Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-майы № 277-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык:
1. Ведомстволук караштуулугуна жана баланстык таандыктыгына карабастан, мамлекеттин менчигинде турган курорттук-рекреациялык объекттердин финансы-чарбалык ишине инвентаризация жүргүзүү жана талдоо үчүн жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ алты айлык мөөнөттө:
1) курорттук-рекреациялык объекттердин (имараттардын, курулмалардын, жер участокторунун, номердик фонддун) абалына инвентаризация жүргүзсүн;
2) курорттук-рекреациялык объекттерге ведомстволук жолдомолорду каржылоо жана бөлүштүрүү механизмин, мамлекеттик сектордун жумушчулары үчүн жеңилдиктердин болушун жана мүнөзүн, көрсөтүлүүчү кызматтарга баа түзүүнү изилдесин;
3) курорттук-рекреациялык объекттердин финансы-чарбалык ишине талдоо жүргүзсүн;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына инвентаризациянын отчетун жана курорттук-рекреациялык объекттердин финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, алардын коммерциялык ишинен түшкөн кирешени жогорулатуу, туристтик потенциалын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Жумушчу топ мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча), уюмдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга, ошондой эле жумуш үчүн зарыл болгон маалыматты суроого укуктуу деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жумушчу топко ар тараптуу жана өз убагында көмөк көрсөтсүн.
5. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго жүктөлсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А,У. Жапаров |
Тиркеме |
Мамлекеттин менчигинде турган курорттук-рекреациялык объекттердин финансылык-чарбалык ишине инвентаризация жүргүзүү жана талдоо үчүн жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
"Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомунун президенти, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин эксперти;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун эксперти;
"Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомунун финансылык-экономикалык бөлүмүнүн башкаруучусу;
көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).