Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 14-июну № 321-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2021-жылдын 24-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо" долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо" долбоору боюнча гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жогоруда аталган Алмашуу ноталарын жана Гранттык макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын "14"- июну №321-т тескемеси менен жактырылган |
2021- жылдын 24-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо" долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл apaлык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо" долбоору боюнча гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
Алмашуу ноталары жана Гранттык макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо" долбоору боюнча алмашуу ноталары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы ''Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо" долбоору боюнча гранттык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Бюджет. экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети, ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылган. Аталган Алмашуу ноталары жана Гранттык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 14-т тескемеси менен жактырылган.
Гранттык келишимде табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу жана бурганак жана тоңголок сыяктуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, ошондой эле Бишкек-Ош жолунун участокторунда (125-129-км жана 216-222-км) жол тармагын сактоо каралган.
Долбоордун алкагында Бишкек-Ош жолунда кыш мезгилинде ишенимдүү жана натыйжалуу ташууну камсыз кылуу максатында Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларына карды тосуучу тосмолорду жана визуалдык көрсөтмө каражаттарын орнотуу каралган.
Кыргыз Республикасында автомобиль жолдору калктын жашоосунда маанилүү ролду ойнойт. анткени өлкөнүн бардык жүк жана жургүнчү ташууларынын дээрлик 95 % жолдорго туура келет. Өлкөнүн башкы транспорт артерияларынын бири болуп өлкөнүн борбору - Бишкек шаарын чоңдугу жана-мааниси боюнча экинчи шаар болуп эсептелген Ош шаары менен байланыштыруучу, 672 км узундуктагы Бишкек-Ош автомобиль жолу саналат.
Аталган автомобиль жолу бийик тоолуу райондор боюнча өтөт, кыш мезгилинде кар катмарынын пайда болушунан кар көчку, бурганак жана башка табигый кырсыктар көп байкалат, ал эми тик тоолуу рельефтен улам, чокулардан соккон шамал жогорку күчкө ээ жана жолдо пайда болгон кар урандыларынан жана көрүүнүн чектелишинен көбүнчө жол кыймылын токтотууга туура келет. Бишкек-Ош автомобиль жолунун ар кайсы участокторунда кар күрткулөрү пайда болот, бирок эң чоң көлөмдөгү кар күрткүлөрү деңиз деңгээлинен 3586 метр бийиктикте жайгашкан 125-129-км бөлүгүндө (Төө-Ашуу ашуусуна жакын) жана 216-222 км бөлүгүндө (Ала-Бел ашуусуна жакын) 3184 метр бийиктикте пайда болот. Бурганактан улам кыймыл көп учурда жабылат: алсак 2015-2016-жылдардын кыш мезгилинде жол тиешелүүлүгүнө жараша 21 жана 65 жолу жабылган. Кыш мезгилиндеги катаал жаратылыш-климаттык шарттарга байланыштуу трапспорттук каттамдардын мындай токтоп калышы Кыргыз Республикасындагы социалдык жана экономикалык активдүүлүккө өтө терс таасирин тийгизет, ошондой эле өлкө ичиндеги логистикага да, коңшу мамлекеттер менен соода жана экономикалык мамилелерди түзүүгө да тоскоолдуктарды жаратат, бул өлкөнүн экономикалык өнүгүусүнө тоскоол болгон фактор болууда.
Гранттык макулдашуунун шарттары боюнча Япония Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Алмашуу ноталарынын алкагында Япониянын мыйзамдарына ылайык бир миллиард отуз үч миллион япон йени (¥ 1 033 000 000) өлчөмүндө грант берет. Грант ушул Гранттык макулдашууну түзүү жолу менен берилет.
Алмашуу ноталарын жана Гранттык макулдашууну ратификациялоо республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт, ошондой эле кандайдыр бир терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык. коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, коомдук угууну өткөрүүгө муктаж эмес.