Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 17-майы № 255-т
Иш-чараларды өз убагында даярдоо жана улуттук жогорку деңгээлде ийгиликтүү өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Канай уулу Байтик баатырдын туулган күнүнүн 200 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн.
4. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо ишке тартылган мамлекеттик органдардын бюджетинин каражаттарынын, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылсын.
5. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |
Тиркеме |
Канай уулу Байтик баатырдын туулган күнүнүн 200 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кызмат орду боюнча:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;
"Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фонду" коомдук фондунун директору.
Жекече:
Кудайбергенов Бактыбек Жапарович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы; |
Азыгалиев Нурланбек Асанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Тогузаков Осмон Асанкулович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча); |
Асанканов Абылабек Асанканович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б.Джамгерчинов атындагы тарых, археология жана этнология институтунун директору (макулдашуу боюнча); |
Абдрахманов Толобек Абылович | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору; |
Азылов Жыргалбек Кумарович | - | "Сары-Өзөн Чүй ынтымак борбору" коомдук бирикмесинин төрагасы; |
Намазалиев Алтынбек Абдисаламович | - | "Чүй облусунун өнүктүрүү фонду" мекемесинин директору; |
Джаманбаев Мураталы Джузумалиевич | - | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин колдонмо математика жана информатика кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Сапаралиев Доолотбек Бекишович | - | К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Кыргызстан жана чыгыш чет өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Алымкулов Карыбек Алымкулович | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жалпы тарых кафедрасынын доценти; |
Шаршенов Ормон Шаршенович | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Капалбаев Октябрь Эркинович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары. |