Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 29-июлу № 406-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги менен Беларусь Республикасынын Улуттук интеллектуалдык менчик борборунун ортосундагы Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун расмий тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги менен Беларусь Республикасынын Улуттук интеллектуалдык менчик борборунун ортосундагы Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө
ӨЗ АРА ТҮШҮНҮШҮҮ ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жана Беларусь Республикасынын Улуттук интеллектуалдык менчик борбору,
Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү каалап,
интеллектуалдык менчик объекттерин натыйжалуу коргоонун жана мындай объекттерге укуктарды коргоонун зарылдыгын түшүнүп,
интеллектуалдык менчиктин колдонулуп жаткан системаларын бекемдөө максатында Тараптардын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө умтулуп,
интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү макулдашылган саясатты жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугун таанып,
төмөнкү маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө келишти:
1- берене
Ушул Меморандумдун максаты болуп Тараптардын административдик процесстерин өркүндөтүү жана интеллектуалдык менчик системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Тараптардын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун багыттарын аныктоо саналат.
2- берене
Ушул Меморандум интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү кызматташуунун төмөнкү багыттарын камтыйт:
интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды коргоо жана мындай объекттерге укуктарды коргоо системасын өнүктүрүүнүн жана өркүндөтүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө маалымат менен алмашуу;
интеллектуалдык менчик объекттерин коммерциялаштыруунун укуктук, финансылык жана уюштуруу механизмдеринин системасын калыптандыруу жана өнүктүрүү чөйрөсүндөгү тажрыйбалар менен алмашуу;
интеллектуалдык менчик объекттерине укуктук коргоону берүү жол-жоболору, заманбап маалыматтык технологияларды колдонууга киргизүү, анын ичинде өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү, өтүнмөлөргө экспертиза жүргүзүудө жасалма интеллектти пайдалануу, патенттик издөө жүргүзүү жөнүндө маалымат жана тажрыйба менен алмашуу;
интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү кадрларды даярдоонун, кесиптик кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун, анын ичинде окуу визиттерин, такшалмаларды жана тренингдерди уюштуруу жолу менен улуттук жана мамлекеттер аралык системаларды өнүктүрүү;
интеллектуалдык менчикти популярдаштыруу, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү юридикалык сабаттуулукка жана укуктук маданиятка үйрөтүүгө көмөктөшүү;
"Беларусиядагы интеллектуалдык менчик" журналын популярдаштырууга көмөктөшүү, анын ичинде кыргыз авторлорунун жарыялоолорун жайгаштыруу аркылуу;
интеллектуалдык менчик объекттерин түзүүнү жана пайдаланууну өбөлгөлөө, университеттерде интеллектуалдык менчик саясатын киргизүү, технологияларды жана инновацияларды колдоо борборлорунун тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча маалымат жана тажрыйба менен алмашуу;
Тараптардын мамлекеттеринин кызыкдар субъекттеринин маалыматтык кабардар болуусун жогорулатуу максатында биргелешкен конференцияларды, семинарларды жана форумдарды өткөрүү;
патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн иши, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү талаш-тартыштарды кароо, интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды бузуудан келип чыккан зыянды баалоо жөнүндө маалымат менен алмашуу;
Тараптар менен макулдашылган кызматташуунун башка түрлөрү.
Тараптар ушундай маалымат берген Тарап аны пайдалануу же жайылтуу үчүн чектөөлөрдү же өзгөчө шарттарды белгилеген учурлардан тышкары, ушул Меморандумга ылайык алынган бардык маалыматты эркин башкара алат.
3-берене
Ушул Меморандумда каралган кызматташуунун негизги багыттары боюнча конкреттүү иш-чаралар жана аларды өткөрүүнүн түрлөрү Тараптардын ортосунда каттарды алмашуу аркылуу аныкталат.
4-берене
Ушул Меморандумдун алкагында кызматташуу үчүн зарыл болгон каржылоону Тараптардын макулдашылган кызматташуусунун конкреттүү пландарына ылайык анын мүмкүнчүлүктөрүнө жана өз ара кызыкчылыгына ылайык ар бир Тарап аныктайт.
5- берене
Тараптар Меморандумдун жоболорунун натыйжалуулугун үзгүлтүксүз негизде баалайт.
Ушул Меморандумга оңдоолор жана толуктоолор ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдорду түзүү аркылуу жазуу жүзүндө, Тараптардын өз ара макулдугу боюнча киргизилет.
Ушул Меморандумду колдонууга карата Тараптардын ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштар Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
6- берене
Ушул Меморандум ага кол койгон датадан тартып күчүнө кирет.
Ушул Меморандум 5 жылдык мөөнөткө түзүлдү жана эгерде Тараптардын бири да Меморандумдун күчүн токтотуу жөнүндө кезектеги беш жылдык мөөнөт аяктаганга чейин үч айдан кем эмес убакытта жазуу жүзүндө экинчи Тарапка кабарлабаса, кийинки беш жылдык мезгилге автоматтык түрдө узартылат.
Эгерде башкача каралбаса, орус тили кат алышуу жана баарлашуу тили катары пайдаланылат.
Бул Меморандум 2022-жылдын «_»________________,
ар бири кыргыз жана орус тилдеринде, бардык тексттери бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада түзүлдү.
Бул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги үчүн ________________________________ Директор | Беларусь Республикасынын Улуттук интеллектуалдык менчик борбору үчүн
_________________________ Башкы директор |