Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 31-майы № 302-т
Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 22, 115-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-беренелерине ылайык:
1. "Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо" долбоору (мындан ары - Долбоор) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 60 ай деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча "РСК Банк", "Айыл Банк" жана "Керемет Банк" ачык акционердик коомдорунун пайыздык ставкаларын субсидиялоого 2022-жылга республикалык бюджеттен 50000000,00 (элүү миллион) сом бөлсүн;
2) Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар менен пайыздык ставкаларды субсидиялоо жөнүндө тиешелүү макулдашууларды түзсүн;
3) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.
4. Ушул тескеменин 3-пунктунун 1-пунктчасында аталган ачык акционердик коомдорго Долбоорду ишке ашырууга катышкан субъекттерге кредит берүүдө комиссиялык жана башка жыйымдарды албоо сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги ушул тескеменин 3-пунктунун 1-пунктчасында аталган ачык акционердик коомдор менен бирдикте Долбоорду аяктоонун жыйынтыгы боюнча натыйжалуулугуна талдоо жүргүзсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |
Тиркеме |
"Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо" ДОЛБООРУ
1. Жалпы жоболор
1. "Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) максаты Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга (мындан ары - чарба жүргүзүүчү субъекттер) жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
2: Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 60 ай.
3. Долбоордун наркы - 470 млн. сом.
4. Каржылоо булактары: Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана "РСК Банк", "Айыл Банк", "Керемет Банк" ачык акционердик коомдорунун каражаттары.
5. Каржылоо Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарынын субъекттерине 1-тиркемеде көрсөтүлгөн тизмеге ылайык багытталат.
6. Долбоорду ишке ашыруунун башталышы - 2022-жылдын май айы.
7. Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Долбоорду ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар.
8. Долбоордун сүрөттөмөсү. Долбоордун алкагында 2022-жылдын ичинде коммерциялык банктардын финансы каражаттары айыл чарбаны өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, өнөр жай, туризм, транспорт, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканалар, соода-логистикалык борборлор жана жашылча кампалары, инновациялык иш (жаңы ишканаларды же иштин жаңы багыттарын түзүү), коргоочу медициналык каражаттарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү, соода, кызмат көрсөтүү, билим берүү, маалыматтык технологиялардын чөйрөлөрү үчүн жеңилдетилген пайыздык ставка боюнча, анын ичинде банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарында иш алып барган жеке адамдарга, чакан жана орто бизнестин субъекттерине берилет.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети чарба жүргүзүүчү субъекттердин каржылоо боюнча пайыздык төлөмдөрүн/баа кошуу чыгашаларын, ошондой эле коммерциялык банктардын кредиттерди жайгаштыруу жана каржылоо боюнча чыгашаларын республикалык бюджеттин каражаттарынан, анын ичинде жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча ислам принциптерине ылайык субсидиялайт.
10. Кредиттерди жана каржылоону берүүнүн тартиби, анын ичинде ислам принциптерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.
11. Коммерциялык банктар ушул Долбоордун алкагында чарба жүргүзүүчү субъекттерди "Кепилдик фонд" ачык акционердик коомунун кепилдиги менен кредиттөөгө/каржылоого укуктуу.
12. Берилген кредиттерди, анын ичинде ислам принциптерине ылайык, кайтарып берүү жана каржылоо боюнча бардык тобокелдиктерди коммерциялык банктар тартат.
13. Зайымчыларды кредиттөө же каржылоо, анын ичинде ислам принциптерине ылайык, 2-тиркемеге ылайык негизги жалпы шарттарда ишке ашырылат.
14. Коммерциялык банктар өз чыгымдарынын эсебинен негизги сумманы төлөө боюнча Долбоордо каралгандан узагыраак жеңилдетилген мезгилди белгилөөгө укуктуу.
15. Потенциалдуу зайымчыларда күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда, алар "Кепилдик фонд" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "Кепилдик фонд" ААК) максималдуу өлчөмү 50%га чейин кепилдик алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
16. Долбоордун катышуучуларына ушул Долбоордун алкагында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан жана башка финансы-кредиттик уюмдардан каржылоо болгон учурда "Айыл чарбаны каржылоо" жана "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорлорун кошпогондо, параллелдүү каржылоону алууга жол берилет.
