Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 20-июлу ПТ № 135
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы XXI кылымда Борбордук Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимдин тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н.Жапаров |
Долбоор |
Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы XXI кылымда Борбордук Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишим
Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Тажикстан Республикасы, Түркмөнстан жана Өзбекстан Республикасы мындан ары Келишим түзүүчү Тараптар деп аталып,
Борбордук Азия мамлекеттеринин элдеринин терең тарыхый жана маданий жалпылыгын эске алып,
Борбордук Азия мамлекеттеринин алдыга карай өнүгүүсү үчүн мамлекеттик суверенитеттин, аймактык бүтүндүктүн, туруктуулуктун өзгөчө маанилүүлүгүн жана туруктуу баалуулугун таанып,
достук, ынак коңшулук. жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары бекемдөө Борбордук Азия мамлекеттеринин элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп бере тургандыгына ишенип,
саясий диалогду ырааттуу тереңдетүүгө жана өз ара пайдалуу көп кырдуу кызматташтыкты интенсификациялоого өз ара умтулуп,
эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, баарынан мурда Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын максаттарына жана принциптерине берилгендигин ырастап,
Бүткүл региондун туруктуу өнүгүүсүнүн негизи болгон Борбордук Азияда тууктуулукту, коопсуздукту жана эл аралык ынтымакты камсыз кылуу үчүн жогорку деңгээлдеги жоопкерчиликти түшүнүү менен,
региондогу турктуулукту бекемдөө максатында иш-аракеттерди координациялоо зарылдыгын жана биргелешкен күч-аракеттердин маанилүүлүгүн таанып,
Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук, логистикалык, туристтик жана маданий-гуманитардык потенциалдарын ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган регионалдык кооперация, ошондой эле бардык Келишим түзүүчү Тараптардын жарандарынын бакубаттуулугун жана жашоо сапатын жогорулатуу идеясын мындан ары илгерилетүүгө өзүнүн чечкиндүүлүгүн билдирип,
Келишим түзүүчү Тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн негиз болуучу платформасы катары Борбордук Азиянын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушууларынын алкагында саясий диалогду жана ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп,
Борбордук Азияда тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү зонасын түзүү, ошондой эле XXI кылымда бардык Келишим түзүүчү Тараптардын кызыкчылыктарына жооп берген аймактык кызматташтыктын бийик максаттарына жетүү боюнча биргелешкен күч-аракеттердин маанилүүлүгүн таанып,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты.
1-берене
Келишим түзүүчү Тараптар өз мамилелерин өз ара урматтоонун, теңдиктин, өз ара түшүнүүнүн жана бири-биринин кызыкчылыктарын ар тараптуу эске алуунун негизинде түзөт.
Келишим түзүүчү Тараптар региондо бекем тынчтыкты камсыз кылуу жана Борбордук Азия мамлекеттерин туруктуу жана алдыга карай өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында өз күч-аракеттерин бириктирүүгө ниеттенет.
2-берене
Келишим түзүүчү Тараптар өз ара мамилелерин мамлекеттик суверенитетти, аймактык бүтүндүктү жана чек аралардын бузулгустугун өз ара урматтоо, ички иштерге кийлигишпөө жана талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу, күч же күч менен коркутууну колдонбоо, өз ара пайда жана тынчтыкта жанаша жашоо, адамдын негизги укуктарын жана эркиндигин сактоо, эл аралык милдеттенмелерди, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган башка принциптерин жана ченемдерин ак ниет аткаруу принциптерин жетекчиликке алуу менен стратегиялык өнөктөштүктү жана көп кырдуу кызматташтыкты түзүүгө жана бекемдөөгө умтулуунун, ишенимдин негизинде өнүктүрөт.
3-берене
Келишим түзүүчү Тараптар ар бир Келишим түзүүчү Тарап тандап алган саясий, экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүү жолун өз ара урматтайт.
4-берене
Келишим түзүүчү Тараптар Борбордук Азияда тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөө максатында тыгыз өз ара аракеттенишет, анын ичинде региондук жана эл аралык күн тартибинин өз ара кызыгууну жараткан актуалдуу маселелери боюнча туруктуу негизде беш тараптуу консультацияларды өткөрөт.
