Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 28-июлу № 403-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.М. Бакиров тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы: |
А.У.Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 403-т тескемеси менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.М. Бакиров тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.М. Бакиров тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары -Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоору менен жергиликтүү маанидеги инфратүзүм объекттерин өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттарды ишке ашырууга жер казынасын пайдалануучулардын чегерүүлөрүнүн өлчөмүн көбөйтүүнүн эсебинен мамлекеттик бюджетке чогултулуучу каражаттардын көлөмүн көбөйтүү сунушталууда.
Муну менен бирге пайдалуу кендердин айрым түрлөрү же аларды кайра иштетүү продуктулары даяр продукцияны өндүрүү, жумуштарды аткаруу жана/же кызматтарды көрсөтүү үчүн компоненттер катары пайдаланылат. Мисалы: цемент өндүрүү үчүн пайдалуу кендерге кирген чопо жана акиташ колдонулат. Мында Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 128-беренесине ылайык цементти сатуу көлөмү бул чегерүүлөрдүн өлчөмүн аныктоодо эсепке алынбайт, анткени цемент пайдалуу кендерге кирбейт. Алкоголдук, алкоголсуз жана улуттук суусундуктарды өндүрүү үчүн жер астындагы суу пайдаланылат, ал дагы пайдалуу кендерге кирет. Аталган суусундуктарды сатуунун көлөмү да бул чегерүүлөрдүн өлчөмүн аныктоодо эске алынбайт. Мындан тышкары кызматтарды көрсөтүү (мончо, сауна, бассейн ж.б.) жана техникалык муктаждыктар үчүн колдонууда алынуучу жер астындагы суулардын көлөмү бул чегерүүлөргө кирбей калат, ошол эле учурда жер астындагы сууларды сатуунун көлөмү эсептөө объекти болуп саналат, демек ишкердик субъекттерге бирдиктүү мамиле кылуу принциби бузулууда.
Ошондой эле салык салуунун адилеттүүлүгүн сактоо максатында роялти үчүн салыктык база пайдалуу кендерди кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган, сатылган продукциянын наркы боло албай тургандыгын белгилей кетуү керек.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексине тактоочу оңдоолор киргизилген. Алсак, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясына ылайык роялти үчүн салыктык база болуп төмөнкүлөр саналат:
- пайдалуу кендерди сатуу учурунда - сатуудан түшкөн акча;
- пайдалуу кендерди кайра иштетүү учурунда пайдалуу кендердин өздүк наркы.
Маалымат иретинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна (2022-жылдын 26-майындагы № 18-15088 кат) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга чегерүүлөрдү кыйыр салыктарды эсепке албаганда, пайдалуу кендерди жана/же аларды кайра иштетүү продуктуларын сатуудан түшкөн акчанын 2 пайызы өлчөмүндө төлөөнү караган "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору киргизилгенин билдиребиз.
Эгерде төлөөчү өзү казып алган пайдалуу кендер же аларды кайра иштетүү продуктулары даяр продукцияны өндүрүү, жумуштарды аткаруу жана/же кызматтарды көрсөтүү үчүн компоненттер катары пайдаланылган учурда чегерүүлөр колдонулган пайдалуу кендердин өздүк наркынын 2 пайызы өлчөмүндө төлөнөт.
"Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2022-жылдын 13-июнундагы корутундусуна ылайык биринчи окууда жактырылган.
Баяндалгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аталган Мыйзамдын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.