2. Категориялар боюнча шарттар
17. "Айыл чарба" категориясындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн шарттар:
1) бул категорияга төмөнкүлөр менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер кирет:
- бодо малды кармоо;
- кой, эчки, жылкы, коён кармоо;
- канаттууларды (тоок, өрдөк, каз, төө куш, бөдөнө жана башка айыл чарба канаттууларын) өстүрүү;
- бал аарыларын кармоо, анын ичинде аары балын жана бал момун өндүрүү;
- балык өстүрүү жана балык питомниктеринин жана балык чарбаларынын иши;
- тоютту камдоо, кайра иштетүү жана даярдоо;
2) кредиттердин максаттары мал чарбачылыгын, айыл чарбадагы мал жана үй канаттуулары үчүн базаны түзүүгө, өнүктүрүүгө, кеңейтүүгө, жүргүзүүгө, анын ичинде шарттарды жакшыртууга, тоютту сатып алууга жана камдоого байланыштуу болушу керек;
3) бул категориядагы чарба жүргүзүүчү субъекттерде айыл чарба жаныбарларын (өзүнүн да, пайдаланууга же ижарага берилгенди да) багуу жана көбөйтүү үчүн бардык зарыл шарттар болушу керек.
18. "Айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, соода-логистикалык борборлор жана жашылча кампалары" категориясындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн шарттар:
1) бул категорияга төмөнкүлөр менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер кирет:
- өсүмдүк өстүрүү (жемиштерди, дан эгиндерин, жашылчаларды өстүрүү);
- айыл чарба продукциясын (дан, буурчак, эт, балык, сүт, тери, жүн) кайра иштетүү;
- балыкты кайра иштетүү жана консервациялоо;
- мөмө-жемиштерди, жашылчаларды жана мөмөлөрдү кайра иштетүү жана консервациялоо;
- өсүмдүк майларын жана жаныбарлардын майларын өндүрүү;
- айыл чарба жаныбарлары үчүн тоют өндүрүү;
- минералдык сууларды өндүрүүнү кошпогондо, айыл чарба продукциясынан тамак-аш азыктарын өндүрүү (анын ичинде айыл чарба продукциясынын экинчилик сырьесунан);
- айыл чарба продукциясын таңгактоо, кампага коюу жана сактоо, анын ичинде жашылча кампалары;
- малды жана канаттууларды союу үчүн цехтер;
- кийизди жана кийиз буюмдарын өндүрүү;
- айыл чарба продукциясын сатып алууну, сактоону, ташууну жана сатууну уюштуруу үчүн соода-логистикалык борборлорду куруу;
2) бул Долбоордун алкагында өндүрүштүк циклдин бардык этаптары каржыланышы мүмкүн, анын ичинде негизги жана жүгүртүү каражаттарын сатып алуу, ошондой эле эмгек акы төлөө фонддорун каржылоо;
3) чарба жүргүзүүчү субъекттер (тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары) кредиттин көрсөтүлгөн багытына ылайык, мисалы, завод үчүн имараттарды, жаныбарлар үчүн курулмаларды, мал союучу цехтерди, балык чарбалары үчүн көлмөлөрдү, тоңдуруу бөлмөлөрүн курууда тиешелүү сметаны бериши керек;
4) бул категориядагы артыкчылыктар болуп төмөнкү чарба жүргүзүүчү субъекттер саналат:
- айыл чарба жана тамак-аш продукциясын өндүрүүчү;
- айыл чарба продукциясын (чийки затын) жеткирүү боюнча Долбоорго катышкан жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен келишимдерди жана/же контракттарды түзгөндөр.
19. "Өнөр жай, транспорт, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканалар, инновациялык иш (жаңы ишканаларды же иштин жаңы багыттарын түзүү)" категориясындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн шарттар:
1) бул категорияга төмөнкүлөр менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер кирет:
- негизги фонддорду сатып алуу, жаңылоо, кеңейтүү жана модернизациялоо;
- чийки заттарды, комплекттөөчү буюмдарды, тетиктерди сатып алуу;
- санариптештирүүнүн компоненттерин (электрондук эсеп-фактураларды, программалык кассалык машиналарды, товарларды маркалоону) пайдалануу менен ишкердик иштин субъекттери тарабынан негизги каражаттарды сатып алуу, жаңылоо, кеңейтүү жана модернизациялоо, товарларды, чийки заттарды, комплекттөөчү буюмдарды, тетиктерди сатып алуу;
- өнөр жай, иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканаларына кредиттерди кайра каржылоо;
2) санариптик технологияларды ишке киргизүү менен алектенген субъекттерге Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси менен бизнес-планын берүү сунушталат.
