Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 22-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 8-августу № 423-т
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы Айыл чарба жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы Айыл чарба жаатында кызматташуу жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министрлиги,
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасын бириктирип турган достук мамилелерди көңүлгө алуу менен айыл чарба жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү өз ара каалоону эске алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын алкагында ишенимдин, теңдиктин жана өз ара кызыкчылыктын негизинде айыл чарба жаатында кызматташууну жүзөгө ашырат, ошондой эле эки мамлекеттин тең тиешелүү чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.
2-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жана өз компетенциясынын чегинде төмөнкү багыттарда кызматташат:
- өсүмдүк өстүрүүчүлүк, анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгү;
- агроөнөр жай өндүрүшүн механизациялоо жана автоматташтыруу;
- айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү;
- органикалык айыл чарба;
- инвестициялык кызматташтык;
- айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндө маалымат алмашуу;
- кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
- агрардык изилдөөлөр жана айыл чарбалык билим берүү жаатында кызматташуу.
Кызматташтыктын башка багыттары Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча киргизилиши мүмкүн.
3-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында төмөнкүдөй формаларда кызматташууну жүзөгө ашырат:
- өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык айыл чарба жаатында ченемдик укуктук актылар жана стандарттар менен алмашуу;
- өзбек пахтасынын, жүзүмүнүн, мөмө-жемиштеринин, жашылча өсүмдүктөрүнүн селекциясынын жаңы сортторуна расмий сыноолорду жүргүзүү, ошондой эле өсүмдүктөрдүн генетикалык материалдарын алмашуу;
- айыл чарба жаатында иш жүргүзгөн илимий-изилдөө институттары менен кызматташууну кеңейтүү;
- биргелешкен изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар, адистер менен алмашуу, өз ара кызыкчылыкты билдирген проблемалар боюнча жолугушууларды уюштуруу;
- Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында өткөрүлүүчү иш-чараларга катышуу (көргөзмөлөр, семинарлар, конференциялар ж.б.);
- техникалык жөнгө салуу, санитардык жана фитосанитардык чаралар жаатында маалымат алмашуу жана өз ара аракеттенүү.
Кызматташтыктын башка түрлөрү Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча аныкталышы мүмкүн.
4-берене.
Эгерде ар бир конкреттүү учурда башкача тартип макулдашылбаса, Тараптар ушул Макулдашууну аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан чыгымдарды өз алдынча тартат.
5-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча ишти координациялоо максатында Тараптар биргелешкен Жумушчу топту түзөт, ал кызматташуунун конкреттүү долбоорлорун жана программаларын карайт, аларды ишке ашыруу тартиби боюнча сунуштарды киргизет.
Жумушчу топтун жолугушуулары Тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча өткөрүлөт.
6-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө же аткарууга байланышкан пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечилет.
7-берене.
Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча ушул Макулдашууга анын ажырагыс курамдык бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн жана ушул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык күчүнө кирет.
8-берене.
Бул Макулдашуунун жоболору Тараптардын мамлекеттери катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу алардын укуктарына жана милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт.
9-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу ниети жөнүндө Тараптардын бири учурдагы беш жылдык мезгил бүткөнгө чейин алты айдан кечиктирбестен дипломатиялык каналдар аркылуу, жазуу жүзүндө экинчи Тарапка кабарлабаса, акыркы беш жылдык мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат.
____________ шаарында 2022-жылдын "___" ___________ ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги тексти артыкчылыктуу күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министрлиги үчүн |