерлердин, агроөнөр жай ишканаларынын (кайра иштетүү ишканаларынын жана соода-логистикалык борборлордун) аймактык концентрациясы. Кластердик бирикмелердин реестри Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кластердик өнүктүрүү кеңеши (мындан ары - Кеңеш) тарабынан бекитилет, ал эми кластердик бирикменин катышуучуларынын реестри кластердик бирикмелердин өздөрү беришет;
агроөнөр жай кластериндеги агрегатор - бул продукцияны консолидациялоо, продукциянын абалын өзгөртүү (кайра иштетүү, сорттоо, таңгактоо), аны формалдаштыруу (сертификациялоо) жана продукцияны андан ары кошумча нарк чынжырчасы боюнча илгерилетүү (маркетинг жана сатуу) боюнча операцияларды, ошондой эле айланасында кластер түзүлүп жаткан региондук продуктунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана мыктылап кайра иштетүү даражасын жогорулатуу боюнча ишти жүзөгө ашырган кошумча нарк чынжырчасындагы негизги звено (кайра иштетүү ишканалары жана соода-логистикалык борборлор);
соода-логистикалык борбор (мындан ары - СЛБ) - айыл чарба продукциясын алдын ала кайра иштетүү, сорттоо, таңгактоо жана сактоо, андан кийин айыл чарба жана башка рынокторго жеткирүү мүмкүндүгү менен анын консолидациялоосу жүргүзүлгөн ишкана;
кошумча нарк чынжырчасы - өндүрүштүн ар кандай этаптары (физикалык өзгөрүүлөрдүн комбинациясын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ар кандай өкүлдөрүнүн салымын кошкондо), ошондой эле акыркы керектөөчүгө жеткирүү жана сатуудан кийинки кызмат көрсөтүүлөр аркылуу продуктуну же кызмат көрсөтүүнү, анын концепциясынан баштап иштеп чыгуу үчүн талап кылынган иштин толук ассортименти;
дыйкан (фермер) чарбасы (мындан ары - дыйкан чарбасы) - юридикалык жактын статусуна ээ же өз ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзгөн өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект, анын иши көбүнесе айыл чарба продукциясын биргелешип өндүргөн бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн, туугандарынын жана башка адамдардын жеке эмгегине таянып, жер участогуна жана дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнө менчик укугунда таандык болгон же пайдаланууга (ижарага) алынган башка мүлккө негизделет;
үрөн чарбасы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен үрөн чарбалары жөнүндө жобого ылайык үрөн чарбасына коюлуучу талаптарга (критерийлерге) жооп берген бир же бир нече айыл чарба өсүмдүгүнүн үрөндүк жана көчөт материалдарын өстүрүүчү жана (же) сатуучу менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъект;
асыл тукум чарбалары - асыл тукум малды баккан, селекциялык максатта асыл тукум продукциясын (материалды) өндүргөн жана пайдаланган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен асыл тукум чарбалары жөнүндө жобого ылайык тизмеги бекитилген асыл тукум ишиндеги кызматтарды көрсөткөн жеке жана юридикалык жактар.
Мамлекеттик изилдөөдөн жана кайра изилдөөдөн өткөн асыл тукум фермаларынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 478 токтому менен бекитилген.
3. Долбоордун наркы - 10 млрд. сом.
4. Долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү - чектөөсүз револьвердик негизде ушул Долбоордун 12-пунктунда белгиленген зайымчылардын кредиттерди кайтарып берүү мөөнөттөрүндө.
5. Долбоорду ишке ашыруунун башталышы - 2022-жылдын май айы.
6. Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, "Айыл Банк" ачык акционердик коому (мындан ары - ААК) жана "РСК Банк" ААК.
2. Долбоордун сыпаттамасы
7. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында жеңилдетилген кредиттик каражаттар "Айыл Банк" ААК жана "РСК Банк" ААК (мындан ары - катышуучу банктар) тарабынан чарба жүргүзүүчү субъекттерге - агроөнөр жай кластеринин катышуучуларына, анын ичинде дыйкан чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине, жеке ишкерлерге жана жеке жактарга берилет.
