Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы N 625-т тескемесинин редакциясына ылайык)
2022-жылдын 23-июну № 348-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Координациялык кеңеш зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын жана мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) тиешелүү жетекчилерин жана кызматкерлерин, жарандык коомдун, бизнес коомдоштугунун өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди (макулдашуу боюнча) белгиленген тартипте ишке тартсын.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери:
- Координациялык кеңештин ишине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн, ал сураган документтерди жана маалыматты берсин;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын системасында түзүмдүк кайра өзгөртүүлөрдү жүргүзүү, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун ортосунда функцияларды кайра бөлүштүрүү, ошондой эле алардын чектүү штаттык санын көбөйтүү боюнча компетенциясына кирген маселелерди Координациялык кеңеш карагандан кийин аларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кароону демилгелесин ("Кызматтык пайдалануу үчүн" деген грифи бар же жашыруун мүнөздөгү документтерди кошпогондо).
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |
1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы N 625-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин координациялык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
жекече (макулдашуу боюнча):
Касымов Роман Пазылович | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти; |
Балтагулов Джалалбек Тюрегельдиевич | - | мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү көз карандысыз эксперт; |
Дикамбаев Азамат Шамильевич | - | мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү көз карандысыз эксперт; |
Кадыров Арстан | - | "ЛАРК" аналитикалык изилдөө борборунун директору; |
Мусабеков Алмаз Обозбекович | - | мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү көз карандысыз эксперт; |
Мукамбетов Мурат Картайбекович | - | мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү көз карандысыз эксперт; |
Третьяков Александр Викторович | - | мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү көз карандысыз эксперт; |
Чекиров Асылбек Асаналиевич | - | мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү көз карандысыз эксперт; |
Шадыбеков Кубанычбек Баймуратович | - | мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү көз карандысыз эксперт. |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы N 625-т, 2024-жылдын 8-январындагы N 1-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)
2022-жылдын 23-июну № 348-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Координациялык кеңеш зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын жана мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) тиешелүү жетекчилерин жана кызматкерлерин, жарандык коомдун, бизнес коомдоштугунун өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди (макулдашуу боюнча) белгиленген тартипте ишке тартсын.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери:
- Координациялык кеңештин ишине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн, ал сураган документтерди жана маалыматты берсин;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-январындагы N 1-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-январындагы N 1-т тескемесинин редакциясына ылайык)
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |
1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-январындагы N 1-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
жарандык коомчулуктун, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер (макулдашуу боюнча).
Эскертүү - Координациялык кеңештин ишине катышуу үчүн жарандык коомчулуктун, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер каралып жаткан маселеге жараша Координациялык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу үчүн жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмү тарабынан Координациялык кеңештин төрагасы/төраганын орун басары менен макулдашуу боюнча жекече аныкталат.
Бул өкүлдөр, анын ичинде Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү багыттарды тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ошондой эле Координациялык кеңештин кароосу үчүн маселелер демилгеленген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарынын негизинде аныкталат.
Жарандык коомчулуктун, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер Координациялык кеңештин ишине добуш берүү укугу менен катышат.