20. "Туризм" категориясындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн шарттар:
бул категорияга төмөнкүлөр менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер кирет:
- туризм инфратүзүмүн жакшыртуу (жолдор, мейманканалар, мотелдер, кафелер жана ресторандар ж.б.);
- ички туризмди өнүктүрүү;
- туризм чөйрөсүндө промоутинг.
21. "Транспорт, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөсү, билим берүү чөйрөсү" категориясындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн шарттар:
бул категорияга төмөнкүлөр менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер кирет:
1) төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен:
- калкты тейлөө чөйрөсүндө кызматтарды;
- автотранспорт каражаттарын тейлөө чөйрөсүндө кызматтарды;
-билим берүү тармагында кызматтарды (балдар жана чоңдор үчүн);
- ветеринардык кызматтарды;
- айыл чарба тармагында консалтинг кызматтарын;
- транспорттук кызматтарды;
2) соода менен.
22. "Маалыматтык технологиялар, коргоочу медициналык каражаттарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү" категориясындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн шарттар:
бул категорияга төмөнкүлөр менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер кирет:
- медициналык коргонуу каражаттарын жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү;
- компьютердик техниканы жана башка жогорку технологияларды, коммуникациянын жаңы каражаттарын өнүктүрүү;
- программалык камсыздоону, анын ичинде маалымат базаларын жана колдонмо программалык камсыздоону иштеп чыгуу, ишке киргизүү, сатып алуу, жакшыртуу;
- айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн инновациялык технологияларды ишке киргизүү.
3. Долбоорду ишке ашыруунун сүрөттөлүшү
23. Долбоорго катышуучу коммерциялык банктар ушул тескеме күчүнө киргенден кийин 10 (он) күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Долбоорду ишке ашырууга катышууга өтүнмөнү Долбоордун тиркемесине ылайык кредиттөө көлөмүн милдеттүү түрдө көрсөтүү менен бериши керек, мында субсидиялоонун ставкасы жылына 11,75 пайыздан ашпоого тийиш.
24. Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө Баткен облусунун калкын тийиштүү түрдө маалымдоо үчүн аны ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жалпыга маалымдоо каражаттарында, коммерциялык банктардын маалыматтык стенддеринде жана расмий сайттарында кредиттөө шарттары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле ушул Долбоор боюнча кредит алууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталган мезгили/убакыты тууралуу маалыматты жарыялашы керек.
25. Долбоор боюнча каржылоо ушул Долбоордун 5-пунктуна ылайык Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарынын жашоочулары үчүн (каттоо, иш жүзүндө жашаган жери, иш жүзүндө чарба жүргүзүү ж.б. боюнча) жүргүзүлөт.
26. Долбоордун алкагында субсидияларды алуу үчүн коммерциялык банктар ай сайын, ар бир айдын 10уна чейин өткөн ай үчүн кредиттөөнүн иш жүзүндөгү суммасын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине субсидияларды алуу үчүн өтүнмө берет.
27. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эсептик коэффициенттерге ылайык субсидиялардын суммасын эсептейт жана коммерциялык банктарга субсидиялардын траншын которуу үчүн тиешелүү айга финансылык планды даярдайт.
28. Субсидиялардын транштары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан коммерциялык банктардын алыш-бериш эсептерине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички актыларына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынан которулат.
29. Коммерциялык банктардын ишин Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы көзөмөлдөйт.
30. Долбоорду ишке ашырууга катышуучу коммерциялык банктар ар жума сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилген кредиттер жөнүндө маалыматтарды берип турушат.
