Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 8-июлу № 381-т
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине жана 86-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2017-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 15-апрелинде кол коюлган № 2 кошумча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын "___" _______№ _________ тескемеси мененжактырылган |
2017-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 15-апрелинде кол коюлган № 2 кошумча макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2017-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга киргизүү" долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 15-апрелинде кол коюлган № 2 кошумча макулдашуу (мындан ары - № 2 кошумча макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык келет жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 14-пунктуна ылайык № 2 кошумча макулдашуу милдетүү түрдө ратификацияланууга тийиш. Ушуга байланыштуу № 2 кошумча макулдашуунун долбоору ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери менен макулдашылган (Бюджет жана финансы боюнча комитети - 2022-жылдын 16-мартындагы чечим, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети - 2022-жылдын 11-мартындагы чечим, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети - 2022-жылдын 16-мартындагы чечим) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 163-т тескемеси менен жактырылган.
№ 2 кошумча макулдашуу инвестициялык кредиттин негизги карызын төлөө үчүн шарттарды жеңилдетүү максатында 2022-жылдын 15-апрелинде кол коюлган.
№ 2 кошумча макулдашуунун шарттарынын алкагында № 2 кошумча макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып негизги карызды жоюу 2024-жылдын 30-мартынан баштап жана 2039-жылдын 30-мартында аяктап, ар жылдын 30-мартында жана 30-сентябрында төлөнүүгө тийиш экендиги белгиленет. Негизги карызды төлөөнүн графиги көрсөтүлгөн сумманы тандоодон кийинки негизги карызды төлөөнүн эң жакынкы күнүнөн баштап жана 2039-жылдын 30-мартында аяктап, инвестициялык кредиттин ар бир тандалган суммасы негизги карызды жоюунун ар бир датасында бирдей үлүштөр менен төлөнүүгө тийиш экендигинин негизинде эсептелет. Бөлүнбөгөн калдыктары негизги карызды төлөөнүн акыркы датасына - 2039-жылдын 30-мартына тийиштүү.
№ 2 кошумча макулдашууда инвестициялык кредиттин негизги карызын жоюу боюнча шарттарды жеңилдетүү каралгандыгын эске алып, № 2 кошумча макулдашууну ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.
№ 2 кошумча макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансылык-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.