Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 25-январы № 22-т
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы Айыл чарба жаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-августундагы № 423-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы Айыл чарба жаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө макулдашуу
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министрлиги,
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы салтка айланган достук байланыштарды андан ары чыңдоо максатында,
айыл чарба жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү өз ара каалоону эске алып,
кыйла кеңири негизде узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүү Тараптардын өз ара кызыкчылыктарына жооп берет деп ишенип,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын алкагында ишенимдин, тең укуктун жана өз ара кызыкчылыктын негизинде айыл чарба жаатындагы кызматташтыкты жүзөгө ашырат, ошондой эле эки мамлекеттин тиешелүү чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.
2-берене
Тараптар өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жана өз компетенциясынын чегинде төмөнкү багыттарда кызматташат:
- өсүмдүк өстүрүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн агротехнологиясы, мелиорация, анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгү;
- ветеринардык контроль (көзөмөл), карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо;
- айыл чарба жана азык-түлүк продукцияларын жана аны кайра иштетүү продуктуларын: өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылыгы, тоң май, кондитердик, балчылык, аквакультура, алкоголсуз суусундуктар, ошондой эле жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган чийки заттарды кайра иштетүү продукциялары менен өз ара соода жүргүзүү;
- айыл чарбасын санариптештирүү жана айыл чарба өндүрүшүнө заманбап инновациялык технологияларды киргизүү;
- агроөнөр жай өндүрүшүн механизациялоо жана автоматташтыруу, анын ичинен жаңы технологияларды жана жабдууларды долбоорлоо жана сыноо;
- айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү;
- органикалык айыл чарбасы;
- инвестициялык кызматташтык;
- айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндө маалымат алмашуу;
- айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы, мал чарбачылыгы, ветеринария жаатындагы адистерди, агроөнөр жай комплекси уюмдарынын жетекчилерин жана адистерин даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
- агрардык изилдөөлөр жана айыл чарбалык билим берүү жаатында кызматташтык;
- ветеринардык медицина жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен өндүрүштүк жана соода уюмдарын түзүү;
- эки өлкөнүн чек арага жакын райондорунда өсүмдүктөрдүн ооруларына жана зыянкечтерине, ошондой эле чегирткелерге каршы күрөшүү боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү;
- интенсивдүү багбанчылыкты өнүктүрүү жана Тараптардын ведомстволук түзүмдөрүнүн ортосунда кызматташтыкты жөнгө салуу.
Кызматташтыктын башка багыттары Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча киргизилиши мүмкүн.
3-берене
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында төмөнкүдөй формаларда кызматташууну жүзөгө ашырат:
- өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы жаатындагы ченемдик укуктук актылар жана стандарттар менен алмашуу;
- өзбек пахтасынын, жүзүмүнүн, дан өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиштеринин, жашылчаларынын селекциясынын жаңы сортторуна расмий түрдө сыноолорду жүргүзүү, ошондой эле өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары менен алмашуу;
- тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы уюмдарынын ортосундагы өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүүгө жана илгерилетүүгө, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
- айыл чарба жаатында иш жүргүзгөн илимий-изилдөө институттары менен кызматташууну кеңейтүү;
- жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары менен күрөшүү жана алардын алдын алуу чаралары жөнүндө маалымат алмашуу;
- жаныбарларды, жаныбарлардан алынган азыктарды жана чийки заттарды, жаныбарлар үчүн тоюттарды, ветеринардык дары каражаттарын жана жаныбарлардан алынган коллекциялоо предметтерин ташып келүүдө, ташып чыгууда жана транзиттөөдө ветеринардык-санитардык талаптар жөнүндө маалымат алмашуу;
- мал үчүн тоют өндүрүүгө жаңы технологияларды киргизүү жана табигый жайыттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- багылуучу малдын породалык жана продуктивдүү сапаттарын жакшыртуу боюнча селекциялык-асыл тукум иштерин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
- биргелешкен изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар, адистер менен алмашуу, өз ара кызыкчылыкты билдирген проблемалар боюнча жолугушууларды уюштуруу;
- Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында өткөрүлүүчү иш-чараларга катышуу (көргөзмөлөр, семинарлар, конференциялар ж.б.);
- техникалык жөнгө салуу, санитардык жана фитосанитардык чаралар жаатында маалымат алмашуу жана өз ара аракеттенүү.
Кызматташтыктын башка түрлөрү Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча аныкталышы мүмкүн.
4-берене
Эгерде ар бир конкреттүү учурда башкача тартип макулдашылбаса, Тараптар ушул Макулдашууну аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан чыгымдарды өз алдынча тартат.
5-берене
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча иштерди координациялоо максатында Тараптар биргелешкен Жумушчу топту түзөт, ал кызматташуунун конкреттүү долбоорлорун жана программаларын карайт жана аларды жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө сунуштарды киргизет.
Жумушчу топтун жолугушуулары Тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча өткөрүлөт.
6-берене
Тараптар бул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында алынган маалыматты бул маалыматты берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугу жок үчүнчү тарапка беришпейт.
7-берене
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө же аткарууга байланышкан пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечилет.
8-берене
Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча ушул Макулдашууга анын ажырагыс курамдык бөлүгү болуп саналган, өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү жана ушул Макулдашуунун 10-беренесине ылайык күчүнө кирүүчү өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
9-берене
Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу алардын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
10-берене
Бул Макулдашуу кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде Тараптардын бири өзүнүн ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө башка Тарапка жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар аркылуу учурдагы беш жылдык мезгил аяктаганга чейин алты айдан кечиктирбестен кабарлабаса, кийинки беш жылдык мезгилге автоматтык түрдө узартылат.
2023-жылдын "__" __________ Бишкек шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө карата пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министрлиги үчүн |
_________________________ |
| _________________________ |