Келишим түзүүчү Тараптар тең укуктуу ишенимдүү өнөктөштүктү жана стратегиялык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү максатында Борбордук Азиянын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушууларынын форматынын натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт, беш тараптуу өз ара аракеттенүүнүн колдонуудагы механизмдерин өркүндөтөт, ошондой эле зарыл болгон учурда башка консультативдик-кеңеш берүүчү органдарды жана эл аралык түзүмдөрдү түзөт.
5-берене
Келишим түзүүчү Тараптар алардын көз карандысыздыгына, суверенитетине жана аймактык бүтүндүгүнө коркунучту болтурбоо маселелеринде бири-бирине ар тараптуу колдоо жана өз ара жардам көрсөтөт.
Келишим түзүүчү Тараптардын биринин коопсуздугуна, суверенитетине жана аймактык бүтүндүгүнө коркунуч туудурган кырдаал түзүлгөн учурда пайда болгон коркунучту натыйжалуу жоюуга өбөлгө түзгөн чараларды аныктоо максатында тиешелүү консультациялар эки тараптуу форматта да, Борбордук Азиянын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушууларынын алкагында да өткөрүлүшү мүмкүн.
6-берене
Келишим түзүүчү Тараптар мамлекеттер аралык мамилелерде өз ара күч колдонуудан же күч менен коркутуудан баш тартууга өтө берилгендигин ырастайт, Келишим түзүүчү Тараптарга каршы багытталган аскердик бирликтерге, блокторго же мамлекеттердин башка бирикмелерине кирбөөгө, ошондой эле Келишим түзүүчү Тараптардын бирине каршы багытталган аракеттерге катышпоого милдеттенет.
Талаш маселелер пайда болгон учурда Келишим түзүүчү Тараптар аларды өз ара урматтоо жана түшүнүү духунда диалог алкагында гана тынчтык дипломатиялык жол менен, анын ичинде зарыл болгон учурда тиешелүү өз ара аракеттенүү механизмдерин түзүү аркылуу чечет.
Келишим түзүүчү Тараптар өзүнүн аймактарын, коммуникация системаларын жана башка инфратүзүмүн үчүнчү мамлекеттер тарабынан Келишим түзүүчү Тараптардын биринин мамлекеттик суверенитетине, коопсуздугуна, туруктуулугуна, конституциялык түзүлүшүнө жана аймактык бүтүндүгүнө зыян келтирүү менен пайдаланууга жол бербөөгө милдеттенет.
7-берене
Келишим түзүүчү Тараптар Борбордук Азияда тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.
Келишим түзүүчү Тараптар өз ара кызыгууну жараткан маселелер боюнча аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты өнүктүрөт.
8-берене
Келишим түзүүчү Тараптар Бириккен Улуттар Уюмунда активдүү өз ара аракеттенет, эң абройлуу жана универсалдуу эл аралык уюм катары БУУнун борбордук ролун бекемдөөгө күч-аракетин жумшайт.
Келишим түзүүчү Тараптар башка эл аралык жана региондук уюмдардын алкагында кызматташтыкты кеңейтет, алардын кызыкчылыктарын козгогон маселелерди кароодо бири-бирине колдоо көрсөтөт жана зарыл болгон учурда эл аралык кырдаалдын актуалдуу маселелери боюнча өз позицияларын макулдашуу үчүн консультацияларды өткөрөт, ошондой эле Борбордук Азияда тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөө маселелеринде бирдиктүү макулдашылган позицияны карманат.
9-берене
Келишим түзүүчү Тараптар массалык кыргыз салуучу куралды жайылтпоо, Борбордук Азияда ядролук куралдан эркин зонаны мындан ары бекемдөө жаатындагы кызматташтыкты бекемдейт, ядролук куралсыздануу процесстерине активдүү катышат, массалык кыргыз салуучу куралдын бардык түрлөрүнүн жайылтылышын алдын алуу боюнча чараларды көрөт.
10-берене
Келишим түзүүчү Тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерге ылайык жаңы чакырыктарга жана коопсуздук коркунучтарына, анын ичинде терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, киберкылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга, адамдарды сатууга, курал-жарактын, баңги заттардын, психотроптук каражаттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүүдөгү кызматташтыкты кеңейтет жана тереңдетет.
