Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 15-июлу № 393-т
Жогорку улуттук деңгээлдеги иш-чараларды өз убагында даярдоо жана ийгиликтүү өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргызстандын залкар жазуучусу жана коомдук ишмери, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасынын ээси Түгөлбай Сыдыкбековдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн.
4. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоо ишке тартылган мамлекеттик органдардын бюджетинин каражаттарынын, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |
Тиркеме |
Кыргызстандын залкар жазуучусу жана коомдук ишмери, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасынын ээси Түгөлбай Сыдыкбековдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы
Кызмат орду боюнча:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким;
"Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу" коомдук бирикмесинин төрагасы;
К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору;
"Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору;
"Эркин-Тоо" гезитинин башкы редактору.
Жекече:
Сыдыкбеков Сабырбек Түгөлбаевич - Түгөлбай Сыдыкбековдун уулу;
Тумонбаев Акылбек Тогузбаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Мусаев Сыртбай Жолдошевич - Улуттук илимдер академиясынын академиги;
Эсенгулова Анара - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, комузчу, "Түгөлбай Ата" эл аралык коомунун төрагасы;
Ибраимов Алихан Женишович - "Түгөлбай Ата" коомдук бирикмесинин мүчөсү;
Мамбетов Мукаш Саамалыкович - "Түп Айкөл" коомдук бирикмесинин төрагасы;
Акматалиев Абдылдажан Амантурович - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик;
Медералиев Жумабек Асекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын которуу жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы;
Садыкова Сымбат Зарылкановна - филология илимдеринин доктору, профессор;
Касымбекова Нурида Жумагуловна - И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу;
Абдырахманов Азамат Дюшебекович - скульптор.