8. Бул Долбоор боюнча жеңилдетилген кредиттик каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон агроөнөр жай кластерлеринин катышуучулары катары төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
1) кластерлердин агрегаторлору, башкача айтканда тамак-аш өнөр жай ишканалары, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча ишканалар жана соода-логистикалык борборлор;
2) дыйкан чарбалар, айыл чарба кооперативдери, жоопкерчилиги чектелген коомдор, жеке ишкерлер, айыл чарба өндүрүүчүлөрү, айыл чарбасында иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактар;
3) үрөнчүлүк, питомникте өстүрүүчү жана асыл тукум чарбалары;
4) банк мыйзамдарына жана катышуучу банктардын талаптарына ылайык Кеңештин сунуштамасынын негизинде тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын жаңы түзүлгөн ишканалары.
9. Тандоо жана кредиттерди берүү тартиби ушул Долбоордун талаптарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына жана коммерциялык банктардын ички жол-жоболук документтерине ылайык жүзөгө ашырылат.
10. Берилген кредиттерди кайтарып берүү боюнча бардык тобокелдиктерди катышуучу банктар көтөрөт.
11. Каражаттарды бөлүп берүү ушул Долбоордун 1-пунктунда көрсөтүлгөн 9 кластер үчүн жалпы суммасы 10 млрд. сомго, анын ичинде ар бир кластерге 1 млрд. сомдон ашык эмес жүзөгө ашырылат, анын ичинен 55%дан ашык эмес каражаттар дыйкан чарбаларга, үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн питомниктерине, жеке ишкерлерге жана ар бир кластердин жеке жактарына жана 45%дан кем эмес каражаттар, лизингди кошпогондо, кластердик бирикмелердин агрегаторлоруна жиберилет.
Мындан тышкары, 1 млрд. сом айыл чарба техникасынын, агроөнөр жай жана фермердик жабдуулардын, асыл тукум айыл чарба жаныбарларга жана канаттууларга лизинг үчүн бөлүнөт. Каражаттарды кээ бир кластерлер өздөштүрбөгөн учурда, Кеңештин сунуштамасынын негизинде азык-түлүк коопсуздугунун алкагында каражаттарды кластерлердин ортосунда кайра бөлүштүрүүгө уруксат берүү керек.
12. Кредиттөө төмөнкү шарттарда жүзөгө ашырылат:
Максаттуу багыты | Чарбакер субъекттерге, анын ичинде дыйкан чарбаларга, жоопкерчилиги чектелген коомдорго, жеке ишкерлерге, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жана жеке жактарга, ошондой эле агроөнөр жай кластеринин катышуучуларына жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу жана айыл чарба техникасы, агроөнөр жай жана фермердик жабдуулары, асыл тукум жаныбарлары жана канаттуулар түрүндө лизинг берүү жолу менен колдоо көрсөтүү |
Категориялар үчүн кредиттөөнүн суммаларынын өлчөмдөрү жана мөөнөттөрү | 1) дыйкан чарбалар, жеке ишкерлер, айыл чарба өндүрүүчүлөрү, юридикалык жана жеке жактар: - 300 миң сомго чейин, 36 айга чейин кайтаруу мөөнөтү менен күрөөсүз негизде; - 500 миң сомго чейин, 36 айга чейин кайтаруу мөөнөтү менен, камсыздоосу менен; 2) айыл чарба өндүрүшү менен алектенген дыйкан чарбалар, жоопкерчилиги чектелген коомдор, айыл чарба өндүрүүчүлөрү агрегатор менен келишим болгон учурда 5 млн сомго чейин, 60 айга чейин кайтарып берүү мөөнөтү менен, камсыздоосу менен; 3) айыл чарба кооперативдери, айыл чарба өндүрүүчүлөрү үрөнчүлүк, асыл тукум чарбалары жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн питомниктери, ошондой эле малдарды семиртүү жана тоют даярдоо менен алектенген айыл чарба субъекттери жана өндүрүүчүлөрү 50 млн сомго чейин, 60 айлык мөөнөткө чейин, катышуучу банктардын ички ченемдик укуктук актыларына ылайык камсыздоосу менен; 4) кластердин агрегаторлору (тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жай ишканалары жана СЛБ), ошондой эле жаңы түзүлгөн тамак-аш өнөр жай ишканалары 150 млн. сомго чейин, бардык кластерлер үчүн кайтарып берүү мөөнөтү 60 айга чейин негизги, жүгүртүлүүчү каражаттарды сатып алууга, камсыздоосу менен, ошондой эле өсүмдүк майын, унду жана шекерди өндүрүү үчүн импорттук сырьену сатып алууга |
Лизингдин шарттары | Кредиттөөнүн мөөнөтү 84 айга чейин, айыл чарба техникасынын лизингине, агроөнөр жай жабдууларынын, фермердик жабдуулардын (уй саачу залдары, уй саачу системалары, сүттү муздатуучу резервуарлар, чийки сүттү ташуучу цистерналар, автоматикалык тырмагычтар, сугаргычтар ж.б.), асыл тукум айыл чарба жаныбарларынын жана канаттуулардын лизингине 10 пайыздан кем эмес алгачкы төгүм берүү шарты менен |
