Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 19-июлу № 395-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азия өнуктүрүү банкынын ортосундагы «Кыргыз Республикасы: Саламаттык сактоо жаатындагы коопсуздукту бекемдөө боюнча региондук долбоор» долбоорун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азия енүктүрүү банкынын ортосундагы «Кыргыз Республикасы: Саламаттык сактоо жаатындагы коопсуздукту бекемдөө боюнча региондук долбоор» долбоорун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдеттерин убактылуу аткаруучуга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары боюнча протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кыргыз Республикасы: Саламаттык сактоо жаатындагы коопсуздукту бекемдөө боюнча региондук долбоор» долбоорун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын курамы
Касымбеков Жаркынбек Орозбекович | - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу, делегациянын башчысы; |
Садыков Улан Асанбекович | - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Татиков Руслан Сатылганович | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Абдрахманов Канат Жаныбекович | - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
Бекташов Талантбек Изатиллаевич | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары. |