4. Субсидияларды эсептөө
31. Субсидиялоонун ставкасы биринчи 3 жылда жылдык 11,75 пайызды, андан кийинки 2 жылда - жылдык 8,75 пайызды түзөт. Пайыздык ставкалар боюнча субсидияларды берүүдө коммерциялык банктардын чыгымдарын жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2021-жылдын 10 айы үчүн маалыматтарына ылайык коммерциялык банктардын кредит берүүсүнүн ар айлык көлөмүнөн субсидиялоонун төмөнкүдөй эсептик коэффициенттери кабыл алынат:
1) субсидиялоо ставкасы 36 айга жылдык 11,75 пайызды түзөт, кийинки 24 ай үчүн жылдык 8,75 пайыз өзгөрүүсүз калат;
2) 60 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти 31,42 түзөт. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү 2022-жылы 10,59 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү - 2023-жылы 10,14 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү - 2024-жылы 6,64 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү - 2025-жылы 3,00 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү - 2026-жылы 1,05 эсептик коэффициент боюнча которулат;
3) 48 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти 26,47 түзөт. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү 2022-жылы 10,54 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү - 2023-жылы 9,40 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү - 2024-жылы 5,18 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү - 2025-жылы 1,35 эсептик коэффициент боюнча которулат;
4) 36 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти 21,05 түзөт. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү 2022-жылы 10,44 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү - 2023-жылы 8,06 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү - 2024-жылы 2,55 эсептик коэффициент боюнча которулат;
5) 18 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти 12,23 түзөт. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү 2022-жылы 9,95 эсептик коэффициент боюнча; бир бөлүгү - 2023-жылы 2,28 эсептик коэффициент боюнча которулат;
6) субсидиялоонун ар жылдык суммасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан эсептелет. Субсидиялоо коэффициенти кредит берүү мөөнөтүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн, бирок субсидиялоонун ставкасы биринчи 3 жылда жылдык 11,75 пайыздан, андан кийинки 2 жылда - жылдык 8,75 пайыздан ашпайт.
5. Субсидияларды которуу
32. Субсидиялардын суммасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан коммерциялык банктарга бет транш менен которулат, анын ичинде:
1) биринчи транш - коммерциялык банктар тарабынан өткөн кварталда иш жүзүндө берилген кредиттик каражаттардын суммасына субсидиялар ар бир кварталдын аягында которулат;
2) экинчи транш - биринчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
3) үчүнчү транш - экинчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
4) төртүнчү транш - үчүнчү транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин.
5) бешинчи транш - төртүнчү транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин.
33. Долбоорду ишке ашырууга катышуучу коммерциялык банктар биринчи траншты алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин, ошондой эле калган транштарды алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине суммасын, датасын жана мөөнөтүнөн мурда төлөгөн карыз алуучулардын санын көрсөтүү менен мөөнөтүнөн мурда төлөөлөр жөнүндө толук маалыматты берүүгө милдеттүү. Субсидиялардын экинчи жана андан кийинки транштарын алуу үчүн коммерциялык банктар мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттерди алып салуу менен өтүнмөлөрдү берүүгө милдеттүү. Коммерциялык банктар берилген жана мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттер боюнча берилген маалыматтын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
6. Тобокелдиктер жана коркунучтар
34. Долбоорду ишке ашырууда жеңилдетилген кредиттерди алуучулар тарабынан каражаттарды максатсыз пайдалануу тобокелдиги бар.
35. Аталган тобокелдикти азайтуу коммерциялык банктар тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат.
36. Кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда коммерциялык банктар тиешелүү актыны түзүүгө, карыз алуучудан пайдаланылбаган кредиттик каражаттардын калдыгын мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга же кредитти алган күндөн тартып жылдык 18 пайыз өлчөмүндө пайыздык ставкаларды белгилөөгө тийиш. Мындай учурда коммерциялык банктар мөөнөтүнөн мурда төлөгөн учурларды кошпогондо, субсидиялардын алынган каражаттарын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарууга милдеттенет.
37. Коммерциялык банктардын субсидияларды негизсиз алуу тобокелдигин азайтуу максатында:
1) Улуттук банк белгиленген тартипте коммерциялык банктардын ишин мыйзамдардын талаптарын сактоосуна карата көзөмөлдөйт;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен биргеликте кредиттердин жана каржылоонун максаттуу пайдаланылышын, анын ичинде ислам принциптерине ылайык пайдаланылышын текшерет;
3) коммерциялык банктардын субсидияланган кредиттик каражаттарды атайын максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир тараптуу тартипте айдан ары субсидиялоону токтотуп турууга жана субсидиянын траншына жылдык 18 пайыз өлчөмдө пайыздык ставка боюнча айып пулду (которгон күндөн баштап) эсептөө жолу менен финансылык санкцияларды колдонууга укуктуу. Эсептелген айып пулдардын жана субсидиялардын которулган транштарынын суммалары субсидияларды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарылууга тийиш.