Келишим түзүүчү Тараптар терроризм жана экстремизм идеологиясынын, биринчи кезекте жаштар арасында жайылышына каршы аракеттенүү үчүн күч-аракетин жумшайт жана диний сабырсыздыкты, ксенофобияны жана этностук басмырлоонун алдын алуу боюнча иштерди жүргүзөт.
11-берене
Келишим түзүүчү Тараптар өздөрүнүн аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлик бутактарынын ортосундагы кызматташтыкты колдойт, алардын ортосундагы, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринин саясий партияларынын, коомдук уюмдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чындоого көмөк көрсөтөт.
12-берене
Келишим түзүүчү Тараптар Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык, анын ичинде соода, инвестиция, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, логистика, энергетика, туризм жана өз ара кызыгууну жараткан башка чөйрөлөрдө кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрөт.
Келишим түзүүчү Тараптар Келишим түзүүчү Тараптардын бири мүчөсү болуп саналган эл аралык уюмдарга катышууда же кирүүдө бири-бирине колдоо көрсөтүү менен ар кандай эл аралык экономикалык, финансылык жана башка уюмдардын жана институттардын алкагына өз ара аракеттенет.
13-берене
Келишим түзүүчү Тараптар инвестициялык кызматташтыкты, анын ичинде инвестицияларга дем берүүнү жана өз ара коргоону, биргелешкен ишканаларды, логистикалык жана инфратүзүмдүк объекттерди түзүүнү, Борбордук Азия мамлекеттеринин улуттук экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө жана калкынын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууну өнүктүрөт.
Келишим түзүүчү Тараптар ишкердик жана башка чарбалык иш үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, алардын жарандарынын, ишканаларынын жана экономикалык кызматташтыктын башка субъекттеринин ортосунда биригүүнүн ар кандай формаларын жана түз байланыштарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.
14-берене
Келишим түзүүчү Тараптар жаңы темир жол, автомобиль, аба жана суу коммуникацияларын түзүү жана иштеп жаткандарын кеңири пайдалануу жолу менен, ошондой эле чек ара аралык ташууларда административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү аркылуу региондун транзиттик-транспорттук потенциалын андан ары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.
Келишим түзүүчү Тараптар продукциянын жана товарлардын транзитин жеңилдетүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу максатында Борбордук Азияда индустриалдык-логистикалык жана дүң бөлүштүрүү борборлору тармагын түзүү үчүн зарыл болгон чараларды көрөт.
15-берене
Келишим түзүүчү Тараптар региондор аралык жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана алардын административдик-аймактык бирдиктеринин ортосундагы соода-экономикалык, чарбалык, маданий жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтөт.
16-берене
Келишим түзүүчү Тараптар өз ара мамилелердин негизинде бири-биринин дипломатиялык, консулдук, соода жана башка расмий өкүлчүлүктөрүнүн ишин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөт.
17-берене
Келишим түзүүчү Тараптар Келишим түзүүчү Тараптар катышуучу болгон эл аралык келишимдерге ылайык, бардык Келишим түзүүчү Тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча кызматташтыкты кеңейтет.
18-берене
Келишим түзүүчү Тараптар айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу,
чөлгө айлануу жана климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү чөйрөлөрүндөгү кызматташтыкты өнүктүрөт.
Келишим түзүүчү Тараптар Борбордук Азия регионунун экологиялык системасын сактоо, биологиялык түрдүүлүктү калыбына келтирүү, ошондой эле биринчи кезекте табигый кырсыктардын тобокелдигине туш болушу мүмкүн болуучу аймактарда жайгашкан уран калдыктарын рекультивациялоо аракеттерин координациялайт.
Келишим түзүүчү Тараптар алардын аймактарында табигый кырсыктарды, ири аварияларды жана техногендик кырсыктарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча өз ара жардам көрсөтүшөт, ошондой эле экологиялык кырсыктардын жана жаратылышка антропогендик таасир этүүнүн кесепеттери менен күрөшүү жаатында кызматташтыкты өнүктүрөт.
