Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 31-майы № 301-т
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө сунушун аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "Манас" эл аралык аэропорту" ААК) төмөнкүлөр сунушталсын:
- навигациялык жабдууларды жана атайын техниканы мамлекеттик менчикке тиркемеге ылайык акысыз өткөрүп берүү;
- уюштуруучулук чыгарылыштагы акциялардын уставдык капиталына кирген негизги каражаттардын рыноктук наркын баалоо жол-жобосун жүргүзүү.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жабдууларды жана атайын техниканы мамлекеттик менчикке кабыл алсын;
- бир эле убакта "Манас" эл аралык аэропорту" ААК менен жогоруда аталган жабдууларды жана атайын техниканы убактылуу акысыз пайдалануу келишимин түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жабдууларды жана атайын техниканы, ошондой эле перрону жана жанаша жайгашкан жер участогу менен мурунку чакан терминалды "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын уставдык капиталындагы мамлекеттик үлүштү көбөйтүү үчүн Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынын долбооруна киргизсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |
Тиркеме |
Мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүлүп берилүүчү навигациялык жабдуулардын жана атайын техниканын ТИЗМЕГИ
№ | Жабдуулардын аталышы | Саны | 1 бирдигинин баасы, япон йени менен | Жалпы баасы, япон йени менен |
I. Аба кемелерин приборлор боюнча кондуруу системасы (МК пос. 075° менен ILS системасы) | ||||
1.1 | Курстук радиомаяк (МК пос. 075° менен) | 1 | ¥ 109685000 | ¥ 109685000 |
1.2 | Глисаддык радиомаяк (МК пос. 075° менен) | 1 | ¥ 73425500 | ¥ 73425500 |
1.3 | DME-конуу аралыгын аныктоочу радиомаяк (МК пос. 075° менен) | 1 | ¥ 24195500 | ¥ 24195500 |
1.4 | Алыскы талааны контролдоо прибору (МК пос. 075° менен) | 1 | ¥ 10355000 | ¥ 10355000 |
1.5 | ILS жабдууларын аралыктан башкаруу жана контролдоо системасы (МК пос. 075° менен) | 1 | ¥ 7649000 | ¥ 7649000 |
1.6 | ILS жабдууларын өткөргүчсүз аралыктан башкаруу системасы (МК пос. 075° менен) | 2 | ¥ 421250 | ¥ 842500 |
1.7 | ILS монтаждоо жана ишке киргизүү боюнча чыгымдар (МК пос. 075° менен) | 1 | ¥ 66598000 | ¥ 66598000 |
1.8 | ILS жабдууларын долбоорлоо боюнча чыгымдар (МК пос. 075° менен) | 1 | ¥ 11724000 | ¥ 11724000 |
| ILS жабдуулары боюнча жалпы | ¥ 304474500 | ||
II. Аба кемелерин приборлор боюнча кондуруу системасы (ILS/DME жабдуусу МК пос. 255° менен) | ||||
2.1 | Курстук радиомаяк (МК пос. 255° менен) | 1 | ¥ 109685000 | ¥ 109685000 |
2.2 | Глиссаддык радиомаяк (МК пос. 255° менен) | 1 | ¥ 73425500 | ¥ 73425500 |
2.3 | DME - конуу аралыгын аныктоочу радиомаяк (МК пос. 255° менен) | 1 | ¥ 24195500 | ¥ 24195500 |
2.4 | Алыскы талааны контролдоо прибору (МК пос. 255° менен) | 1 | ¥ 10355000 | ¥ 10355000 |
2.5 | ILS жабдууларын аралыктан башкаруу жана контролдоо системасы (МК пос. 255° менен) | 1 | ¥ 7649000 | ¥ 7649000 |
2.6 | ILS жабдууларын өткөргүчсүз аралыктан башкаруу системасы (МК пос. 255° менен) | 2 | ¥ 421250 | ¥ 842500 |
2.7 | ILS/DME жабдууларын монтаждоо жана ишке киргизүү боюнча чыгымдар (МК нос. 255° менен) | 1 | ¥ 66598000 | ¥ 66598000 |
2.8 | ILS/DME жабдууларын долбоорлоо боюнча чыгымдар (МК пос. 255° менен) | 1 | ¥ 11724000 | ¥ 11724000 |
| ILS/DME жабдуулары боюнча жалпы (МК пос. 255° менен) | ¥ 304474500 | ||
III. Атайын техникалар (аэродромдук өрт өчүрүүчү машина, аэродромдорду кышында күтүү жана аба кемелерин тейлөө үчүн атайын техникалар) | ||||
3.1 | Аэродромдук өрт өчүрүүчү машина | 1 | ¥ 50000000 | ¥ 50000000 |
3.2 | Аэродромдук щёткасы менен үйлөөчү кар тазалоочу машина | 2 | ¥ 55000000 | ¥ 110000000 |
3.3 | Аэродромдук фрезер-ротордук кар тазалоочу машина | 2 | ¥ 40000000 | ¥ 80000000 |
3.4 | Аэродромдук музга каршы химиялык реагенттерди комбинацияланган бөлүштүргүч | 1 | ¥ 50000000 | ¥ 50000000 |
3.5 | Жүктөрдү жүктөгүч (Хайлоадер) | 2 | ¥ 50000000 | ¥ 50000000 |
3.6 | Өзү жүрүүчү ленталуу жүктөгүч (жүктөрдү жүктөө жана түшүрүү үчүн) | 2 | ¥ 9000000 | ¥ 18000000 |
3.7 | Аба кемелерин сүйрөө үчүн аэродромдук сүйрөгүч | 1 | ¥ 65000000 | ¥ 65000000 |
3.8 | Аба кемелеринин кыймылдаткычтарынын абадан ишке киргизүүчү орнотмо | 1 | ¥ 24000000 | ¥ 24000000 |
3.9 | Аба кемелеринин дааратканаларын тейлөөчү өзү жүрүүчү атайын машина | 1 | ¥ 26000000 | ¥ 26000000 |
3.10 | Аба кемелерине суу куюучу өзү жүрүүчү атайын машина (суу менен куюучу машина) | 2 | ¥ 22000000 | ¥ 44000000 |
3.11 | Аба кемелерин жерден электр менен кубаттандыруучу аэродромдук автономдуу булак | 2 | ¥ 10000000 | ¥ 20000000 |
3.12 | Аба кемелеринин салондорун кондиционерлөө үчүн автономдуу орнотмо | 2 | ¥ 25000000 | ¥ 50000000 |
3.13 | Жүктөрдү жана контейнердик арабаларды сүйрөө үчүн электр тарткычтагы сүйрөгүч | 5 | ¥ 9000000 | ¥ 45000000 |
3.14 | Жүк ташуу үчүн атайын чиркегич арабалар | 13 | ¥ 400000 | ¥ 5200000 |
3.15 | Жүк контейнерлерин ташуу үчүн атайын чиркегич арабалар | 12 | ¥ 400000 | ¥ 4800000 |
3.16 | Атайын техникаларды монтаждоо жана ишке киргизүү боюнча чыгымдар |
|
| ¥ 10000000 |
3.17 | Атайын техникаларды долбоорлоо боюнча чыгымдар |
|
| ¥ 5800000 |
| Атайын техникалар боюнча жалпы | ¥ 707800000 | ||