Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 23-июну № 430
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун биргелешкен жолугушуусуна катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун (мындан ары - Өкмөттүк делегациянын жумушчу тобу) курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Өкмөттүк делегациянын жумушчу тобу 2022-жылдын 4-июлунан тартып 8-июлуна чейин Өзбекстан Республикасынын Анжиан шаарына жиберилсин.
3. Иш сапардык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |
Тиркеме |
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун КУРАМЫ
Борубаев Назирбек Нарматович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, жумушчу топтун жетекчиси; |
Мырзаев Абдулат Абдираимович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директору; |
Мусурманкулов Жанышбек Жусупович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгүнүн эксперти; |
Насиров Эдуард Кашкаевич | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси - өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи; |
Ныязбаев Каныбек Ныязбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык жана Евразиялык экономикалык бирлиги менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы; |
Сатиев Уланбек Кошбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Исабеков Нарынбек Дуйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин директору; |
Толеев Ардак Азизбекович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Мамкартография" геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары; |
Эргешов Абдиназар Мамытович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги. |