38. Табигый кырсыктар (өрт, суу ташкыны, жер титирөө же башка табигый же техногендик кырсыктар), согуш, ар кандай түрдөгү согуштук аракеттер, чек арадагы чыр-чатактуу кырдаалдар, эпидемиялар, өзгөчө абалды киргизүү, массалык баш аламандыктар сыяктуу форс-мажордук жагдайлар, ошондой эле башка жагдайлар келип чыккан учурда коммерциялык банктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аларды азайтуу боюнча чараларды өз алдынча көрүшөт.
7. Кредиттик каражаттарды максаттуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү
39. Кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына коммерциялык банктар тарабынан мониторинг төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) кредитти алган учурдан тартып 2 (эки) айдын ичинде карыз алуучулар кредит боюнча жүргүзүлгөн чыгымдарды документтик түрдө ырастоону (контракттар/келишимдер, эсеп-фактуралар жана/же коштомо кагаздар, төлөгөндүгү тууралуу төлөм документтери ж.б.) тиркөө менен кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жөнүндө отчетторду берүүгө тийиш;
2) карыз алуучудан кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жөнүндө отчетту алгандан кийинки 3 (үч) айдын ичинде коммерциялык банктардын ыйгарым укуктуу кызматкерлери текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчетту тариздөө менен жерине барып мониторинг жүргүзөт;
3) Долбоорду ишке ашырууга катышуучу коммерциялык банктар кардарлардан кредиттик каражаттарды алууга өтүнмөлөрдү кабыл алууну электрондук кезек системасына киргизүүгө милдеттүү.
40. Карыз алуучулар кредиттердин максаттуу пайдаланылышын ырастаган башка документтерди да берүүгө милдеттүү.
8. Долбоордун натыйжалуулугун баалоо
41. Кредиттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо максатында коммерциялык банктар жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча календардык жылдын аягына карата Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине төмөнкү негизги көрсөткүчтөр боюнча (кредитти бергенге чейин жана андан кийин) карыз алуучулар тарабынан кредиттин максаттуу пайдаланылышы жөнүндө жалпыланган маалыматты берет:
1) ушул Долбоордун 2-главасында көрсөтүлгөн чек арадагы калктуу конуштар жана категориялар боюнча берилген кредиттик каражаттардын көлөмү;
2) Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн жумуш орундарынын саны;
3) Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн өндүрүштөрдүн, анын ичинде айыл чарба кооперативдеринин жана иштетүүчү (кайра иштетүүчү) ишканалардын саны;
4) Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында иштеп жаткан ишканалардын саны жана алардын өндүрүшүнүн көлөмү;
5) мурда токтоп турган, реанимацияланган ишканалардын саны жана алардын өндүрүшүнүн көлөмү;
6) өндүрүштүн жана сатуунун жалпы көлөмү;
7) экспорттун жалпы көлөмү;
8) Долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжасында сатып алынган жабдуулардын саны, түрү жана аларды сатып алуу үчүн пайдаланылган финансы каражатынын суммасы.