Лизингдин предметин камсыздандыруу | Лизингдин предмети мүмкүн болгон, анын ичинде өлүм, жоготуу, уурдатуу, бузулуу жана эрте эскирүү тобокели менен байланышкан зыяндын бардык түрлөрүнөн камсыздандыруу компанияларында милдеттүү тартипте камсыздандырылышы керек |
Кайра каржылоонун шарттары | Берилген кредиттердин суммасынан жана кредиттик каражаттардын жалпы көлөмүнүн 30 пайызынан ашык эмес |
Категориялардын негизги мүнөздөмөлөрү жана кредит алуу шарттары | Агроөнөр жай кластерлеринин бардык катышуучулары үчүн талаптар: - бул долбоор боюнча 500 миң сомго чейинки суммада кредит алган дыйкан чарбаларды, жеке ишкерлерди жана жеке жактарды кошпогондо, кластердик бирикменин катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде агроөнөр жай кластеринин мүчөсү болуу; - Кыргыз Республикасынын резиденти болуу |
Акыркы пайыздык ставка | Сатуудан алынуучу салыкты эске албаганда, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жылдык 6 пайыз |
Жеңилдетилген мезгил | Бардык категориялар үчүн карыздын негизги суммасын жабуу боюнча төлөөдөн толук бошотуу 12 айдан ашык эмес |
Айыптык санкциялар | Катышуучу банктар кредиттик каражаттарды зайымчылар максатсыз пайдалангандыгын аныктаган учурда, аларга карата кредит берилген күндөн тартып жылдык 20 пайызды белгилөө менен кредит боюнча пайыздык ставкаларды өзгөртүү жолу менен финансылык санкциялар колдонулат |
3. Кредиттөөнүн багыттары
13. Агрегаторлорду кошпогондо, айыл чарба субъекттерине кредит алуу үчүн негизги шарттар:
1) кластердик агрегатор менен, ошондой эле дүң-бөлүштүрүүчү компаниялар же соода-логистикалык борборлор менен продукцияны жеткирүүгө 500 миң сомдон ашык кредит алган дыйкан чарбалар, жеке ишкерлер, айыл чарба өндүрүүчүлөрү, юридикалык жана жеке жактар үчүн агрегаторлор тарабынан берилген тизмеге ылайык келишимдин болушу, ал эми 500 миң сомдон аз кредит алган аталган субъекттер үчүн жеткирүү келишими талап кылынбайт;
2) үрөнчүлүк, асыл тукум чарбалар үчүн дыйкан чарбалар же соода-логистикалык борбор менен асыл тукум малды же үрөн материалдарын (өсүмдүк өстүрүү) жеткирүүгө келишимдин болушу;
3) жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актынын жана/же 3 жылдан ашык мөөнөткө ижара келишиминин, айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча кирешелердин жана чыгашалардын техникалык картасынын болушу;
4) мөмө-жемиш питомниктери үчүн фермерлерге жеткирүү жөнүндө келишимдин болушу талап кылынбайт.
14. Кластердик бирикмелердин агрегаторлоруна карата негизги критерийлер:
1) финансылык отчеттуулукка ылайык 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, өзгөчө учурларда Кеңештин негиздүү сунуштамасынын негизинде жаңы түзүлгөн ишканалар жана башка ишканалар;
2) салыктар жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздардын жоктугу, жакшы кредиттик тарыхтын болушу;
3) юридикалык жак катары каттоонун болушу;
4) пландаштырылган жумуш орундарынын санын, салыктык жана социалдык чегерүүлөрдүн көлөмүн көрсөтүү менен бизнес-планды берүү;
5) экспорттук контракт болгон учурда айыл чарба продукциясынын экспорттоочуларына артыкчылыктуу тартипте бөлүп берүү (саны, суммасы, көлөмү);
6) "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" жана "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлеген адамдарга, анын ичинде алар менен аффилирленген субъекттерге жана жакын адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына түздөн-түз же кыйыр таандыгы болгон компанияларга кредиттик каражаттарды бөлүүгө тыюу салынат;
7) кайра иштетүүчү ишканалардын саны чектелген кластерлерде, анын ичинде региондор боюнча жаңы түзүлгөн ишканаларды кошпогондо, агрегаторго бөлүнгөн кредиттин көлөмү акыркы үч жыл ичинде сатылган продукциянын орточо көлөмүнүн 70% ашпоого тийиш;
8) өндүрүштүк максаттар үчүн жабдууларды, чийки заттарды жана материалдарды импорттоону кошпогондо, импорттук соода операцияларын жүргүзүү үчүн каражаттарды бөлүп берүүгө тыюу салынат.
15. Кредиттик каражаттардын багыты:
1) дыйкан чарбалар, айыл чарба кооперативдери, айыл чарба өндүрүүчүлөрү, жоопкерчилиги чектелген коомдор, жеке ишкерлер, жеке жактар, үрөнчүлүк, асыл тукум чарбалар, мөмө-жемиш питомниктери үчүн:
- негизги каражаттарды, анын ичинде айыл чарба жаныбарларын жана айыл чарбаны жүргүзүү үчүн керектүү өндүрүштүк материалдарды сатып алуу;
- чарбанын инфратүзүмүн түзүү (жаныбарларды багуу шарттарын жакшыртуу, тоют өндүрүү, силостуу чуңкурларды, ирригация системасын (скважиналарды бургулоо, сугаруу үчүн магистралдык ирригациялык түтүктөрдү, жамгыр-тамчылатма системасын орнотуу), ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды, энергиянын альтернативдүү булактарын орнотуу, асыл тукум, үрөн ишинин, питомник чарбасынын алдыңкы технологияларын киргизүү, органиканы сертификациялоо, электр менен жабдууну камсыз кылуу, тез курулуучу кампаларды, тосмолорду ж.б. куруу);
- асыл тукумду жана урукту жаңыртуу, көчөт материалдарын, айыл чарба багытындагы жабдууларды сатып алуу;
- жүгүртүү каражаттарын толуктоо;
- малды бордоп семиртүү;
- кызматтарды көрсөтүү жана сатып алуу.
Дыйкан чарбаларды, айыл чарба кооперативдерин, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, жеке ишкерлерди жана жеке жактарды кредиттөөгө каралган каражаттардын көлөмү 5 млрд. сомдон көп эмес, анын ичинде 500 миң сомго чейин кредит алган агроөнөр жай кластерине катышпаган аталган субъекттер үчүн 1 млрд. сомдон ашык эмес жана калган категория үчүн 4 млрд. сом.
2) агроөнөр жай кластеринин агрегаторлору үчүн:
- айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана таңгактоо үчүн негизги каражаттарды жана жабдууларды сатып алуу;
- инфратүзүмдү жакшыртуу (суу менен камсыздоо, скважиналарды бургулоо жана ондоо, электр менен жабдуу, энергиянын альтернативдүү булактарын киргизүү ж.б.), соода-логистикалык борборлорду түзүү;
- жүгүртүү каражаттарын толуктоо;
- дыйкан чарбалардын чийки зат менен камсыз болушунун тереңдигин өнүктүрүү жана колдоо;
- айыл чарба жана тамак-аш продукциясынын сапат жана коопсуздук системаларынын эл аралык стандарттары боюнча окутуу (Global GAP, НАССР, ISO22000, FSSC 2200), ишке киргизүү, сертификациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө.
Агроөнөр жай кластеринин субъекттерине кредит берүүгө каралган каражаттардын көлөмү 4 млрд. сомдон ашпайт.
16. Лизингдин багыты:
1) лизингди берүүнүн максаттуу тобу болуп айылдык товар өндүрүүчүлөр, техниканын техникалык сервисин жана айылдагы калкка механизацияланган кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер жана юридикалык жактар саналат;
2) лизинг "Айыл Банк" ААК тарабынан төмөнкүдөй максаттарга берилет:
- айыл чарба техникасын, агроөнөр жай жана фермердик жабдууларды сатып алууга;
- айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча жабдууларды сатып алууга;
- жамгырлаткыч машиналарды жана жабдууларды сатып алууга;
- асыл тукум айыл чарба жаныбарларын жана канаттууларды сатып алууга;
3) лизинг боюнча камсыздоосу:
- айыл чарба техникасы түрүндөгү лизингдин наркынын алгачкы төгүмү 10 пайыздан кем эмес болгондо карызды жабуунун кепилдиги болуп лизинг предметинин өзү саналат;
- агроөнөр жай жабдуулары жана асыл тукум айыл чарба жаныбарлары жана канаттуулар түрүндөгү лизингдин наркынын алгачкы төгүмү 10 пайыздан кем эмес болгондо карызды жабуунун кепилдиги болуп лизинг предметинин өзү саналат;
4) лизинг берүүгө каралган каражаттардын көлөмү 1 млрд. сомду түзөт, анын ичинде:
- 50 пайызы айыл чарба техникаларын, жабдууларды жана жамгырлаткыч машиналарды сатып алууга пропорциялуу;
- 50 пайызы асыл тукум айыл чарба жаныбарларын жана канаттууларды сатып алууга;
5) лизингдин предмети кардар тарабынан мүмкүн болгон зыяндын бардык түрлөрүнөн, анын ичинде өлүм, жоготуу, уурдатуу, бузулуу, ооруп калуу менен байланышкан зыяндын бардык түрлөрүнөн камсыздандырылышы керек.
1-§. Кайра каржылоонун шарттары
17. Катышуучу банктар ушул Долбоорду ишке ашыруунун алкагында кредиттик каражаттардын жалпы көлөмүнүн 30 пайызынан ашпаган бөлүгүн кредиттик тарыхы оң болгон шартта, керектөөчүлүк жана ипотекалык кредиттерди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринен алынган катышуучулардын мурдагы кредиттери боюнча карыздарын кайра каржылоого жумшай алышат. Мында ар бир зайымчыга берилүүчү кредиттердин 30 пайызынан ашпаган суммасы кайра каржылоо каралат.
18. Катышуучу банктардын "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында мурда алынган кредиттер боюнча зайымчылардын карыздарын кайра каржылоого укугу жок.
2-§. Агроөнөр жай кластерлеринин катышуучулары тарабынан кредитти камсыздоосунун шарттары
19. Кредит берүү төмөнкүдөй шартта жүргүзүлөт:
1) катышуучу банктар Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан кошумча камсыздоосуз "Кепилдик фонд" ААКтын кепилдиктерин жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кепилдиктерин күрөөлүк камсыздоосу катары тааный алат;
2) күрөөлүк камсыздоосу жетишсиз болгон учурда катышуучу банктар Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан кошумча камсыздоосуз "Кепилдик фонд" ААКтын кепилдиктерин жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кепилдиктерин күрөөлүк камсыздоо катары пайдаланууга укуктуу;
3) кредиттин камсыздоосу жетишсиз болгон учурда катышуучу банктар кредиттин камсыздоосуна уюштуруучулардын жана үчүнчү жактардын кепилдиктерин кабыл алышы мүмкүн;
4) кластердин агрегаторлору чыгарылган тез бузулбай турган продукцияны (кантты, унду, данды жана товарлардын башка түрлөрүн) кредиттин камсыздоосу катарында койсо болот, ал эми катышуучу банктар тиешелүү түрдө кабыл ала алат;
5) катышуучу банктар кредиттин камсыздоосу катарында зайымчылардын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын кампа тилкаттарынын реестрине киргизилген жана ырасталган зайымчылардын кампа тилкаттарын алса болот;
6) кпастер агрегаторунун акыркы 3 жыл ичинде туруктуу акча агымы болгон учурда, катышуучу банктар, эгерде бардык эсептешүү каражаттары кредит берген банкта тейленсе, акцептсиз алып салуу келишиминин негизинде алардын жүгүртүү каражаттарын (реалдуу акча агымдарын) кредиттин камсыздоосу катары кабыл ала алат;
7) катышуучу банктар кредиттин камсыздоосу катары курулуп жаткан өндүрүштүк объекттерди, анын ичинде өндүрүштүк жана өндүруштүк эмес жайларды, ошондой эле жабдууларды кабыл ала алат.
3-§. Кластер агрегаторлору үчүн кредиттөөнүн кошумча шарттары
20. Катышуучу банктар ушул долбоор боюнча револьвердик негизде кредит берүүгө укуктуу.
Катышуучу банк тарабынан кредиттик линиянын лимити белгиленет, кредиттик линиянын мөөнөтү 60 айга чейин жана ар бир жеке транштын мөөнөтү 12 айга чейин. Мында транштын негизги суммасын жабуу транш бирдей үлүштөр менен берилгенден кийин 6-8 ай өткөндө (иш циклине жараша), ал эми пайдалануу үчүн пайыздар -кредит берилген учурдан тартып ай сайын же квартал сайын ишке ашырылат.
