РаспоряжениеСтатус не указан

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 143-т «Өлкөнүн ирригациялык фондусун өнүктүрүүдө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө»

Редакцияот 25.03.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2022-жылдын 25-марты № 143-т

Өлкөнүн ирригациялык фондун өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13. 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине 2022-жылга техникаларды сатып алуу үчүн "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында 3214 "Кредиттер. ссудалар жана займдар" беренеси боюнча экономикалык өнүктүрүү долбоорлорун каржылоого каралган каражаттардан 199 390 000 (жүз токсон тогуз миллион үч жүз токсон миң) сом суммасында бюджеттик кредит берсин;

2) төмөнкүдөй шарттарда белгиленген тартипте кредиттик келишим түзсүн:

- 2024-жылдын 15-июлуна чейин карызды жабуу боюнча жеңилдетилген мезгил, ал негизги сумма жана пайыздар боюнча төлөөнү камтыйт;

- карызды төлөө мөөнөтү - 2024- жылдын 15-июлунан баштап 2027-жылдын 15-июлуна чейин квартал сайын бирдей төлөмдөр менен;

- бюджеттик кредитти пайдалануу үчүн пайыздык ставка - жылдык 0,1 пайыз;

- финансылык санкциялар - мөөнөтү өтүп кеткен карыздын суммасына эсептелүүчү жылдык 0,2 пайыз;

- күрөөлүк камсыздоо - сатып алынган техника.

3) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга  болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:

1) ушул тескемеде көрсөтүлгөн акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматына ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарга жиберсин;

2) бюджеттик кредиттин максаттуу пайдаланылышын жана өз убагында кайтарылышын контролдоону камсыз кылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы:

 

 

 А.У.Жапаров