|
| "Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо" долбооруна 1-тиркеме |
Баткен облусунда жеңилдетилген каржылоого тийиш болгон калктуу конуштардын ТИЗМЕСИ
№ | Аталышы | Калктуу конуш |
Баткен облусу боюнча бардыгы 130 | ||
Баткен району (47) | ||
1 | Баткен | Баткен ш. |
2 | Дара | Чек |
|
| Жаңы-Жер |
|
| Тунук-Суу |
|
| Каң |
|
| Сары-Талаа |
|
| Жаңырык |
|
| Табылга |
|
| Коргон-Таш |
|
| Кайыңды |
3 | Кыштут | Таян |
|
| Газ |
|
| Согмент |
|
| Кыштут |
|
| Чарбак |
|
| Сай |
4 | Ак-Сай | Ак-Сай |
|
| Көк-Таш |
|
| Таш-Тумшук |
|
| Үч-Дөбө |
|
| Капчыгай |
|
| Миң-Булак |
5 | Ак-Татыр | Ак-Татыр |
| Рават | |
|
| Ортобоз |
6 | Кара-Бак | Кара-Бак |
|
| Чет-Кызыл |
|
| Дөбө |
|
| Кызыл-Бел |
|
| Бай-Карабак |
|
| Достук |
|
| Зардалы |
7 | Кара-Булак | Бужум |
|
| Кара-Булак |
8 | Суу-Башы | Боз-Адыр |
|
| Кара-Токой |
|
| Апкан |
|
| Бөжөй |
|
| Айгүл-Таш |
9 | Самаркандек | Самаркандек |
|
| Жаңыбак |
|
| Паскы арык |
|
| Миң-Өрүк |
10 | Төрт-Гүл | Чоң-Талаа |
|
| Чоң-Кара |
|
| Зарташ |
|
| Актурпак |
|
| Ак-Өтөк |
Лейлек району (48) | ||
11 | Раззаков шаарынын мэриясы | Мырза-Патча |
|
| Самат |
|
| Чимген |
|
| Тайлан |
|
| Ак-Булак |
|
| Голбо |
|
| Раззаков шаары |
12 | Кулунду | Интернационал |
|
| Кулунду |
|
| Раззаков атындагы |
|
| Акарык |
|
| Булак-Башы |
|
| Максат |
13 | Бешкент | Андархам |
|
| Бешкент |
|
| Лайлы |
|
| Кайрагач |
|
| Эски-Оочу |
14 | Маргун | Дархум |
|
| Даргаз |
|
| Маргун |
|
| Чурбек |
15 | Жаңы-Жер | Борбордук |
|
| Арка |
|
| Достук |
16 | Сумбула | Андарак |
|
| Сумбула |
|
| Сары-Дөбө |
|
| Көк-Таш |
17 | Ак-Суу | Жар-Кыштак |
|
| Чоюнчу |
|
| Ак-Суу |
|
| Кара-Камар |
|
| Жезкен |
18 | Тогуз-Булак | Кара-Булак |
|
| Айбийке |
|
| Тогуз-Булак |
|
| Миң-Жыгач |
|
| Ай-Көл |
|
| Гордой |
19 | Лейлек | Чуянчы |
|
| Коргон |
|
| Кара-Суу |
|
| Лейлек |
|
| Ак-Терек |
20 | Катран | Баул |
|
| Өзгөрүш |
|
| Катран |
Кадамжай району (35) | ||
21 | А.Масалиев | Лесхоз |
|
| Какыр |
22 | Ак-Турпак | Өтүкчү |
|
| Кызыл-Коргон |
|
| Ак-Турпак |
|
| Калача |
|
| Чоң-Кара |
23 | Алга | Алга |
|
| Чукур-Кыштак |
|
| Адыр |
|
| Жаңы-Чек айылы |
24 | Кыргыз-Кыштак | Кыргыз-Кыштак |
|
| Кайтпас |
|
| Бүргөндү айылы, ОПХ, ПМК |
25 | Халмион | Ынтымак |
|
| Көк-Тал |
|
| Чекелик |
|
| Жошук |
|
| Жаңы-Айыл |
|
| Ирилеш |
|
| Гүлдүрмө |
|
| Ноогардан |
|
| Халмион |
|
| Таш-Дөбө айылы |
26 | Бирлик | Чечме |
|
| Сырт |
|
| Ынтымак |
27 | Котормо | Ак-Кыя |
|
| Кара-Шоро |
28 | Марказ | Марказ айылы |
|
| Пылдырак айылы |
|
| Маяк айылы |
|
| Достук айылы |
|
| Арпа-Сай айылы |
29 | Пульгон | Пульгон айылы |
|
| "Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо" долбооруна 2-тиркеме |
Жеңилдетилген кредит берүүнүн максаттуу багыттары
№ | Максаттуу тармак | Акыркы пайыздык чен | Кредиттин мөөнөтү | Жеңилдетилген мезгил | Берилүүчү кредиттин өлчөмү |
1 | Айыл чарба | 0% | 3 жылга чейин | 1. Пайыздык төлөмдөрдү субсидиялоо - 3 жыл. 2. Кредит берүү учурунда жеңилдетилген мөөнөт бербестен бирдей үлүштө төлөө. 3. Кредит берүүдө 12 айга чейин негизги сумманы төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил | 1. 300000 сомго чейин күрөөлүк камсыздоосуз. 2. 300000 сомдон жогору 1000000 сомго чейин күрөө менен (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө), 50% өлчөмүндө "Кепилдик фонд" ААКтын кепилдиктерин пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен |
2 | Айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү | Биринчи 3 жыл - 0%; андан кийинки 2 жылда - жылдык 3% | 5 жылга чейин | 1. Пайыздык төлөмдөрдүн баардык суммасын субсидиялоо - 3 жыл, пайыздык төлөмдөрдү жарым-жартылай субсидиялоо - 2 жыл. 2. Кредит берүү учурунда жеңилдетилген мөөнөт бербестен бирдей үлүштө төлөө. 3. Кредит берүүдө 12 айга чейин негизги сумманы төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил | 1. 300000 сомго чейин күрөөлүк камсыздоосуз. 2. 300000 сомдон жогору 10000000 сомго чейин күрөө менен (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө), 50% өлчөмүндө "Кепилдик фонд" ААКтын кепилдиктерин пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен |
3 | Өнөр жайы | Биринчи 3 жыл - 0%; андан кийинки 2 жылда - жылдык 3% | 5 жылга чейин | 1. Пайыздык төлөмдөрдүн бардык суммасын субсидиялоо - 3 жыл, пайыздык төлөмдөрдү жарым-жартылай субсидиялоо - 2 жыл. 2. Кредит берүү учурунда жеңилдетилген мөөнөт бербестен бирдей үлүштө төлөө. 3. Кредит берүүдө 12 айга чейин негизги сумманы төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил | 1. 300000 сомго чейин күрөөлүк камсыздоосуз. 2. 300000 сомдон жогору 10000000 сомго чейин күрөө менен (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө), 50% өлчөмүндө "Кепилдик фонд" ААКтын кепилдиктерин пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен |
4 | Туризм | 0% | 3 жылга чейин | 1. Пайыздык төлөмдөрдү субсидиялоо - 3 жыл. 2. Кредит берүү учурунда жеңилдетилген мөөнөт бербестен бирдей үлүштө төлөө. 3. Кредит берүүдө 12 айга чейин негизги сумманы төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил | 1. 300000 сомго чейин күрөөлүк камсыздоосуз. 2. 300000 сомдон жогору 10000000 сомго чейин күрөө менен (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө), 50% өлчөмүндө "Кепилдик фонд" ААКтын кепилдиктерин пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен |
5 | Транспорт | 0% | 3 жылга чейин | 1. Пайыздык төлөмдөрдү субсидиялоо - 3 жыл. 2. Кредит берүү учурунда жеңилдетилген мөөнөт бербестен бирдей үлүштө төлөө. 3. Кредит берүүдө 12 айга чейин негизги сумманы төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил | 1. 300000 сомго чейин күрөөлүк камсыздоосуз. 2. 300000 сомдон жогору 10000000 сомго чейин күрөө менен (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө), 50% өлчөмүндө "Кепилдик фонд" ААКтын кепилдиктерин пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен |
6 | Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканалар | Биринчи 3 жыл - 0%; андан кийинки 2 жылда - жылдык 3% | 5 жылга чейин | 1. Пайыздык төлөмдөрдүн бардык суммасын субсидиялоо - 3 жыл, пайыздык төлөмдөрдү жарым-жартылай субсидиялоо - 2 жыл. 2. Кредит берүү учурунда жеңилдетилген мөөнөт бербестен бирдей үлүштө төлөө. 3. Кредит берүүдө 12 айга чейин негизги сумманы төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил | 1. 300000 сомго чейин күрөөлүк камсыздоосуз. 2. 300000 сомдон жогору 10000000 сомго чейин күрөө менен (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө), 50% өлчөмүндө "Кепилдик фонд" ААКтын кепилдиктерин пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен |
7 | Соода-логистикалык борборлор жана жашылча сактоочу жайлар | Биринчи 3 жыл - 0%; андан кийинки 2 жылда - жылдык 3% | 5 жылга чейин | 1. Пайыздык төлөмдөрдүн бардык суммасын субсидиялоо - 3 жыл, пайыздык төлөмдөрдү жарым-жартылай субсидиялоо - 2 жыл. 2. Кредит берүү учурунда жеңилдетилген мөөнөт бербестен бирдей үлүштө төлөө. 3. Кредит берүүдө 12 айга чейин негизги сумманы төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил | 1. 300000 сомго чейин күрөөлүк камсыздоосуз. 2. 300000 сомдон жогору 10000000 сомго чейин күрөө менен (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө), 50% өлчөмүндө "Кепилдик фонд" ААКтын кепилдиктерин пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен |
8 | Инновациялык иш (жаңы ишканаларды же иштин жаңы багыттарын түзүү) | Биринчи 3 жыл - 0%; андан кийинки 2 жылда - жылдык 3% | 5 жыл | 1. Пайыздык төлөмдөрдүн бардык суммаларын субсидиялоо - 3 жыл, пайыздык төлөмдөрдү жарым-жартылай субсидиялоо - 2 жыл. 2. Кредит берүү учурунда жеңилдетилген мөөнөт бербестен бирдей үлүштө төлөө. 3. Кредит берүүдө 12 айга чейин негизги сумманы төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил | 1. 300000 сомго чейин күрөөлүк камсыздоосуз. 2. 300000 сомдон ашык 10000000 сомго чейин күрөө менен (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө), 50 % өлчөмүндө "Кепилдик фонд" ААКтын кепилдиктерин пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен |
9 | Коргоочу медициналык каражаттарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү | 0% | 3 жылга чейин | 1. Пайыздык төлөмдөрдү субсидиялоо - 3 жыл. 2. Кредит берүү учурунда жеңилдетилген мөөнөт бербестен бирдей үлүштө төлөө. 3. Кредит берүүдө 12 айга чейин негизги сумманы төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил | 1. 300000 сомго чейин күрөөлүк камсыздоосуз. 2. 300000 сомдон ашык 10000000 сомго чейин күрөө менен (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө), 50% өлчөмүндө "Кепилдик фонд" ААКтын кепилдиктерин пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен |
10 | Соода | 0% | 3 жылга чейин | 1. Пайыздык төлөмдөрдү субсидиялоо - 3 жыл. 2. Кредит берүү учурунда жеңилдетилген мөөнөт бербестен бирдей үлүштө төлөө. 3. Кредит берүүдө 12 айга чейин негизги сумманы төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил | 1. 300000 сомго чейин күрөөлүк камсыздоосуз. 2. 300000 сомдон ашып 5000000 сомго чейин күрөө менен (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө), 50% өлчөмүндө "Кепилдик фонд" ААКтын кепилдиктерин пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен |
11 | Кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү | 0% | 3 жылга чейин | 1. Пайыздык төлөмдөрдү субсидиялоо - 3 жыл. 2. Кредит берүү учурунда жеңилдетилген мөөнөт бербестен бирдей үлүштө төлөө. 3. Кредит берүүдө 12 айга чейин негизги сумманы төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил | 1. 300000 сомго чейин күрөөлүк камсыздоосуз. 2. 300000 сомдон жогору 5000000 сомго чейин күрөө менен (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө), 50% өлчөмүндө "Кепилдик фонд" ААКтын кепилдиктерин пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен |
12 | Билим берүү чөйрөсү | 0% | 3 жылга чейин | 1. Пайыздык төлөмдөрдү субсидиялоо - 3 жыл. 2. Кредит берүү учурунда жеңилдетилген мөөнөт бербестен бирдей үлүштө төлөө. 3. Кредит берүүдө 12 айга чейин негизги сумманы төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил | 1. 300000 сомго чейин күрөөлүк камсыздоосуз. 2. 300000 сомдон жогору 1500000 сомго чейин күрөө менен (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө), 50% өлчөмүндө "Кепилдик фонд" ААКтын кепилдиктерин пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен |
13 | Маалыматтык технологиялар | Биринчи 3 жыл 0%; андан кийинки 2 жылда - жылдык 3% | 5 жылга чейин | 1. Пайыздык төлөмдөрдү субсидиялоо - 3 жыл, пайыздык төлөмдөрдү жарым-жартылай субсидиялоо - 2 жыл. 2. Кредит берүү учурунда жеңилдетилген мөөнөт бербестен бирдей үлүштө төлөө. 3. Кредит берүүдө үчүн 12 айга чейин негизги сумманы төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил | 1. 300000 сомго чейин күрөөлүк камсыздоосуз. 2. 300000 сомдон жогору 10000000 сомго чейин күрөө менен (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө), 50% өлчөмүндө "Кепилдик фонд" ААКтын кепилдиктерин пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен |