Загрузка документа…
КР Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы ПТ № 103 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| ||
|
| Тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-июлундагы ПТ № 136 тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген аткаруу бийлигинин органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарындагы (республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери) бош кызмат орундарына талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында тандоонун тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген аткаруу бийлигинин органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарындагы (республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери) бош кызмат орундарына талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында (мындан ары - Президенттин Администрациясы) тандоонун тартибин аныктайт.
2. Талапкерлердин белгиленген квалификациялык талаптарга шайкештигин текшерүү жана талапкерлерди тандоонун жол-жобосу
2. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген аткаруу бийлигинин органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарындагы (республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери) бош кызмат орундарына талапкерлерди Президенттин Администрациясында тандоо мыйзамдарда белгиленген тартипте келип түшкөн сунуштардын (мындан ары - сунуш) негизинде жүзөгө ашырылат.
Сунушка төмөнкүлөр тиркелет:
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча резюме;
- паспорттун көчүрмөсү;
- кесиптик билиминин бардыгын, окумуштуулук даражасы, окумуштуулук наамы ыйгарылгандыгын ырастоочу белгиленген үлгүдөгү документтер (нотариалдык же иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн дипломдордун жана сертификаттардын көчүрмөлөрү);
- нотариалдык же иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- соттуулугунун жок экендиги жөнүндө маалымкат;
- тартиптик жазаны алгандыгы/албагандыгы жөнүндө маалымат (иштеп жаткан кызматкерлерге карата).
3. Келип түшкөн сунуштар Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүндө (мындан ары - канцеляриянын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү) алар түшкөн күнү милдеттүү тартипте каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
Сунуштар канцеляриянын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кароосуна катталган күнү алардын номенклатурасына ылайык берилет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасы боюнча сунуштар канцеляриянын иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү тарабынан Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн кадрдык иштер секторуна (мындан ары - кадрдык иштер сектору) өткөрүп берилет.
4. Кадрдык иштер сектору:
- берилген документтердин толуктугун, аныктыгын, талапкердин (талапкерлердин) маалыматтарынын билим деңгээлине, иш стажына жана тажрыйбасына карата квалификациялык талаптарга ылайык келүүсүн текшерет;
- талапкерге (талапкерлерге) карата атайын текшерүүнү уюштурат;
- талапкер (талапкерлер) менен маектешүүлөрдү даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат.
5. Билиминин деңгээлине, стажына жана иш тажрыйбасына карата квалификациялык талаптарга жооп бербеген, ушул Жобонун 2-пунктунда каралган документтерди тапшырбаган, атайын текшерүүдөн өтпөгөн талапкерлер маектешүүгө киргизилбейт.
6. Аңгемелешүүгө киргизилген талапкерлерге кадрдык иш сектору аңгемелешүү өткөрүлө турган жери, күнү жана убактысы жөнүндө кабарлайт.
Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө талапкерлердин жеке жана кесиптик сапаттары жана алардын келечектеги иши, күтүүлөрү, мотивациясы тууралуу көз караштары такталат.
Аңгемелешүү үч этапта өткөрүлөт.
Биринчи этапта аңгемелешүүнү Президенттин Администрациясынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси жүргүзөт.
Экинчи этапта аңгемелешүүнү Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери жүргүзөт.
Үчүнчү этапта аңгемелешүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басары тарабынан жүргүзүлөт.
7. Аңгемелешүүнү өткөрүүнүн ар бир этабында ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча аңгемелешүү баракчасы толтурулат.
Талапкерге эскертүүлөр жана сунуштар болгон учурда аңгемелешүү баракчасына өзгөчө пикир менен кол коюлушу мүмкүн (негиздеме тиркелет).
8. Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча кадрдык иш секторунун башчысы талапкердин өздүк папкасын түзөт.
3. Сунуштарды киргизүү жана бош кызмат орундарга дайындоо
9. Бош кызмат орунга белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерди дайындоого сунуш кадрдык иш сектору тарабынан түзүлгөн өздүк папканы тиркөө менен Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына алардын номенклатурасына ылайык киргизилет.
10. Бош кызмат орунга дайындоо жөнүндө чечим алардын номенклатурасына ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кабыл алынат.
11. Бош кызмат орунга талапкерди дайындоо жөнүндө чечимдин долбоору кадрдык иштер сектору тарабынан белгиленген тартипте даярдалат.
4. Өздүк иш
12. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу кадрларга кадрдык иштер сектору өздүк иштерди түзөт.
Өздүк иште комплекттелүүчү документтердин тизмеги:
- кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы (өз колу менен оңдоолорсуз, булгабастан жана өчүрүүлөрсүз, коюлган бардык суроолорго жооптор менен толтурулат);
- өмүр баяны (өз колу менен, эркин формада, коюлган бардык суроолорго жооптор менен, чиймелөөсүз жана оңдоолорсуз жазылат);
- паспортунун көчүрмөсү;
- кесиптик билиминин бар экендиги, окумуштуулук даражасынын, илимий наамынын ыйгарылгандыгын ырастоочу белгиленген үлгүдөгү документтер (дипломдордун жана сертификаттардын нотариалдык же иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү);
- эмгек китепчесинин нотариалдык же иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- талапкерди кызмат ордуна сунуштаган тиешелүү мамлекеттик органдардын (министрликтердин, административдик ведомстволордун ж.б.) сунушу;
- кызыл фондо 3x4 см өлчөмүндөгү түстүү фотокарточкалар (4 даана);
- кызмат ордуна дайындоо, бекитүү, ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын жана тескемесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемесинин көчүрмөлөрү;
- биографиялык маалымкат (маалымкат-объективка) (маалыматтын бардык суроолоруна жооптор кыска жана толук болушу керек);
- соттуулугунун жок экендиги жөнүндө маалымкат.
13. Өздүк иште башка документтер да болушу мүмкүн: аскердик билетин, баланын туулгандыгы, никени бузуу тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү, мүнөздөмө, сыйлоо жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, токтомдор, жеке ишти кароо жөнүндө маалымкаттар, даттануулар, арыздар ж.б.
14. Бардык саналган документтер "Өздүк иш" папкасына тиркелет, ага белгилүү бир номер ыйгарылат. Өздүк иш кадрдык иштер секторунда сакталат.
15. Кызматкердин өздүк ишинде документтердин туура жана толук комплектелиши үчүн жоопкерчиликти кадрдык иштер секторунун кызматкерлери тартат.
|
| Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген аткаруу бийлигинин органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарындагы (республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери) бош кызмат орундарына талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында тандоонун тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкердин РЕЗЮМЕСИ
1. Фамилиясы ____________________________ Аты __________________________________ Атасынын аты _________________________ 2. Туулган датасы жана жери: _________________________________ _________________________________ | Фото |
| |||||
3. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы _____________ (ооба/жок) Башка мамлекеттин жарандыгы барбы: ____________ (ооба/жок), эгерде болсо, кайсы мамлекеттин экендигин көрсөтүңүз _____________________ | 4. Жашаган дареги: _____________________________ 5. Катталган жери боюнча дареги (4-пунктта көрсөтүлгөндөн айырмаланса) _____________________________
| 6. Байланыш маалыматтары: (телефон жана электрондук дарек) |
| ||||
7. Класстык чен: ____________________ 8. Аскердик наамы: ____________________ | 9. Мамлекеттик/ведомстволук сыйлыктар жана сыйлоолор (аталышы, документтин номери жана берилген дата): | ||||||
10. Тилдерди билүүсү | Билүү деңгээлиңизди (эркин, базалык деңгээл: сөздүк менен, билбейм) көрсөтүңүз: |
| |||||
окуу | жазуу | сүйлөө | түшүнүү |
| |||
Мамлекеттик (кыргыз ) |
|
|
|
|
| ||
Расмий (орус) |
|
|
|
|
| ||
Чет тил (кайсы тилди көрсөтүңүз) |
|
|
|
|
| ||
Мамлекеттик тил боюнча сертификаттардын болушу (алынган датаны жана алган билиминин деңгээлин, баалоо шкаласын көрсөтүү менен) |
|
| |||||
11. Билими. Толук маалыматты келтириңиз: |
| ||||||
Окуу жайдын аталышы, жайгашкан жери, өлкө | Тапшырган жылы/айы | Аяктаган жылы/айы | Адистиги, окумуштуулук даражасы жана наамы | Аяктагандыгы/ ыйгарылгандыгы жөнүндө документтин аталышы жана номери |
| ||
|
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
|
| ||
12. Квалификациясын жогорулатуу курстары (тематика, орду, мөөнөтү)
|
| ||||||
13. Жарыялоолор (жарыялоолорду тиркебестен келтириңиз)
|
| ||||||
14. Эмгек иши. Бардык иштеген жерлерди эң акыркысынан баштап тескери тартипте тизмектеңиз. Ар бир кызмат орду үчүн өзүнчө блокту колдонуңуз. Эгер сизге көбүрөөк орун керек болсо, ушундай өлчөмдөгү кошумча барактарды тиркеңиз. Негизги функциялык милдеттердин кыскача баяндамасы акыркы үч иштеген жери үчүн көрсөтүлүшү керек. |
| ||||||
Жылы/айы | Жылы/айы | Ээлеген кызмат орду | Иштеген жеринин аталышы (мекеме, уюм, ишкана ж.б.) |
| |||
|
| ||||||
|
|
| |||||
15. Төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз: 1) Сиздин мыйзамда белгиленген тартипте алынган же жоюлган соттуулугуңуз барбы __________ (бар/жок); 2) Сизге карата соттун Сизди аракетке жөндөмсүз деп таануу же кызматчы катары иштөөгө же мамлекеттик кызматтын белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө тыюу салган чечими барбы ___________ (бар/жок) |
| ||||||
| |||||||
|
| Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген аткаруу бийлигинин органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарындагы (республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери) бош кызмат орундарына талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында тандоонун тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Аңгемелешүү БАРАКЧАСЫ
___________________________________________________________
(сунушталуучу талапкердин аты-жөнү)
___________________________________________________________________________________________
(кызмат ордунун аталышы)
Аты-жөнү | Ээлеген кызмат орду | Колу, дата | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
(*) Талапкерге карата сын пикирлер жана сунуштар болгон учурда аңгемелешүү баракчасына өзгөчө пикир жана негиздемени тиркөө менен кол коюлат.