Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 17-июну № 335-т
1. 2022-жылдын 19-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" (кредит № 7081-KG, грант № E009-KG) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 335-т тескемеси менен жактырылды |
2022-жылдын 19-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" (кредит № 7081-KG, грант № E009-KG) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2022-жылдын 19-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" (кредит № 7081-KG, грант № E009-KG) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Макулдашуу кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү комитеттери менен белгиленген тартипте макулдашуу жол-жобосунан өткөн:
- 2022-жылдын 4-апрелинде Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети;
- 2022-жылдын 11-апрелинде Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети;
- 2022-жылдын 11-апрелинде Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети.
Макулдашуунун долбоору ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 205-т тескемеси менен жактырылган.
Макулдашууда Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (мындан ары - ЭӨА) тарабынан ЭӨА ресурстарынан 50 млн. АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген кредит жана 50 млн. АКШ доллары өлчөмүндө грант берүү каралган. Кредит 38 жылга, анын ичинде алты жылдык жеңилдетилген мезгилге, 0,75% өлчөмүндө пайыздык ставка менен 32 жылга берилет. Долбоордун жалпы наркы 100 млн. АКШ долларына бааланат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 7 жыл, 2022-жылдан тартып 2028-жылга чейин.
"Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоору (i) айрым дарыя бассейндеринде климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана (ii) жергиликтүү жана улуттук деңгээлде климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу ресурстарын башкаруу үчүн институттук потенциалды чыңдоого багытталган.
Макулдашууга ылайык Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу, Бөкөнбаев жана Кажы-Сай айылдарындагы суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана тазалоочу курулмаларды калыбына келтирүү жана куруу, ошондой эле Баткен облусундагы үйлөрдү/короолорду кошуу аркылуу суу менен камсыздоонун жаңы системаларын куруу жана мурда болгондорун калыбына келтирүү каржыланат, жалпы 38 айылда.
Мындан тышкары, долбоордук каражаттардын эсебинен Карадарья-Сырдарья-Амударья (Ош, Баткен облустары жана Жалал-Абад облусунун бир бөлүгү) дарыяларынын бассейнинде жайгашкан үч ирригациялык жана дренаждык системаларды реабилитациялоо боюнча иштер каржыланат. Үч ирригациялык система 23 суу пайдалануучулар ассоциациясынын башкаруусунда турган жалпы аянты 28000 га болгон айыл чарба багытындагы жерлерди суу менен камсыз кылат.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир терс социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.
Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан кош каржылоо каралган эмес, тиешелүү түрдө республикалык бюджеттен Макулдашууну ишке ашырууга финансылык каражаттарды бөлүү талап кылынбайт.