19-берене
Келишим түзүүчү Тараптар Арал деңизи бассейнинин жана Арал деңизи райондорунун экологиялык системасын калыбына келтирүү ишинде аракеттерди бириктирет жана координациялайт, бул жаатта эл аралык жана региондук программаларды иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда өз ара аракеттенет.
Келишим түзүүчү Тараптар Борбордук Азиянын бардык мамлекеттеринин кызыкчылыктарын эске алуу менен Аралды куткаруу Эл аралык фондунун уюштуруу түзүмүн жана келишимдик-укуктук базасын өркүндөтүү боюнча зарыл болгон аракеттерди жумшайт.
20-берене
Келишим түзүүчү Тараптар билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтет.
Бул максатта Келишим түзүүчү Тараптар өз ара аракеттенет жана кадрларды даярдоо, илимпоздор, адистер жана студенттер менен алмашуу чөйрөсүндө жагымдуу шарттарды түзөт, билим берүү мекемелеринин ортосунда кызматташууга, анын ичинде биргелешкен окутуу программаларын иштеп чыгуу максатында жана өз ара кызыгууну жараткан башка багыттар боюнча кызматташууга ар тараптан өбөлгө түзөт.
21-берене
Келишим түзүүчү Тараптар заманбап илимдин, техниканын жана технологиялардын жетишкендиктерин пайдаланып, фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөр жаатында кызматташууну тереңдетет, улуттук илимдер академияларынын, илимий борборлордун жана жогорку окуу жайларынын ортосунда узак мөөнөттүү негизде илимий байланыштарды кеңейтүүгө көмөк көрсөтөт, жалпы программаларды жана долбоорлорду, анын ичинде санариптик жана нанотехнологиялар, жасалма интеллект жана башка инновациялык технологиялар чөйрөсүндөгү долбоорлорду жүзөгө ашырууну колдойт, биргелешкен илимий жана илимий-өндүрүштүк бирикмелерди, ошондой эле өзүнүн илимий объекттеринин базасында эл аралык борборлорду түзүүгө жана алардын ишине көмөк көрсөтөт.
22-берене
Келишим түзүүчү Тараптар космос мейкиндигин тынчтык максатында изилдөө жана пайдалануу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрөт, бул жаатта биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт жана алардын натыйжаларын бардык Келишим түзүүчү Тараптардын кызыкчылыгында пайдаланат.
Келишим түзүүчү Тараптар космос тармагында биргелешкен программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу максатында кадрларды даярдоо, илимпоздор, инженерлер жана техникалык адистер менен алмашуу чөйрөсүндө өз ара аракеттенет жана жагымдуу шарттарды түзөт.
23-берене
Келишим түзүүчү Тараптар маалыматтык-коммуникациялык чөйрөдөгү кызматташтыкты, анын ичинде тажрыйба алмашуу жана электрондук өкмөттү, экономиканын тармактарын санариптештирүүнү киргизүү жана өнүктүрүү боюнча башка өз ара аракеттенүүнү өнүктүрөт.
24-берене
Келишим түзүүчү Тараптар саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрөт.
Келишим түзүүчү Тараптар калктын саламаттыгын сактоо, эпидемияларга, табигый очоктуу жана башка коркунучтуу инфекцияларга каршы күрөшүү, медицина илимдерин өнүктүрүү, медицина жана фармацевтика багытындагы кадрларды даярдоо, саламаттык сактоону жана телемедицинаны өнүктүрүү чөйрөсүндө аралыктагы жаңы технологияларды киргизүү жаатында тажрыйба алмашуу боюнча биргелешкен чараларды көрөт.
Келишим түзүүчү Тараптар биргелешкен тренингдерди, окутууларды, семинарларды, конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле региондук программаларды жана долбоорлорду жүзөгө ашыруу жолу менен өз ара аракеттенүүсүн жана улуттук эпидемиологиялык кызматтардын тажрыйбасы менен алмашууну өнүктүрөт.
25-берене
Келишим түзүүчү Тараптар элдердин руханий жана маданий жалпылыгынын сакталышына бардык тараптан өбөлгө түзөт, Келишим түзүүчү Тараптардын аймактарында жашаган этностук топтордун этностук, тилдик, маданий жана диний өзүнчөлүгүн коргоону камсыз кылат, бул өзүнчөлүктү сактоо жана өнүктүрүү жана алардын маданий, социалдык жана экономикалык турмушка, Келишим түзүүчү Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык мамлекеттик иштерге тең катышуусу үчүн шарттарды түзөт.
