Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 8-августу № 422-т
2022-жылы Түркия Республикасынын аймагында өткөрүлө турган төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргыз Республикасынын катышуусуна өз убагында даярдык көрүүнү камсыз кылуу максатында:
1. Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) кызмат орду боюнча тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети:
- оперативдүү тартипте төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга даярдык көрүү боюнча ведомстволор аралык жумуш планын бекитсин;
- 2022-жылдын 25-августуна чейинки мөөнөттө төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий жана спорттук бөлүгү боюнча катышуучулардын тизмесин бекитсин;
- пландалган иш-чаралардын негизинде чыгымдардын сметасын түзсүн жана бекитсин.
3. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн.
4. Уюштуруу комитетине министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды суроого укук берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы өз компетенциясынын чегинде ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
6. Министрликтердин жана ведомстволордун иш-чараларга даярдык көрүүгө тартылган чыгымдары 2022-жылдын бюджетинин чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүн күн сайын чагылдыруу сунушталсын.
8. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
| А.Касымалиев |
Тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блокту тейлөөчү орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти;
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын башчысы;
"Көк-Бөрү" (Улак-тартыш) федерациясы" коомдук бирикмесинин президенти;
Дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясынын долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча).
|
|