Кредитти пайдалануунун белгиленген мөөнөтүнөн пролонгациялоодо кредит боюнча пайыздык ставка банк тарабынан айыл чарбага берилген кредиттер боюнча пролонгациялоо учурундагы ставкалардын өлчөмүндө белгиленет.
4. Долбоорду ишке ашыруунун сыпатталышы
21. Катышуучу банктар ушул тескеме күчүнө киргенден кийин он күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кредиттөөнүн көлөмүн көрсөтүү менен каражаттарды берүүгө өтүнмө берет.
22. Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө калкка талаптагыдай маалымат берүү максатында катышуучу банктар кредиттөөнүн шарттарын, ошондой эле кредит алууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталган мезгилди жалпыга маалымдоо каражаттарында, маалымат такталарында жана өздөрүнүн расмий сайттарында жарыялайт. Суммасы 500 миң сомго чейинки кредитке өтүнмөлөр коммерциялык банктардын өтүнмөлөрүн эсепке алуунун өзүнчө электрондук журналында, 500 миң сомдон жогору болсо - башка журналда катталууга тийиш.
23. Катышуучу банктарды капиталдаштырууга каражаттар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан которулат.
24. Катышуучу банктардын кредиттик иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
5. Агроөнөр жай кластерлерин колдоо үчүн бөлүнгөн каражаттардын эсебин жүргүзүү жана аларды максаттуу пайдалануу
25. Долбоордун катышуучуларын андан ары каржылоо үчүн уставдык капиталды капиталдаштырууга каражаттарды алган катышуучу банктар келип түшкөн каражаттарды револьвердик негизде андан ары кредиттөө үчүн гана пайдаланышы керек.
26. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги катышуучу банктарга берилген каражаттарды максаттуу пайдаланууга жалпы мониторинг жүргүзөт.
27. Коммерциялык банктардын ишине көзөмөл Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Тобокелдиктер жана коркунучтар
28. Кредиттик тобокелдикти минималдаштырууну катышуучу банктар жүзөгө ашырат.
29. Табигый катаклизмдердин коркунучу жана форс-мажордук жагдайлардын болушу:
1) форс-мажор, табигый катаклизмдер менен байланышкан зайымчылар тарабынан кредиттерди кайтарбоо коркунучу пайда болгон учурда катышуучу банктар аны минималдаштыруу боюнча өз алдынча чараларды көрөт;
2) катышуучу банктар тобокелдиктерди азайтуу максатында зайымчы тарабынан камсыздандыруу боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн.
7. Кредиттик каражаттарды максаттуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү
30. Кредиттик каражаттарды максаттуу пайдаланууга мониторингди катышуучу банктар жүзөгө ашырат, мында:
1) кредиттерди максаттуу пайдаланууга мониторингди аралыктан жүргүзүү үчүн профилдик ведомстволордун санариптик кызматтарын пайдалануу сунушталат: өсүмдүк өстүрүүчүлүктө мейкиндик маалыматтарынын географиялык маалыматтык системасы, мал чарбада (бодо мал) жаныбарларды идентификациялоо жана байкоого алуу системасы;
2) агроөнөр жай кластеринин субъекттерине кредит берүү түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык зайымчынын эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен жүргүзүлөт.
31. Катышуучу банктардын тобокелдиктерин азайтуу максатында зайымчылар тарабынан отчет берүүсүнө талаптарды коюу керек (кредитти максаттуу пайдаланууну ырастаган документтер, ошондой эле аларды берүү мөөнөттөрү ж.б.).
8. Долбоордун натыйжалуулугун баалоо
32. Кредиттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо максатында катышуучу банктар календардык жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине дүң продукциянын көлөмүн көбөйтүү критерийлери, өндүрүмдүүлүгү, жумуш орундарын түзүү жана башка маанилүү көрсөткүчтөр боюнча алынган кредиттердин социалдык-экономикалык натыйжасы жөнүндө агрегацияланган маалымат берет.
33. Кластердик бирикмелер кредиттердин зайымчынын жана кластердин экономикалык көрсөткүчтөрүнө тийгизген таасири жөнүндө агрегацияланган маалымат берет.
34. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги дүң продукциянын көлөмүн көбөйтүү, өндүрүмдүүлүк жана жумуш орундарын түзүү критерийлери боюнча Долбоордун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзөт жана анын натыйжаларын Долбоор ишке ашырылып баштагандан кийинки жылдын 1-кварталында ал толук аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берет.".