Келишим түзүүчү Тараптар өздөрүнүн аймактарында башка Келишим түзүүчү Тараптардын маданий-агартуу жана маалыматтык иштерди жүргүзгөн жана алар турган мамлекеттин мыйзамдары менен белгиленген талаптарды сактоо менен улуттук-маданий бирикмелер менен байланыштарды колдогон маалыматтык-маданий борборлордун ишин колдойт.
Келишим түзүүчү Тараптар Борбордук Азия мамлекеттеринин жалпы маданий жана тарыхый мурастарын илгерилетүү жана популярдаштыруу үчүн эл аралык аянтчаларда биргелешкен аракеттерди көрөт.
Түзүлгөн тарыхый жалпылыктын жана улуттар аралык байланыштардын негизинде бирдиктүү маданий мейкиндикти бекемдөө максатында Келишим түзүүчү Тараптар Борбордук Азия мамлекеттеринин маданият, адабият жана искусство ишмерлеринин ортосундагы байланыштарга өбөлгө түзөт.
26-берене
Келишим түзүүчү Тараптар алардын аймагында турган же убактылуу жашаган башка Келишим түзүүчү Тараптардын жарандарынын мыйзамдуу укуктарынын жана кызыкчылыктарынын корголушуна кепилдик берет, бири-биринин жарандарына карата миграциялык талаптарды андан ары жеңилдетүү боюнча чара көрөт.
Келишим түзүүчү Тараптар өздөрүнүн аймагында болгон же жүргөн башка Келишим түзүүчү Тараптардын жарандарынын мыйзамдуу укуктарынын жана кызыкчылыктарынын Келишим түзүүчү Тараптардын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык корголушуна кепилдик берет.
27-берене
Туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында Келишим түзүүчү Тараптар Борбордук Азияны бирдиктүү маданий-тарыхый регион жана туристтик бренд катары илгерилетүү боюнча биргелешкен аракеттерди көрөт.
28-берене
Ушул Келишимди аткаруу максатында Келишим түзүүчү Тараптар кызматташуунун өз ара кызыгууну жараткан конкреттүү жааттарында эл аралык жана башка документтерди кабыл алат.
29-берене
Ушул Келишим катышуучусу болуп эсептелген башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Келишим түзүүчү Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
30-берене
Келишим түзүүчү Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Келишимге анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана өзүнчө протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
31-берене
Ушул Келишимдин жоболорун чечмелөөдө же колдонууда талаш-тартыштар же пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Келишим түзүүчү Тараптар аларды консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечет.
32-берене
Бул Келишим белгисиз мөөнөткө түзүлөт.
Бул Келишим Келишим түзүүчү Тараптардын ратификациялануусуна тийиш жана депозитарий тарабынан акыркы ратификациялык грамота алынгандан кийин отузунчу күнү күчүнө кирет.
Бул Келишим БУУнун Уставынын 102-беренесине ылайык БУУнун Катчылыгында катталууга тийиш.
Келишим түзүүчү Тараптардын ар бири депозитарийге бул жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоо менен ушул Келишимден чыгууга укуктуу.
Келишим түзүүчү Тарапка карата бул Келишим депозитарий тарабынан мындай кабарлоо алынган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин аракетин токтотот.
Депозитарий башка Келишим түзүүчү Тараптарга бул Келишим түзүүчү Тарапка карата ушул Келишимдин аракети токтотулгандыгы жөнүндө маалымдайт.
Бул Келишимдин депозитарийи болуп Казакстан Республикасы саналат.
Депозитарий Келишим түзүүчү Тараптардын ар бирине ушул Келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жөнөтөт.
2022-жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында бир түп нускада казак, кыргыз, тажик, түркмөн, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Келишимдин жоболорун чечмелөө үчүн Келишим түзүүчү Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылат.
Казакстан Республикасы үчүн |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасы үчүн |
|
|
|
|
|
Тажикстан Республикасы үчүн |
|
|
|
|
|
Түркмөнстан үчүн |
|
|
|
|
|
Өзбекстан Республикасы үчүн |
|
|